Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Кечирилгис күнөө деген эмне?

Кечирилгис күнөө деген эмне?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Кечирилгис күнөө деген күнөө кылган кишиге Кудайдын ырайымына ээ болууга тоскоолдук кылган, терс маанай менен коштолгон иштерди билдирет. Мындай маанай кантип өрчүп кетиши мүмкүн.

Күнөөсү үчүн өкүнүп, анын мыйзам-принциптерине карманып жашагандарды жана Иса Машаякка ишеним арткандарды Кудай кечирет (Элчилер 3:19, 20). Бирок айрымдар күнөөгө алып барган жолунан кайтпай, маанайын жана жүрүм-турумун эч качан өзгөртпөшү мүмкүн. Ыйык Китепте андай адамдардын «күнөөгө азгырылып» жүрөгү «катаалданып кетери» айтылат (Еврейлер 3:12, 13). Отко салып эритсе да ийге келбеген чоподой болуп, алардын жүрөгү капкатуу болуп калат жана Кудайга каршы чыгышат (Ышая 45:9). Андай адамдын кечирилишине негиз жок болгондуктан, ал кечирилгис күнөө кылган болот (Еврейлер 10:26, 27).

Иса пайгамбардын күндөрүндөгү айрым диний жетекчилер кечирилгис күнөө жасашкан. Алар Иса пайгамбардын кереметтерди Кудайдын ыйык рухунун жардамы менен кылып жатканын билишсе да, Шайтандын күчү менен жасап жатат деп айтышкан (Марк 3:22, 28—30).

Кечириле турган күнөөлөр

  • Билбестиктен акарат кылуу. Элчи Пабыл мурун Кудайга акарат кылган адамдардан болгон, бирок кийин өзгөргөн. Ал: «Мага кайрымдуулук көрсөтүлдү, себеби мен ал иштерди билбестиктен жана ишенбегендиктен кылып жүргөм»,— деген (1 Тиметей 1:13).

  • Ойноштук. Ыйык Китепте бир кезде ойноштук кылып жүргөн, бирок кийин жаман жолунан бурулуп, Кудайдын кечиримине ээ болгон адамдар жөнүндө айтылат (1 Корунттуктар 6:9—11).

«Менин күнөөм кечирилгиспи?»

Эгер күнөө кылып жүргөнүңө өкүнүп, мурунку иштериңди жек көрсөң жана өзгөрүүнү чындап кааласаң, анда кечирилгис күнөө жасаган жоксуң. Эгер жүрөгүң катууланып, Кудайга каршы чыкпасаң, бир күнөөнү кайра-кайра кылып келген болсоң да, Кудай сени кечирет (Накыл сөздөр 24:16).

Кээ бирөөлөр кылган күнөөсү үчүн өздөрүн жемелей бергендиктен, күнөөм кечирилгис деп ойлошот. Бирок Ыйык Китепте жүрөктүн адамды алдап коёру, ага ишенбешибиз керектиги айтылат (Жеремия 17:9). Кудай бизге кимдир бирөөнү, атүгүл өзүбүздү да айыптоого укук берген эмес (Римдиктер 14:4, 12). Жүрөгүбүз бизди айыптап, өзүбүздү жемелей берсек да, Кудай бизди кечирет (1 Жакан 3:19, 20).

Жүйүт Искариот кечирилгис күнөө кылды беле?

Ооба, анын күнөөсү кечирилгис. Ал ач көздүгүнөн улам маанилүү нерселерге жумшалган акчадан уурдап жүргөн. Ал тургай, бир жолу жакырларга кам көрүп жаткандай болуп көрүнгүсү келген, бирок, чынында, көбүрөөк акча уурдагысы келгендиктен ошенткен (Жакан 12:4—8). Анын жүрөгү ушунчалык катаалданып кеткендиктен, 30 күмүш тыйын үчүн Иса пайгамбарды сатып койгон. Иса анын кылган иши үчүн эч качан өкүнбөй турганын билгендиктен, аны «өлүм уулу» деп атаган (Жакан 17:12). Бул Искариоттун биротоло жок кылынганын, тирилбей турганын билдирет (Марк 14:21).

Жүйүт Искариот күнөөсү үчүн чындап өкүнгөн эмес. Ал күнөөсүн Кудайдын алдында моюнга албастан, өзү сүйлөшүп алган диний жетекчилерге айткан (Матай 27:3—5; 2 Корунттуктар 7:10).

Көбүрөөк билиңиз

СУРООЛОР ЖАНА ЖООПТОР

Кудайдан тиленсем, жардам береби?

Кудай чындап эле биздин кыйналып жатканыбызга кайдыгер карабайбы?