Мазмунун көрсөтүү

Тоорат деген эмне?

Тоорат деген эмне?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Тоорат деген сөз еврей тилиндеги тора деген сөздөн келип чыккан. Ал «акыл-насаат», «окутуу», «мыйзам» деген маанини туюнтат * (Накыл сөздөр 1:8; 3:1; 28:4). Төмөндө бул еврей сөзүнүн кандайча колдонулуп келгенине байланыштуу бир нече мисал келтирилди.

  • Тора көбүнчө Ыйык Китептин беш китебине: Башталыш, Чыгуу, Лебилер, Сандар, Мыйзам китептерине карата колдонулат. Тораны «Мусанын беш китеби» деп да аташат. Анын грекче мааниси «Беш китеп» дегенди билдирет. Тооратты Муса пайгамбар жазгандыктан «Мусанын мыйзам китеби» деп да аталат (Жашыя 8:31; Некемия 8:1). Кыязы, ал башында бир эле китеп болгон. Колдонгонго оңой болушу үчүн, кийинчерээк аны бөлүктөргө бөлүп коюшкан.

  • Тора деген сөз ысрайылдыктарга берилген мыйзамдарга да карата колдонулган. Мисалы, «күнөө курмандыгы жөнүндөгү мыйзам [тора]» «пес оорусу жөнүндөгү мыйзам», «назир жөнүндөгү мыйзам» (Лебилер 6:25; 14:57; Сандар 6:13).

  • Тора деген сөз кээде ата-эненин, акылман кишилердин же Кудайдын акыл-насаатына, окутуусуна карата айтылат (Накыл сөздөр 1:8; 3:1; 13:14; Ышая 2:3).

Тооратта же «Беш китепте» эмнелер жазылган?

  • Адам баласы жаратылгандан тартып Муса пайгамбар өлгөнгө чейинки тарых (Башталыш 1:27, 28; Мыйзам 34:5).

  • Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамдагы буйруктар (Чыгуу 24:3). Ал Мыйзамда 600 көрсөтмө камтылат. Алардын эң эле белгилүүсү — жүйүттөрдүн тиленүүсү Шма. Шманын бир үзүндүсүндө: «Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт күчүң менен сүй»,— деп жазылган (Мыйзам 6:4—9). Иса Машаяк бул мыйзамды «биринчи жана эң маанилүү осуят» деп атаган (Матай 22:36—38).

  • Анда Жахаба деген ысым 1 800дөй жолу кездешет. Тооратта Кудайга ысмынан кайрылууга тыюу салынган эмес. Тескерисинче, Кудайдын элинен ага ысмынан кайрылуу талап кылынган (Сандар 6:22—27; Мыйзам 6:13; 10:8; 21:5).

Тооратка байланыштуу жаңылыш түшүнүктөр

Жаңылыш түшүнүк. Тоораттагы мыйзамдар түбөлүктүү, ар дайым күчүндө болот.

Чындык. Ыйык Китептин кээ бир котормолорунда Тоораттын айрым көрсөтмөлөрү, мисалы, Ишембиге, дин кызматчылыкка, Күнөөдөн арылуу күнүнө байланыштуу көрсөтмөлөр «түбөлүктүү» деп берилген (Чыгуу 31:16; 40:15; Лебилер 16:33, 34). Бирок бул аяттардагы «түбөлүктүү» деген еврей сөзү түбөлүккө эмес, белгилүү бир убакытка чейин созула турган нерсеге карата да айтылган *. Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзам 900 жылдай күчүндө болуп келген. Бирок Кудай анын «жаңы келишим» менен алмаштырыларын алдын ала айткан (Жеремия 31:31—33). «„Жаңы келишим“ деп айтуу менен ал [Кудай] мурунку келишимдин эскиргенин көрсөткөн» (Еврейлер 8:7—13). 2 000 жылдай мурун Иса Машаяк өлгөндөн кийин, ал Мыйзам жаңы келишим менен алмаштырылган (Эфестиктер 2:15).

Жаңылыш түшүнүк. Тоорат кандай күчкө ээ болсо, жүйүттөрдүн оозеки айтылып келген каада-салттары менен Талмуд да ошондой күчкө ээ.

Чындык. Ыйык Жазмада Кудайдын Муса пайгамбарга жазуу түрүндөгү Тооратка кошумча оозеки мыйзамдарды бергени айтылбайт. Анда: «Жахаба Мусага: „Бул сөздөрдү жазып ал...“ — деди»,— деп айтылат (Чыгуу 34:27). Кийинчерээк кагаз жүзүнө жазылып, Мишна деп белгилүү болгон жана акыры Талмуд деген чоң эмгекке айланган оозеки мыйзам фарисейлер чыгара баштаган каада-салттарды да камтыйт. Ал салттар көп учурда Тооратка карама-каршы келген. Ошондуктан Иса пайгамбар фарисейлерге: «Өзүңөр чыгарып алган салтыңар үчүн Кудайдын осуятын бузуп жатасыңар»,— деген (Матай 15:1—9).

Жаңылыш түшүнүк. Аялдарга Тооратта жазылгандарды үйрөтпөш керек.

Чындык. Муса пайгамбар Мыйзамда жазгандай, Мыйзам бүтүндөй ысрайыл элине, анын ичинде аялдар менен балдарга да окулушу керек болгон. Ыйык Жазмада мунун себеби: «Бул мыйзамды угуп, Жахаба Кудайыңардан коркууга жана бул мыйзамда айтылгандардын баарын кылдаттык менен аткарууга үйрөнүшсүн»,— деп түшүндүрүлгөн (Мыйзам 31:10—12) *.

Жаңылыш түшүнүк. Тооратта сырдуу маалымат камтылган.

Чындык. Муса пайгамбар Тоораттагы маалыматты сыр кылып жашырбай, так-айкын, баарына түшүнүктүү кылып жазган (Мыйзам 30:11—14). Тооратта сырдуу маалымат камтылат деген түшүнүк Каббаладан, башкача айтканда, мистикалуу иудаизмден тамыр алган. Мистикалуу иудаизмде Ыйык Жазма «амалкөйлүк менен ойдон чыгарылган» ыкмалардын жардамы менен түшүндүрүлгөн * (2 Петир 1:16).

^ 3-абз. Кара: «The Strongest Strong’s Exhaustive Concordance of the Bible», кайра каралган басылышы, «Hebrew-Aramaic Dictionary-Index to the Old Testament» деген бөлүмчө, 8451.

^ 13-абз. Кара: «Theological Wordbook of the Old Testament», 2-том, 672, 673-беттер.

^ 17-абз. Тооратта айтылгандардан айырмаланып, жүйүттөрдүн кадаа-салтына ылайык, аялдарга Тооратта жазылгандарды үйрөтүүгө тыюу салынган. Маселен, Мишнада Элиезер бен Гиркан деген раввиндин: «Ким кызына Тооратта жазылгандарды үйрөтсө, ал аны уят ишке үйрөткөн болот»,— деген сөздөрү келтирилген (Сота 3:4). Иерусалим Талмудунда да анын: «Тооратты аялдарга үйрөткөндөн көрө, өрттөп жиберген артык»,— деген сөздөрү жазылган (Сота 3:19а).

^ 19-абз. Мисалы, «Жүйүт элинин энциклопедиясында» Каббалага кармангандардын Тоорат жөнүндөгү көз карашы мындай деп берилген: «Тооратта эч бир нерсе так-айкын жазылган эмес. Анда жазылгандардын маанисин ар кандай жол менен ар түрдүүчө жоруй берсе болот» (Экинчи басылышы, 11-том, 659-бет).