Мазмунун көрсөтүү

Байыркы учурдагы мөөрлөр кандай болгон?

Байыркы учурдагы мөөрлөр кандай болгон?

Мөөрлөр кичинекей болгон жана анын бетиндеги чегилген сүрөт же жазуу, адатта, жумшак чопого же момго түшүрүлчү. Мөөрлөр ар кандай формада, анын ичинде конус, чарчы, цилиндр жана жаныбардын башынын формасында болчу. Мөөр кайсы бир нерсенин кимге таандык экенин же документтин аныктыгын тастыктачу. Ошондой эле ал мүшөк же кайсы бир нерсе ачылбашы керектигин көрсөтүүдө, алсак, эшиктердин же мүрзөлөрдүн оозу ачылбашы керектигин көрсөтүүдө да колдонулчу.

Персиянын падышасы Дарий Iнин цилиндр формасындагы мөөрү жана анын аңчылыкта жүргөнү чагылдырылган чопого басылган мөөрү

Мөөрлөр ар кандай материалдардан, анын ичинде сөөктөн, акиташтан, металлдан, чала асыл таштардан же жыгачтан жасалчу. Мөөргө кээде мөөрдүн ээсинин жана анын атасынын аты чегилип жазылчу. Айрым мөөрлөрдө ээсинин наамы көрсөтүлчү.

Документтин аныктыгын тастыкташ үчүн мөөрдүн ээси документке куюлган жумшак чопого, момго же дагы башка жумшак затка мөөрүн басчу (Аюп 38:14). Бул документтин аныктыгын ырастап, кимдир бирөөнүн аны талашка салышынан коргочу.

Кимдир бирөөгө бийлик берилгенде да колдонулчу

Адам өзүнүн мөөрүн башка кишиге да бере алчу. Бул анын ага өзү ээ болгон бийлигин бергенин билдирчү. Буга байыркы Мисирдин (Египет) фараону менен Жакыптын уулу Жусупту мисал кылсак болот. Жусуп Мисирде кул болуп жүргөн. Кийинчерээк ал адилетсиз түрдө түрмөгө камалып калган. Арадан убакыт өткөндөн кийин фараон аны бошотуп, өзүнөн кийинки эле орунга дайындаган. Ыйык Китепте фараондун «колундагы мөөр шакегин чечип, Жусуптун колуна салганы» айтылат (Башталыш 41:42). Мөөр шакек мамлекеттик мөөр болуп эсептелгендиктен, Жусуп эң маанилүү иштерди кылууга укуктуу болуп калган.

Байыркы Ысрайылдын канышасы Изабел Набот деген кишини өлтүртүш үчүн күйөөсүнүн мөөрүн колдонгон. Ал Ахап падышанын атынан аксакалдарга бир нече кат жөнөтүп, бейкүнөө Наботко Кудайга акарат кылды деп жалаа жабууга буйрук берген. Изабел каттарга Ахаптын мөөрүн басып, арам оюн ишке ашырган (1 Падышалар 21:5—14).

Персиянын падышасы Акашберош чыгарылган буйрукту тастыкташ үчүн мөөр шакегин берчү (Эстер 3:10, 12).

Ыйык Китепти жазууга катышкан Некемия ысрайылдык төрөлөрдүн, лебилердин жана дин кызматчылардын жазуу түрүндөгү келишимдерди мөөрү менен бекитишкенин жазган (Некемия 1:1; 9:38).

Ыйык Китепте эшик да мөөр менен бекитилгенин көрсөткөн эки окуя жөнүндө айтылат. Алсак, Даниел пайгамбар арстандар жаткан орго ташталганда, «таш алып келип, ордун оозун жаап» коюшкан. Анан Мадай менен Персияны башкарган Дарий падыша «Даниелге чыгарылган өкүм өзгөртүлбөшү үчүн,.. ташты өзүнүн мөөр шакеги менен, төрөлөрүнүн мөөр шакеги менен бекиткен» (Даниел 6:17).

Иса Машаяктын сөөгү мүрзөгө коюлганда, анын душмандары «мүрзөнүн оозундагы ташка мөөр басып, мүрзөнү бекитишкен» (Матай 27:66). Эгер ал мөөр Рим өкмөтүнө таандык болсо, Матай китебине байланыштуу пикирин билдирген Дэвид Тёрнердин айтканына ылайык, «тоголотулуп келген таш менен мүрзөнүн оозунун ортосундагы жылчык чопо же мом менен шыбалып, ага мөөр басылышы мүмкүн».

Байыркы убактагы мөөрлөр эзелки замандан маалымат бергендиктен, археологдор менен тарыхчылардын кызыгуусун арттырууда. Мөөрлөрдү изилдеген, сигиллография деп аталган илимге, чынында, көбүрөөк маани бериле баштады.