Мазмунун көрсөтүү

Периштелер деген кимдер?

Периштелер деген кимдер?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Периштелер адамдарга караганда бир топ күчтүү (2 Петир 2:11). Алар асманда, башкача айтканда, рухий чөйрөдө жашашат. Ал чөйрө көзгө көрүнгөн ааламдан алда канча жогору турат (1 Падышалар 8:27; Жакан 6:38). Алар рухтар деп да аталышат (1 Падышалар 22:21, шилт.; Забур 18:10).

Периштелер кантип пайда болгон?

 Кудай периштелерди Иса аркылуу жараткан. Иса Ыйык Китепте «бардык жаратылгандардын туңгучу» деп айтылат. Кудай бардык нерсени жаратып жатканда Исаны кандайча колдонгону тууралуу Ыйык Китепте: «Асмандагы жана жердеги калган нерселердин баары, көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн нерселер, [анын ичинде периштелер] ал [Иса] аркылуу жаратылган»,— деп айтылат (Колосалыктар 1:13—17). Периштелер үй-бүлө курушпайт жана балалуу болушпайт (Марк 12:25). Демек, Ыйык Китепте Кудайдын уулдары деп аталган периштелердин ар бири өз-өзүнчө жаратылган (Аюп 1:6).

 Периштелер жер пайда боло электе эле жаратылган. Кудай жерди жаратканда, периштелер «салтанаттуу үн салган» (Аюп 38:4—7).

Канча периште бар?

 Ыйык Китепте периштелердин так саны айтылбаса да, алардын абдан көп экенин билүүгө болот. Мисалы, элчи Жакан аян аркылуу периштелердин миң-миңдеп саналарын көргөн (Аян 5:11).

Ар бир периштенин ысмы жана өзүнө мүнөздүү кулк-мүнөзү барбы?

 Ооба. Ыйык Китепте эки периштенин ысмы жазылат. Алар — Микеил жана Жебирейил (Даниел 12:1; Лука 1:26) a. Кээ бир периштелер аты бар экенин айтышса да, бирок аты ким экенин айтышкан эмес (Башталыш 32:29; Бийлер 13:17, 18).

 Периштелердин өзүнө гана мүнөздүү кулк-мүнөзү бар. Алар бири-бири менен пикирлеше алышат (1 Корунттуктар 13:1). Ой жүгүртүү жөндөмүнө ээ жана Кудайды даңктаган сөздөрдү айтышат (Лука 2:13, 14). Шайтан Ибилис Кудайга каршы чыкканда, периштелердин айрымдары анын тарабына ооп кетишкен. Мындан алардын тандоо эркиндигине ээ экени жана жаман менен жакшыны айырмалай билери көрүнүп турат (Матай 25:41; 2 Петир 2:4).

Периштелердин ээлеген абалы ар кандайбы?

Ооба. Периштелердин арасынан күчү, бийлиги жагынан эң жогору турганы — башкы периште Микеил (Жүйүт 9; Аян 12:7). Сераптар — Жахабанын тактысынын тегеректеп турган жогорку даражалуу периштелер (Ышая 6:2, 6). Керуптар — ар кандай өзгөчө тапшырмаларды аткарган башка жогорку даражалуу периштелер. Маселен, Адам ата менен Обо эне Эйден багынан куулуп чыгарылганда, керуптар Эйден багынын кире беришин кайтарышчу (Башталыш 3:23, 24).

Периштелер адамдарга жардам беришеби?

 Ооба. Кудай бүгүнкү күндө периштелер аркылуу адамдарга жардам берет.

  •   Кудай периштелер аркылуу кызматчыларын Падышалык жөнүндөгү жакшы кабар айтууда жетектейт (Аян 14:6, 7). Ушундай жетекчиликтин аркасында кабар айткандар да, жакшы кабар уккандар да пайда алышат (Элчилер 8:26, 27).

  •   Периштелер Кудайдын кызматчыларынын жыйналышын жаман адамдардын терс таасиринен коргоп турушат (Матай 13:49).

  •   Периштелер Кудайга ишенимдүү болгон кишилерди жетектеп, коргоп турушат (Забур 34:7; 91:10, 11; Еврейлер 1:7, 14).

  •   Жакында периштелер Иса Машаяк менен бирге жамандыкты жок кылып, адамзатты азап-кайгыдан арылтыш үчүн Кудайдын душмандары менен согушушат (2 Тесалоникалыктар 1:6—8).

Ар бирибиздин өз периштебиз барбы?

 Периштелер Кудайдын кызматчыларынын рухий коопсуздугуна кам көрүшсө да, бул Кудай ар бир кызматчысына бирден периште дайындап койгон дегенди билдирбейт b (Матай 18:10). Периштелер Кудайдын кызматчыларын ар бир сыноодон же кыйынчылыктан коргой бербейт. Ыйык Китепте Кудайдын адамга кыйынчылыкты көтөрүп кеткенге акылмандык, күч берип, «жагдайдан чыгуунун жолун көрсөтөрү» айтылат (1 Корунттуктар 10:12, 13; Жакып 1:2—5).

Периштелерге байланыштуу жаңылыш түшүнүктөр

 Жаңылыш түшүнүк. Бардык периштелердин баары жакшы.

 Чындык. Ыйык Китепте «каардуу рухий күчтөр» жана «күнөө кылган периштелер» жөнүндө айтылат (Эфестиктер 6:12; 2 Петир 2:4). Каардуу периштелер жиндер деп аталат. Алар Кудайга каршы чыккан Шайтан тарапка өтүп кетишкен.

 Жаңылыш түшүнүк. Периштелер — өлбөс рухий жандар.

 Чындык. Каардуу периштелер жана Шайтан Ибилис жок кылынат (Жүйүт 6).

 Жаңылыш түшүнүк. Адам өлгөндөн кийин периште болот.

 Чындык. Периштелер тирилген адамдар эмес, Кудай жараткан рухий жаратуулар (Колосалыктар 1:16). Асмандагы жашоого тириле турган адамдарды Кудай өлбөстүккө ээ кылат (1 Корунттуктар 15:53, 54). Алар периштелерден да жогорку абалды ээлешет (1 Корунттуктар 6:3).

 Жаңылыш түшүнүк. Периштелер адамдарга кызмат кылуу үчүн жаралган.

 Чындык. Периштелер адамдардын эмес, Кудайдын буйругун аткарышат (Забур 103:20, 21). Иса Машаяк да жардам сурап периштелерге эмес, Кудайга кайрылган (Матай 26:53).

 Жаңылыш түшүнүк. Жардам сурап периштелерден тиленсек болот.

 Чындык. Кудайдан тиленүү — сыйынуубуздун бир бөлүгү. Сыйынуубузга Кудай гана татыктуу (Аян 19:10). Иса Машаяк аркылуу Кудайга гана кайрылабыз (Жакан 14:6).

a Ыйык Китептин айрым котормолорунда Ышая 14:12де «Люцифер» деп берилген. Айрымдар Люцифер Шайтан Ибилис болуп кеткен периштенин ысмы деп эсептешет. Анткен менен түп нускадагы бул сөз «жаркыраган жылдыз» деп берилген. Контексттен көрүнүп тургандай, бул сөз Шайтанга карата эмес, Кудай текебердиги үчүн басынткан Бабыл башкаруучуларынын тукумуна карата айтылган (Ышая 14:4, 13—20). Бабыл башкаруучуларынын доорон сүргөн убактысы бүткөндөн кийин «Жаркыраган жылдыз» деген сөз айкашы аларды шылдыңдаш үчүн айтылган.

b Айрымдар Петирдин түрмөдөн чыгышы жөнүндөгү билдирүүдөн анын жеке өзүнүн периштеси бар деп түшүнүп алышкан (Элчилер 12:6—16). Бирок Петир түрмөдөн чыккандан кийин шакирттер чогулган жерге барганда «Петирдин периштеси» келди деп ойлоп алышкан. Балким, аларга Петир өзү эмес, Петирдин өкүлү болгон периште келди деп туура ойлоп алышкан көрүнөт.