Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Пасха жөнүндө Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Пасха жөнүндө Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Пасха майрамынын бүгүнкү күндөгүдөй белгилениши Ыйык Китепке таптакыр дал келбейт. Эгер тарыхты изилдей турган болсок, азыркы Пасха майрамынын чынында түшүмдүүлүккө, тукумдуулукка байланышкан байыркы учурдагы үрп-адаттардан келип чыкканын көрүүгө болот. Төмөндөгү маалыматка көңүл бурсаңар.

  1. Пасха токочу (кулич). «Славян элдеринин бутпарастыгы тууралуу очерктер» деген бир китепте академик Н. И. Толстой Чыгыш славяндарынын Пасха токочунун «бутпарастыктын калдыгы экенин же бутпарастык каада-салттардын уландысы» экенин жазган («Очерки славянского язычества»). Ал эми «Орустардын майрамы. Элдик дыйканчылыктын календарындагы майрамдар менен үрп-адаттар» деген китепте: «Славяндардын Пасха токочун бышыруу бутпарастык салты жазгы үрөн себүү иштеринин алдында ачытылган камырдан нан бышыруу каадасынан келип чыккан. Ошондой нанды жерге, жаратылышка же болбосо ата-бабаларына арнап тартуу кылуунун аркасында дыйкандар кандайдыр бир сыйкырдуу жол менен алардын ырайымына, колдоосуна ээ болууну жана жердин түшүмдүүлүгүн арттырып, мол түшүм алууну көздөшкөн»,— деп айтылат («Русский праздник. Праздники и обряды народного земледельческого календаря»).

  2. Жумуртка. Бул туурасында «Илим жана жашоо» деген журналдын 1999-жылы февраль айында чыккан санында: «Кыязы, бул символ [жумуртка], башка көптөгөн символдордой эле, христианчылыкка бутпарастардын каада-салттарынан өткөн... Биздин тээ түпкү ата-бабаларыбыз... жумуртканы жашоонун башталышынын, тукумдуулуктун жана бүт тиричиликтин жазында кайрадан жандануусунун символу катары эсептешкен»,— деп айтылган («Наука и жизнь»). Ал эми жумурткаларды боё тууралуу «Орус маданиятынын дүйнөсү» деген китепте: «Бул салттын тамыры байыркы учурдагы ырым-жырымдар менен байланышкан... Славян элдери өздөрүнүн рухтардан ырайым сурап, аларга арнап уюштурган майрамынын учурунда аларга башка көптөгөн тартуулар менен бирге канга боёлгон жумурткаларды тартуу кылышкан. Анткени канды рухтардын чүйгүн тамагы деп ишенишкен. Кийинчерээк болсо, рухтар алардын тартуусуна көңүл бурушу үчүн, жумурткаларды башка ачык түстөргө да боёй башташкан»,— деп түшүндүрүлөт («Мир русской культуры»).

  3. Таң тосуу. Пасха майрамында таң атарда өткөрүлчү бул каада-салт Күнгө сыйынган байыркы бутпарас элдердин «жазында күн менен түн теңелген учурда бардык өсүмдүктөргө жаңы жашоо тартуулаган Күндү тосууга» байланышкан үрп-адаттарынан келип чыккан («Celebrations—The Complete Book of American Holidays»).

  4. Коён. «Британ энциклопедиясына» ылайык, тукумдуулуктун символу болгон коён «Европадагы жана Ортоңку Чыгыштагы байыркы бутпарас элдердин жазгы майрамдарынын үрп-адаттарынан келип чыккан».

  5. Аталышы. Бул майрамдын герман тобундагы айрым тилдердеги аталышынын өзүнөн эле анын бутпарастар менен байланышы бар экенин байкоого болот. Мисалы, Пасха майрамы англис тилинде «Easter» (истэ), ал эми немис тилинде «Ostern» (остерн) деп аталат. Бул тууралуу «Британ энциклопедиясында»: «Англисче „Easter“ деген сөздүн так мааниси белгисиз. Англ-сакстардын 8-кылымда жашаган Ардактуу Беда деген байыркы бир дин кызматчысы бул сөздү Эостра деген жаздын аял кудайынын атынан келип чыкканын айткан»,— деп жазылган. Эастра (Эостра) болсо тукумдуулуктун да кудайы болгон. Дагы башка эмгектерде анын финикиялыктардын тукумдуулуктун кудайы деп эсептелген Астарта деген аял кудайы (вавилондуктардын Иштар деген аял кудайы) менен байланышы бар экени айтылат.

«Пасха» деген сөз байыркы еврей тилиндеги «песах» деген сөздөн келип чыккан. «Католик энциклопедиясында» бул майрамдын келип чыгышы: «Пасха майрамында колдонулчу көптөгөн элдик символдор жана алардын айрым элементтери христианчылыкка чейинки, көбүнесе тукумдуулукка байланыштуу болгон жазгы майрамдардан жана бутпарастардын ырым-жырымдарынан калган»,— деп таамай сүрөттөлгөн.

Ыйык Китепте Кудайга сыйынууда ага жакпаган каада-салттарга же үрп-адаттарга кармануу туура эмес экени айтылат (Марк 7:6—8). 2 Корунттуктар 6:17де: «„Алардын арасынан чыккыла, бөлүнгүлө,— дейт Жахаба,— мындан ары арам нерсеге жолобогула“»,— деп жазылган. Андыктан Кудайга жагууну көздөгөндөр бутпарастардын үрп-адаттарынан келип чыккан Пасха майрамын белгилешпейт.

 

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Иса пайгамбардын өлгөн күнүн эскерүү кечеси

Жыл сайын миллиондогон адамдар Иса пайгамбардын өлгөн күнүн эскериш үчүн чогулушат. Ал кечеден анын өлүмүнүн сиздин жашооңузга тийгизген таасири чоң экенин биле аласыз.