Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Бири-бирин сүйгөндөргө никеге турбай эле чогуу жашаганга болобу?

Бири-бирин сүйгөндөргө никеге турбай эле чогуу жашаганга болобу?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте «бузуктук... кылып жүргөндөрдү Кудай соттой» турганы так-даана эле жазылган (Еврейлер 13:4). Ыйык Китептин түп нускасындагы «бузуктук» деп которулган порнейа (грек тилинде) деген сөз никеге чейинки жыныстык мамилеге карата да колдонулат. Демек, эки кишинин атүгүл кийинчерээк никеге турабыз деген ою бар болсо да, никеге турмайын чогуу жашаганы Кудайдын алдында күнөө болуп эсептелет.

Ал эми экөө бири-бирин аябай сүйсөчү? Ошондой болгон күндө да, Кудайдын талабына ылайык, алар алгач никеге турушу керек. Адамдарга сүйүү сезимин Кудай берген. Кудайдын эң негизги сапаты да — сүйүү (1 Жакан 4:8). Адамдарга сүйүү сезимин Кудай бергендиктен ал алардан чогуу жашаганга чейин никеге турууну талап кылууга укуктуу.

 

Көбүрөөк билиңиз

БАКТЫЛУУ ҮЙ-БҮЛӨЛӨРДӨН БОЛО АЛАСЫҢАР

Бактылуу болуш үчүн Кудайдан жардам издегиле

Эки жөнөкөй эле суроонун үстүнөн ой жүгүртүү никеңерди бекемдөөгө жардам бере алат.