Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык Китепте Хеллоуин майрамы жөнүндө эмне делет?

Ыйык Китепте Хеллоуин майрамы жөнүндө эмне делет?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте Хеллоуин майрамы жөнүндө эч нерсе айтылган эмес. Ошентсе да ал майрамдын келип чыгышынан жана анын азыркы учурдагы майрамдоо салттарынан анын өлгөндөр жана көзгө көрүнбөгөн рухтар же жиндер жөнүндөгү жалган окууга негизделгенин көрүүгө болот. («Майрамдын келип чыгышы жана аны белгилөө каадалары» деген бөлүмчөнү карагыла.)

Кудай өзүнүн элине: «Элиңдин арасында... өлгөндөрдү чакыргандарга кайрылгандар,.. өлгөндөр менен сүйлөшкөндөр болбосун»,— деп эскерткен (Мыйзам 18:10—12). Айрымдарга Хеллоуин жөн эле зыянсыз оюн-зооктой көрүнөт, бирок Ыйык Китептен чынында андай эмес экенин билүүгө болот. Анткени анда: «Силердин жиндер менен үлүштөш болушуңарды каалабайм. Силер бир эле учурда Теңирдин да, жиндердин да чөйчөгүнөн иче албайсыңар»,— деп жазылган (1 Корунттуктар 10:20, 21, «Үмүт нуру» котормосу).

Майрамдын келип чыгышы жана аны белгилөө каадалары

  1. Самайн. «Уорлд бук энциклопедиясына» ылайык, Хеллоуин майрамы, сыягы, «мындан 2 000 жылдан ашуун убак мурун кельттер майрамдаган байыркы бутпарас Самайн майрамынан» келип чыккан. «Кельттер бул майрамдын учурунда өлгөндөр тирүүлөрдүн арасында жүрө алат, ал эми тирүүлөр өлгөндөргө жолуга алат деп ишенишкен». Бирок Ыйык Китепте өлгөндөрдүн «эч нерсе билбей» турганы ачык эле айтылган (Насаатчы 9:5). Демек, өлгөндөр тирүүлөр менен байланышышы мүмкүн эмес.

  2. Майрамдык кийимдер, момпосуйлар жана коркутуп-үркүтүү салты. Бир китепке ылайык, кельттердин айрымдары жер кезип кыдырып жүргөн каардуу рухтарды адаштырыш үчүн жана ал рухтар аларга зыян келтирбеши үчүн майрам учурунда жиндерге окшоп кийинип алышчу. Башкалары жиндерди жоошутуш үчүн аларга момпойсуйларды тартуу кылышчу. Орто кылымдарда Европадагы католик дининин төбөлдөрү жергиликтүү бутпарас элдердин каадаларын, анын ичинде коркунучтуу кийимдерди кийип алып, үймө-үй кыдырып татты суроо каадасын өздөрүнүн динине аралаштырып салышкан («Halloween—An American Holiday, An American History»). Бирок Ыйык Китепке ылайык, Кудай чыныгы сыйынууга жалган диндин окууларын, каада-салттарын аралаштырууга тыюу салат (2 Корунттуктар 6:17).

  3. Арбактар, кан соргучтар, карышкыр кишилер, жез кемпирлер. Бир китепте көпчүлүк буларды эзелтеден бери эле жиндер менен байланыштырары айтылган («Halloween Trivia»). Ыйык Китепте Кудайдын кызматчыларынын жиндер менен бирге майрам өткөрмөк турсун, алар менен таптакыр байланышпашы керектиги, аларга каршы турушу керектиги баса белгиленет (Эфестиктер 6:12).

  4. Ашкабактын ичине шам жагуу. Орто кылымда британиялыктар ошол күнү «үйдөн үйгө кыдырып, тамак сурашчу, эгер беришсе, маркумдарынын арбагы үчүн Кудайдан тиленишчү», ошондой эле колуна «ичи оюлган жана ичине шам жагылган тоют чамгырын көтөрүп алышчу. Ал шам күнөөдөн тазалануучу жайдан чыга албай жаткан жанды билдирген» («Halloween—From Pagan Ritual to Party Night»). Айрымдардын айтымында, ал шам жиндерден коргоо максатында да колдонулган. 18-кылымда Түндүк Америкада тоют чамгырынын ордуна ашкабак колдонула баштаган, себеби ашкабак көбүрөөк түшүм берчү, андан сырткары, анын ичин көңдөйлөп, бетин оюп түр салуу оңоюраак болгон. Ашкабактын ичине шам жагуу каадасы жан өлбөйт, өлгөн адамдын жаны күнөөдөн тазалануучу жайга түшөт, өлгөндөрдүн арбагы үчүн тилениш керек деген сыяктуу окууларга негизделет. Бул окуулар болсо Кудайдын Сөзүндө айтылгандарга карама-каршы келет (Жезекиел 18:4).

 

Көбүрөөк билиңиз

ОЙГОНГУЛА!

Хэллоуин эмне болгон майрам?

Хэллоуин жана ошол сыяктуу майрамдардын зыяндуу экенин окуп көргүлө.

Ыйык Китепте чынында эмне делет?

Майрамдарды белгилөө туурабы?

Силер жашаган жердегилер белгилеген майрамдардын көбү кайдан келип чыккан? Бул суроонун жообу силерди таң калтырышы мүмкүн?