Мазмунун көрсөтүү

Иса Машаяк эмне үчүн өлгөн?

Иса Машаяк эмне үчүн өлгөн?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Иса Машаяк адамдар күнөөдөн арылып, түбөлүк жашай алышы үчүн өмүрүн берген (Римдиктер 6:23; Эфестиктер 1:7). Ошондой эле ал адамдар атүгүл оор сыноо учурунда да Кудайга берилгендигин сактай аларын далилдеген (Еврейлер 4:15).

Бир адамдын өлүмүнүн аркасында эмнелер ишке ашарын карап көрөлү.

  1. Иса Машаяк «күнөөлөрүбүз кечирилиши» үчүн өлгөн (Колосалыктар 1:14).

    Адам ата эч күнөөсүз, жеткилең болуп жаралган. Бирок Кудайга баш ийбей койгон. Адам атанын баш ийбестигинин, тактап айтканда, күнөө кетиргенинин кесепети бүт урпактарына тийген. Ыйык Китепте: «Бир адамдын тил албастыгынан көптөр күнөөкөр болгон»,— деп жазылган (Римдиктер 5:19).

    Иса да жеткилең болгон, бирок эч күнөө кетирген эмес. Ошондуктан ал «биздин күнөөлөрүбүздү... жууй» турган жана «Кудай менен элдештирүүчү курмандык» боло алган (1 Жакан 2:2). Адам атанын күнөө кетиргенинин айынан күнөө урпактарына тукум кууп өтсө, Иса Машаяктын өлүмүнүн аркасында ага ишенген адамдардын баары күнөөдөн арылат.

    Адам ата, мындайча айтканда, адамзатты күнөөнүн кулчулугуна сатып жиберген. Ал эми Иса биз үчүн өмүрүн даярдуулук менен берип, адамзатты кулчулуктан сатып алган. Ыйык Китепте: «Эгер кимдир бирөө күнөө кылып алса, Атабыздын жанында жардамчыбыз — адилдигинен жазбаган Иса Машаяк — бар»,— деп айтылат (1 Жакан 2:1).

  2. Иса өз өмүрүн «ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берген» (Жакан 3:16).

    Адам ата түбөлүк жашагыдай болуп жаралган, бирок күнөө кетиргендиктен ага өлүм өкүмү чыгарылган. Ошентип, Адам ата «аркылуу дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген, өлүм болсо бардык адамдарга өткөн, себеби баары күнөө кылган» (Римдиктер 5:12).

    Ал эми Иса өмүрүн бергенинин аркасында адамдарды күнөөдөн эле арылтпастан, ага ишенгендердин баарын өлүмдөн да арылтат. Ыйык Китепте мындай делет: «Күнөө өлүм менен бирге падыша катары бийлик кылгандай эле, ырайым да Мырзабыз Иса Машаяк аркылуу түбөлүк өмүргө жеткире турган адилдик жолунда падыша катары бийлик кылышы үчүн ошондой болду» (Римдиктер 5:21).

    Албетте, учурда адамдардын өмүр жашы чектелүү. Бирок Кудай адил адамдарга түбөлүк өмүр берүүнү убада кылган. Өлгөн адамдар да Исанын куткаруу курмандыгынан пайда алышы үчүн, аларды тирилтет (Забур 37:29; 1 Корунттуктар 15:22).

  3. Иса «өлгөнгө чейин тил алчаак болуп», кандай сыноого же кыйынчылыкка туш болбосун, адамдардын Кудайга берилгендик сактай аларын далилдеген (Филипиликтер 2:8).

    Адам ата жеткилең болгон. Анын акылында да, денесинде да эч бир кемтик болгон эмес. Ошентсе да ал өзүнө таандык болбогон нерсени көксөп, Кудайга баш ийбей койгон (Башталыш 2:16, 17; 3:6). Кийинчерээк Кудайдын душманы, Шайтан, адамдардын баары, өзгөчө, өмүрүнө коркунуч туулганда Кудайдан баш тартып кетет деп айткан (Аюп 2:4). Бирок жеткилең болгон Иса мазакталып, жаны кыйналганда да, өмүрүнөн айрылганда да Кудайга берилгендигин сактаган (Еврейлер 7:26). Ошонун аркасында талаш маселе толугу менен чечилген. Иса, кандай сыноого, кандай кыйынчылыкка туш болбосун, адамдардын Кудайга берилгендик сактай аларын далилдеген.

Исанын өлүмүнө байланыштуу суроолор

  • Иса адамдарды куткарыш үчүн эмне себептен азап чегип өлүшү керек эле? Кудай өлүм өкүмүн эмне үчүн жокко чыгарып койгон эмес?

    Кудайдын мыйзамына ылайык, «күнөө үчүн жаза — өлүм» (Римдиктер 6:23). Кудай Адам атадан бул мыйзамды жашырган эмес. Ал ага эгер баш ийбесе, өлөрүн айткан (Башталыш 3:3). Адам ата күнөө кетиргенде, «жалган сүйлөй албаган Кудай» сөзүнө турган (Тит 1:2). Адам ата урпактарына күнөөнү эле эмес, анын жазасы болгон өлүмдү да өткөрүп берген.

    Күнөөлүү адамдар өлүмгө татыктуу болсо да, Кудай аларга «мол ырайымын» көрсөткөн (Эфестиктер 1:7). Ал адамзатты куткарыш үчүн жеткилең Уулунун өмүрүн курмандыкка чалган. Бул чара Кудайдын адилеттүү да, ырайымдуу да экенин көрсөткөн.

  • Иса качан өлгөн?

    Иса күн чыккандан баштап санаганда «тогузунчу саатта», жүйүттөрдүн Пасах майрамы өтүп жаткан күнү түштөн кийин саат үчтөрдө, өлгөн (Марк 15:33—37). Азыркы календарь боюнча эсептегенде, ал күн б. з. 33-жылынын 1-апрелине, жума күнгө, туш келет.

  • Иса кайсы жерде өлгөн?

    Иса «Баш-Сөөк, еврейче Голгота деп аталган жерде» өлүм жазасына тартылган (Жакан 19:17, 18). Исанын күндөрүндө ал жер Иерусалимдеги «шаар дарбазасынын сыртында» болгон (Еврейлер 13:12). Сыягы, ал бийигирээк жерде жайгашкан. Анткени Ыйык Китепте өкүм кантип ишке ашырылганын «алыстан карап тургандардын» болгону айтылат (Марк 15:40). Бирок учурда Голгота деп аталган жердин кайсы жерде болгонун так аныктоо мүмкүн эмес.

  • Иса кантип өлгөн?

    Көптөр Иса айкаш жыгачка кадалган деп эсептешет. Бирок Ыйык Китепте анын «күнөөлөрүбүздү өзүнүн денеси менен устунга алып чыкканы» жазылган (1 Петир 2:24). Ыйык Китепти жазгандар Исанын өлгөнү жөнүндө баяндаганда грек тилиндеги «ставрос» жана «ксилон» деген эки сөздү колдонушкан. Көптөгөн окумуштуулар бул сөздөр тигинен турган устунга, түптүз жыгачка карата колдонулган деген жыйынтыкка келишкен.

  • Исанын өлгөн күнүн эмне үчүн эскерүү керек?

    Жүйүттөрдүн Пасах майрамы өтүп жаткан түнү Иса Машаяк бир аземди негиздеп, шакирттерине: «Муну мени эскериш үчүн кылгыла»,— деп айткан (1 Корунттуктар 11:24). Ошондон бир нече саат өткөндөн кийин Иса өлүм жазасына тартылган.

    Ыйык Китепти жазгандар Исаны Пасах майрамында курмандыкка чалынган козуга салыштырган (1 Корунттуктар 5:7). Пасах майрамы ысрайылдыктардын кулчулуктан бошонгонун эсине салып турган. Эскерүү кечеси болсо Исанын жолдоочуларынын күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошонгонун эске салат. Жүйүт календары боюнча 14-нисанда өткөрүлгөн Пасах майрамы бир жылда бир жолу белгиленчү. Ошо сыяктуу, Исанын алгачкы жолдоочулары да Эскерүү кечесин бир жылда бир жолу белгилешчү.

    Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар жыл сайын азыркы календарь боюнча 14-нисанга туш келген күнү Исанын өлгөн күнүн эскеришет.