Кабыл кимге үйлөнгөн?
Ыйык Китепте эмне деп айтылат?
Адам ата менен Обо эненин тун уулу Кабыл карындаштарынын бирине же башка жакын туугандарынын бирине үйлөнгөн. Ыйык Китепте Кабыл менен анын үй-бүлөсү жөнүндө жазылгандарга ылайык, ушундай жыйынтык чыгарууга болот.
Кабыл менен анын үй-бүлөсү жөнүндөгү билдирүү
Адамдардын баары Адам ата менен Обо энеден тараган. Кудай «бүт жер жүзүндө жашасын деп, ал бир кишиден [Адам атадан] бардык элдерди жараткан» (Элчилер 17:26). Адам атанын аялы Обо эне «тирүү жандардын баарынын энеси болгон» (Башталыш 3:20). Ошондуктан Кабыл Адам ата менен Обо энеден төрөлгөн кыздардын бирине үйлөнгөн десек болот.
Адам ата менен Обо эненин көп балдары болгон. Кабыл менен Абыл — алардын улуулары (Башталыш 4:1, 2). Кабыл иниси Абылды өлтүрүп койгондон кийин: «Мага ким жолукса да мени өлтүрөт»,— деген (Башталыш 4:14). Ал кимден корккон? Ыйык Китепте Адам атанын «дагы башка уул-кыздары төрөлгөнү» айтылат (Башталыш 5:4). Мына, Кабыл ошолордон корксо керек. Анткени алар ага катаал мамиле кылышы мүмкүн эле.
Адамзат тарыхынын башталышында жакын туугандардын баш кошкону кадимки нерсе болчу. Мисалы, ишенимдүү Ыбрайым пайгамбар аталаш карындашына үйлөнгөн (Башталыш 20:12). Жакын туугандардын баш кошушуна тыюу салынган мыйзам биринчи жолу Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамда жазылган. Ал Кабыл өлгөндөн бир нече кылым өткөндөн кийин берилген (Лебилер 18:9, 12, 13). Байыркы убакта баш кошкон жакын туугандардан төрөлгөн балдар азыркыдай оорукчан болуп төрөлгөн эмес көрүнөт.
Адам ата менен Обо эне жөнүндө Ыйык Китепте жазылгандар тарыхый жактан так. Адам атанын тукумунун санжырасы Муса пайгамбар жазган Башталыш китебинде эле эмес, Эзра, Лука сыяктуу тарыхчылардын китептеринде да жазылган (Башталыш 5:3—5; 1 Жылнаама 1:1—4; Лука 3:38). Ыйык Китепти жазган пайгамбарлар Кабыл жөнүндөгү окуяларды тарыхый маалымат катары эсептешкен (Еврейлер 11:4; 1 Жакан 3:12; Жүйүт 11).

