Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Адамдын өлөр күнү алдын ала белгиленеби?

Адамдын өлөр күнү алдын ала белгиленеби?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Жок. Адамдын өлөр күнү алдын ала белгиленбейт. Ыйык Китепте адамдын жашоосу бешенеге жазылат деп айтылбайт. Анда адамдын «күтүлбөгөн убакта күтүлбөгөн жагдайга кабылып», өмүрүнөн айрылып калышы мүмкүн экени айтылат (Насаатчы 9:11).

Анда эмнеге Ыйык Китепте «өлө турган убак бар» деп айтылат?

Ооба, Насаатчы 3:2де: «Төрөлө турган убак бар, өлө турган убак бар; отургуза турган убак бар, отургузулганды жула турган убак бар»,— деп жазылган. Бирок бул аяттын контекстинен күнүмдүк турмушта кайталана берчү нерселер гана саналып жатканын билүүгө болот (Насаатчы 3:1—8). Кудай дыйкандын үрөн себе турган убактысын белгилебегендей эле, адамдын өлө турган күнүн да белгилебейт. Жогорудагы аятта тек гана Жараткан Кудайды унутуп, түйшүккө баш-отубуз менен берилип кетпешибиз керектиги баса белгиленет (Насаатчы 3:11; 12:1, 13).

Өмүрдү узартуу мүмкүн

Канча өмүр сүрөрүбүздү билбесек да, акылдуу чечим чыгаруунун аркасында өмүрүбүздү узарта алабыз. Анткени Ыйык Китепте: «Акылмандын мыйзамы — өлүмдүн тузактарынан сактай турган өмүр булагы»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 13:14). Муса пайгамбар да ысрайылдыктарга, эгер алар Кудайдын буйруктарын аткарышса, «узак өмүр сүрүшөрүн» айткан (Мыйзам 6:2). Ал эми жаман иш кылуу, акылсыз чечим чыгаруу мезгилсиз өлүмгө алып келиши мүмкүн (Насаатчы 7:17).

Анткен менен канчалык акылдуу, канчалык туура чечим чыгарбайлы, ажалдан качып кутула албайбыз (Римдиктер 5:12). Бирок жакында жагдайыбыз өзгөрөт, себеби Ыйык Китепте «өлүм болбой» турган заман келери айтылган (Аян 21:4).