Мазмунун көрсөтүү

Күнөөдөн тазалануучу жай жөнүндө Ыйык Китепте айтылабы?

Күнөөдөн тазалануучу жай жөнүндө Ыйык Китепте айтылабы?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Жок, Ыйык Китепте «күнөөдөн тазалануучу жай» жөнүндө айтылбайт. Анда өлгөн кишинин жаны күнөөдөн тазалануучу жайга барат деп да жазылган эмес a. Келгиле, Ыйык Китепте күнөө, өлүм жөнүндө эмне делерин жана анда жазылгандар күнөөдөн тазалануучу жай бар деген түшүнүккө каршы келерин карап көрөлү.

  •   Адамдын күнөөсү күнөөдөн тазалануучу жай деп аталган жерде эмес, Иса Машаяктын биз үчүн кан төккөнүнө ишенгенинин аркасында тазаланат. Ыйык Китепте «[Кудайдын] Уулу Исанын каны бизди ар кандай күнөөдөн тазалаары» жана ал «өзүнүн каны менен күнөөлөрүбүздөн арылтары» айтылган (1 Жакан 1:7; Аян 1:5). Иса Машаяк «көптөр үчүн жанын кун катары берип», аларды күнөөдөн арылткан (Матай 20:28).

  •   Өлгөндөр эч нерсе сезишпейт. «Тирүүлөр өлөрүн билет, ал эми өлгөндөр эч нерсе билбейт» (Насаатчы 9:5). Өлгөн киши эч нерсе сезбейт. Демек, анын күнөөдөн тазалануучу жайда отко күйүшү мүмкүн эмес.

  •   Киши өлгөндөн кийин күнөөсү үчүн жазаланбайт. Ыйык Китепте «күнөө үчүн жаза — өлүм» экени жана «өлгөн адам күнөөсүнөн арылары» айтылган (Римдиктер 6:7, 23). Адам өлгөндө бардык күнөөсү үчүн толук жазасын алган болот.

a Күнөөдөн тазалануучу жай тууралуу бир диний эмгекте: «Инжилдерде күнөөдөн тазалануучу жай жөнүндө эч нерсе айтылбайт»,— деп жазылган («Orpheus: A General History of Religions»). Ал эми «Жаңы католик энциклопедиясында»: «Негизи, католик дининин күнөөдөн тазалануучу жай жөнүндөгү окуусу Ыйык Жазмага эмес, диний ырым-жырымдарга негизделет»,— деп жазылган. (2-басылышы, 11-том, 825-бет.)

b Карагыла: «Жаңы католик энциклопедиясы», 2-басылыш, 11-том, 824-бет.