Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Кудайдан эмнени тилесем болот?

Кудайдан эмнени тилесем болот?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте: «Биз Кудайдын эркине ылайык эмне сурабайлы, анын бизди угарына шектенбейбиз»,— деп айтылат (1 Жакан 5:14). Демек, Кудайдан анын эркине туура келген нерсенин бардыгын тилесе болот. Ал эми жеке өзүбүз тууралуу тиленсек болобу? Ооба, анткени Ыйык Китепте: «[Кудайдын] алдында жүрөгүңөрдөгүнү төккүлө»,— деп жазылган (Забур 62:8).

Кудайдан тилесе боло турган нерселер:

  • Ага болгон ишенимибизди арттырышын сурануу (Лука 17:5).

  • Туура иш кылыш үчүн Кудайдан ыйык рух суроо (Лука 11:13).

  • Кыйынчылыктар менен күрөшүүгө, азгырыктарга туруштук берүүгө күч суроо (Филипиликтер 4:13).

  • Жүрөгүбүзгө тынчтык, жан-дүйнөбүзгө бейкуттук орношун суроо (Филипиликтер 4:6, 7).

  • Туура чечим чыгарыш үчүн акылмандык суроо (Жакып 1:5).

  • Күнүмдүк муктаждыктарыбызды канааттандырууга жардам беришин суроо (Матай 6:11).

  • Күнөөлөрүбүздү кечиришин суроо (Матай 6:12).

 

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Кудайга ишеним артасыңарбы?

Кудайды ишенген досубузду билгенчелик билүү кандай канааттануу тартуулай турганы жөнүндө окуп көргүлө.