Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Табигый кырсык Кудайдын жазасыбы?

Табигый кырсык Кудайдын жазасыбы?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепке ылайык, бүгүнкү күндө болуп жаткан табигый кырсыктар Кудайдын жазасы эмес. Кудайдын жазасы табигый кырсыктардан кыйла айырмаланат. Төмөндөгү айырмачылыктарга көңүл бурсаңар:

  1. Кудай баарын эле ылгабай жазалай бербейт. Ыйык Китепте: «Кудай адам карагандай карабайт, анткени адам көзү көргөндү гана көрөт, Жахаба болсо жүрөктөгүнү көрөт»,— деп жазылат (1 Шемуел 16:7).
  2. Жахаба Кудай ар бир адамдын жүрөгүндөгүсүн көрө билгендиктен, ыймансыз деп эсептеген адамдарды гана жок кылат (Башталыш 18:23—32).
  3. Кудай эскертпей туруп, алаамат жибербейт. Ошонун аркасында эскертүүгө кулак каккандарга аман калууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ал эми табигый кырсык болгондо көп учурда капысынан болот. Ошондой эле андай каргашадан жакшы кишилер да, жаман кишилер да жабыр тартып, атүгүл өмүрүнөн айрылып калышат. Буга, бир чети, адамдар өздөрү себепкер болушат. Анткени жаратылышка аяр мамиле кылышпайт, ошондой эле үйлөрүн жер титирөө ыктымалдыгы жогору болгон, суу каптай турган жана аба ырайы кескин өзгөрүп турган аймактарга курушат.

 

Көбүрөөк билиңиз

КУДАЙДАН КЕЛГЕН ЖАКШЫ КАБАР

Кудай жерди кандай ой-ниет менен жараткан?

Ыйык Китепте Кудай жерди эмне үчүн жаратканы, азап-кайгыдан качан арыларыбыз, келечекте жер бейишке айланары жана анда кимдер жашай турганы жөнүндө жазылган.