Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жаштардын ою

Дүйнө жүзүндөгү жаштардын кандай кыйынчылыктарга дуушар болуп, алар менен кантип күрөшүп жатышканы жөнүндөгү видеотасмаларды көргүлө.

 

Ыйык Китепти окуу

Китеп окуу баарына эле жага бербейт, бирок Ыйык Китепти окуу арзый турган нерсе. Бул тасмада жаштар Ыйык Китепти окуудан кандай пайда алып жатышканын айтып беришет.

Кудайга ишенүү

Үч мүнөттүк ушул тасмада жаштар Жараткандын бар экенине эмне үчүн ишенерин айтып беришет.

Жашоодогу эң мыкты жол

Жашооңдун кызыктуу болушун каалайсыңбы? Анда Камерондун мурун өзү барам деп ойлобогон өлкөдө кызыктуу күндөрдү өткөрүп жатканы жөнүндө айтып бергендерин угуп көр.

Акча

Акчаны чогултуу, кармоо, үнөмдөөгө байланыштуу кеңештерге кулак как.

Ден соолук

Сен үчүн туура тамактануу, көнүгүү жасоо кыйынбы? Бул тасмада жаштардын ден соолугуна кантип көрөрү көрсөтүлөт.

Сырткы көрүнүш

Жаштарга сырткы көрүнүшкө карата тең салмактуу көз карашта болуу эмне үчүн оңой эмес? Бул жагынан аларга эмне жардам берет?

Кийинкиге калтыра берүү

Жаштардын кийинкиге калтыра берүүнүн кесепеттери жана иштерди өз убагында бүтүрүүнүн пайдалары жөнүндө айткандарын угуп көр.

Чөнтөк телефон

Көптөгөн жаштар үчүн чөнтөк телефон жөн эле телефон эмес. Ал жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Чөнтөк телефондун кандай оң, терс жактары бар?

Сексуалдык асылуу

Беш кыз сексуалдык асылууга эмнелер кирерин жана ага туш болгондо эмне кылса болорун айтып берет.