Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Күнөө деген эмне?

Күнөө деген эмне?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Күнөө кылуу Кудайдын мыйзам-принциптерине карама-каршы келген иштерди кылууну, көз карашта болууну жана ой жүгүртүүнү билдирет. Ал өз ичине Кудайдын көз алдында туура эмес же адил эмес деп эсептелген иштерди кылып, анын мыйзамын бузууну да камтыйт (1 Жакан 3:4; 5:17). Ыйык Китепте туура иш кылыш керектигин билип туруп, бирок ошондой кылбоо да күнөө экени айтылат (Жакып 4:17).

Ыйык Китептин түп нускасы жазылган тилдерде күнөө деп которулган сөз «бутага тийгизе албоо» деген маанини туюнтат. Байыркы Ысрайылда салмоор менен таш ыргытып бутага «таамай тийгизген» көзү курч жоокерлер болгон. «Бутага тийгизе албоо» деген сөз айкашы түзмө-түз «күнөө кылуу» деп которулат (Бийлер 20:16). Андыктан күнөө кылуу бутага — Кудайдын жеткилең мыйзамдарына — тийгизе албоону билдирет.

Жаратканыбыз катары Кудай адамзат үчүн мыйзам-принциптерди бекиткенге укуктуу (Аян 4:11). Кылган иштерибиз үчүн анын алдында жооп беребиз (Римдиктер 14:12).

Такыр күнөө кылбай жашоо мүмкүнбү?

Жок. Ыйык Китепте: «Бардыгы күнөө кетирип, Кудайдын даңкынан айрылып калышкан»,— деп айтылат (Римдиктер 3:23; 1 Падышалар 8:46; Насаатчы 7:20; 1 Жакан 1:8). Эмне үчүн?

Эң алгачкы жубайлар Адам ата менен Обо эне башында күнөөсүз болгон. Себеби Кудай аларды өзүнө окшоштуруп жеткилең кылып жараткан (Башталыш 1:27). Бирок Адам ата менен Обо эне Кудайга каршы күнөө кылып, жеткилеңдиктен айрылып калышкан (Башталыш 3:5, 6, 17—19). Балалуу болгондо алардын күнөөсү, жеткилеңсиздиги урпактарына тукум кууп өткөн (Римдиктер 5:12). Ошондуктан Дөөтү пайгамбар айткандай, баарыбыз «күнөөкөр болуп төрөлөбүз» (Забур 51:5).

Күнөөнүн бири экинчисинен олуттуу болобу?

Ооба. Мисалы, Ыйык Китепте байыркы Содом шаарынын тургундарынын «күнөөгө баткан ыймансыз адамдар» болгону жана «күнөөсү абдан оор» болгону айтылат (Башталыш 13:13; 18:20). Келгиле, күнөөнүн оордугун аныктаганга жардам берген үч нерсени карап көрөлү.

  1. Олуттуулугу. Ыйык Китепте жыныстык адеп-ахлаксыздык, бурканга табынуучулук, уурулук, аракечтик, алдамчылык, киши өлтүрүүчүлүк жана көзү ачыктык кылуу сыяктуу олуттуу күнөөлөрдөн алыс болушубуз керектиги айтылат (1 Корунттуктар 6:9—11; Аян 21:8). Ыйык Китепте бул күнөөлөрдүн атайылап кылынбаган же ойлонбой жасалган күнөөлөрдөн, мисалы, башкалардын жүрөгүн жаралаган сөздөрдөн жана иштерден айырмасы бар экени көрсөтүлгөн (Накыл сөздөр 12:18; Эфестиктер 4:31, 32). Ошол эле учурда, күнөөнүн кандай түрү болбосун, аны анча маанилүү эмес деп жымсалдабаш керектиги айтылат, анткени андай күнөөлөр адамды олуттуу күнөөгө түртүп, Кудайдын мыйзамын бузганга алып келиши мүмкүн (Матай 5:27, 28).

  2. Адамдын ниети. Айрымдар Кудайдын мыйзамдарын баркка албай күнөө кетириши мүмкүн (Элчилер 17:30; 1 Тиметей 1:13). Албетте, мындай адамдардын күнөөсүн актаганга болбойт, бирок андай күнөөлөрдүн Кудайдын мыйзамдарына каршы атайлап жасалган күнөөлөрдөн айырмасы бар (Сандар 15:30, 31). Билип туруп күнөө кылууга «бузулган жүрөк» түртөт (Жеремия 16:12).

  3. Кайталана бериши. Ыйык Китепте бир жолу жасалган күнөө менен көп убакытка чейин кылына берген күнөөнүн ортосунда да айырма бар экени көрсөтүлгөн (1 Жакан 3:4—8). Кудайга эмне жагарын билгенден кийин деле «атайлап күнөө кыла бергендер» Кудайдын каарына калат (Еврейлер 10:26, 27).

Олуттуу күнөө кылып алгандар абийири жемелеп, катуу кыйналышы мүмкүн. Алсак, Дөөтү пайгамбар: «Кылмыштарым башыман ашып, мага оор жүктөй салмагын салды»,— деп жазган (Забур 38:4). Бирок Ыйык Китепте үмүт берерлик мындай сөздөр да бар: «Ыймансыз өз жолун, кара ниет өз ойлорун таштасын, Жахаба Кудайыбызга кайрылып келсин. Анткени ал кайрымдуулук кылат, айкөлдүк менен кечирет» (Ышая 55:7).

Көбүрөөк билиңиз

Азгырыкка алдырбоо мүмкүнбү?

Азгырыкка туруштук берүүгө жардам бере турган үч кадам.

Кудайдан тиленсем, жардам береби?

Кудай чындап эле биздин кыйналып жатканыбызга кайдыгер карабайбы?

Кудайдын мыйзамдары бизди кандайча коргойт?

Иса пайгамбар эмне үчүн жетекчиликке муктаж экенибизди жана эң маанилүү эки осуят кайсы экенин айткан.