Улуу алаамат деген эмне?
Ыйык Китепте эмне деп айтылат?
Улуу алаамат учурунда адамдар буга чейин кабылып көрбөгөн каргашага дуушар болушат. Ыйык Китептеги пайгамбарлыкка ылайык, ал «акыркы күндөрдө» же «акыркы убакта» болот (2 Тиметей 3:1; Даниел 12:4). Ошондо «Кудай дүйнөнү жараткандан бери болбогон жана кийин да болбой турган алаамат болот» (Марк 13:19; Даниел 12:1; Матай 24:21, 22).
Улуу алаамат учурунда боло турган окуялар
Жалган диндер жок кылынат. Жалган диндер көз ачып-жумгуча жок кылынат (Аян 17:1, 5; 18:9, 10, 21). Муну дүйнө жүзүндөгү саясий күчтөрдүн өкүлү катары иш алпарган Бириккен Улуттар Уюму ишке ашырат. Ал Кудайдын эркин ылайык болот (Аян 17:3, 15—18) a.
Чыныгы динге чабуул жасалат. Жезекиел пайгамбар көргөн аяндагы «Магок жеринен чыккан Гок», тактап айтканда, улуттардын бирикмеси чыныгы динди туткандарды жок кылганга бүт күчүн жумшайт. Бирок Кудай ага сыйынгандарды аман алып калат (Жезекиел 38:1, 2, 9—12, 18—23).
Жер бетиндеги адамдар соттолот. Иса Машаяк бүт адамзатты соттоп, «койчу койлорду эчкилерден бөлгөндөй, адамдарды экиге бөлөт» (Матай 25:31—33). Ал адамдарды аны менен асманда бийлик кыла турган «бир туугандарына» колдоо көрсөткөн-көрсөтпөгөнүнө жараша соттойт (Матай 25:34—46).
Падышалыкта бийлик кыла тургандар чогултулат. Иса менен кошо бийлик кылууга тандалган ишенимдүү адамдар жердеги жашоосун аяктап, асманда жашоого тирилишет (Матай 24:31; 1 Корунттуктар 15:50—53; 1 Тесалоникалыктар 4:15—17).
Армагедон. «Кудурети Күчтүү Кудайдын улуу күнүндө боло турган согуш» «Жахабанын күнү» деп да аталат (Аян 16:14, 16; Ышая 13:9; 2 Петир 3:12). Өлүм өкүмү чыгарылгандарды Иса Машаяк жок кылат (Сепания 1:18; 2 Тесалоникалыктар 1:6—10). Ыйык Китепте «жети баштуу жырткыч» катары сүрөттөлгөн дүйнө жүзүндөгү саясий күчтөр да жок кылынат (Аян 19:19—21).
Улуу алааматтан кийин боло турган окуялар
Шайтан менен жин-перилери туңгуюкка ыргытылат. Башкы периште Шайтанды жана анын жин-перилерин «түпсүз туңгуюкка» камайт (Аян 20:1—3). Ал жакта Шайтандын абалы түрмөгө камалгандардыкындай болот. Ал эч кимге зыян келтире албайт (Аян 20:7).
Машаяктын Миң жылдык башкаруусу башталат. Кудайдын Падышалыгынын 1 000 жылдык башкаруусунун тушунда адамзатка көп баталар төгүлөт (Аян 5:9, 10; 20:4, 6). «Эч ким санай албаган эбегейсиз көп адамдар» улуу алааматтан аман өтүп, Машаяктын башкаруусунун алдында жер бетинде жашашат (Аян 7:9, 14; Забур 37:9—11).
a Аян китебинде жалган диндердин баары Улуу Бабыл же «улуу сойку» деп аталат (Аян 17:1, 5). Ал эми Улуу Бабылды жок кыла турган кыпкызыл жырткыч дүйнөдөгү улуттарды бириктирген, алардын атынан иш жүргүзгөн уюмду билдирет. Ал алгач Улуттар Лигасы деп аталчу. Азыр Бириккен Улуттар Уюму деп аталат.

