Мазмунун көрсөтүү

Кудай оюн өзгөртөбү?

Кудай оюн өзгөртөбү?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ооба, эгер адамдар туура эмес жолунан бурулуп, оңолсо, Кудай оюн өзгөртөт. Мисалы, Кудай байыркы ысрайыл элине өзүнүн сот өкүмүн жарыялап мындай деген: «Балким, угуп, ар бири өзүнүн тескери жолунан бурулар. Ошондо мен алардын башына кыянат иштери үчүн алаамат түшүрөм деген оюмдан кайтам»,— деген (Жеремия 26:3).

 Ыйык Китептин көптөгөн котормолорунда бул аятта Кудай алаамат түшүрөм дегени үчүн «өкүнүп» жаткандай ой берилген. Бирок андай болсо, ал ката кетирип алгандай болуп калмак. Чынында, ал аяттагы еврей сөзү «ойдун же ниеттин өзгөрүшүн» билдирет. Бир изилдөөчү: «Кимдир бирөө жүрүм-турумун өзгөртсө, Кудайдын ал адамга каршы чыгарган өкүмү да өзгөрүшү мүмкүн»,— деген.

 Албетте, Кудайдын оюн өзгөртө алары ал оюн сөзсүз өзгөртүшү керек дегенди билдирбейт. Келгиле, Кудайдын оюн кандай учурларда өзгөртпөгөнүнө байланыштуу Ыйык Китептеги билдирүүлөрдү карап көрөлү.

  •   Кудай Балакка анын оюн өзгөртүүгө жана ысрайыл элин каргоого жол берген эмес (Сандар 23:18—20).

  •   Ысрайылдын падышасы Шабул жаман иштерди кылганын токтотпогондуктан, Жахаба андан падышалык тактыны тартып алам деген оюн өзгөрткөн эмес (1 Шемуел 15:28, 29).

  •   Жахаба Уулун түбөлүккө дин кызматчы кылам деген убадасын сөзсүз аткарат. Ал оюн өзгөртпөйт (Забур 110:4).

Ыйык Китепте Кудай өзгөрбөйт деп айтылган эмеспи?

 Ооба, Ыйык Китепте Кудайдын: «Мен Жахабамын, мен өзгөрбөйм»,— деп айтканы жазылган (Малаки 3:6). Ошондой эле анын «көлөкө өзгөргөндөй өзгөрө бербеген Кудай» экени айтылган (Жакып 1:17). Анткен менен Кудайдын оюн өзгөртө алары жогоруда айтылгандарга карама-каршы келбейт. Кудайдын өзгөрбөй турганы касиет-сапаттарынын, сүйүүгө жана адилеттүүлүккө негизделген нормаларынын эч качан өзгөрбөй турганын билдирет (Мыйзам 32:4; 1 Жакан 4:8). Бирок ал адамдарга ар кайсы жагдайларда ар кандай көрсөтмөлөрдү берет. Мисалы, Жахаба эки башка согушта Дөөтү падышага эки башка көрсөтмө берген, бирок Дөөтү экөөндө тең жеңишке жеткен (2 Шемуел 5:18—25).

Кудай адамдарды жаратканы үчүн өкүнөбү?

 Жок. Бирок адамдардын көбүнүн ага баш ийбей, аны четке кагып жатканы аны өкүндүрөт. Мисалы, Нух пайгамбардын күндөрүндө болгон Топон суунун алдындагы жагдай тууралуу Ыйык Китепте: «Жахаба жараткан адамдары үчүн өкүнүп, жүрөгү ооруду»,— делет (Башталыш 6:6, шилт.). Бул аяттагы «өкүнүү» деп которулган еврей сөзү «ойдун өзгөрүшүн» билдирет. Топон суунун алдында жашаган адамдардын көбү ыймансыздыкка белчесинен батып калгандыктан, Кудай аларга карата оюн өзгөрткөн, башкача айтканда, жок кылууну чечкен (Башталыш 6:5, 11). Ал алардын жаман жолго түшүп кеткенине кайгырса да, жалпы адамзатка карата оюн өзгөрткөн эмес. Жер жүзүн Топон суу каптаганда, ал Нух пайгамбар менен анын үй-бүлөсү аркылуу адамзатты сактап калган (Башталыш 8:21; 2 Петир 2:5, 9).