Мазмунун көрсөтүү

Исанын жолдоочулары Ишембиге байланыштуу мыйзамга карманышы керекпи?

Исанын жолдоочулары Ишембиге байланыштуу мыйзамга карманышы керекпи?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Исанын жолдоочулары Ишембиге байланыштуу мыйзамга карманууга милдеттүү эмес. Алар «Машаяктын мыйзамын» аткарып жашашат. Ал эми Машаяктын мыйзамында Ишембиге кармануу талап кылынбайт (Галатиялыктар 6:2; Колосалыктар 2:16, 17). Эмне үчүн ушундай деп ишенимдүү түрдө айта алабыз? Келгиле, адегенде «Ишемби» деген эмнени билдирерин жана анын каяктан келип чыкканын карап көрөлү.

Ишемби деген эмне?

 «Ишемби» деген сөз еврей тилинен которгондо «эс алуу, токтотуу» деген маанини туюнтат. Бул сөз биринчи жолу байыркы ысрайыл элине берилген мыйзамда кездешет (Чыгуу 16:23). Алсак, Он осуяттын төртүнчүсү мындай болгон: «Ишемби күндү ыйык тутууну эсиңден чыгарба. Ошондуктан алты күн иштеп, ар кандай иштериңди кыл. Ал эми жетинчи күн — Жахаба Кудайыңа арналган ишемби... [Ошол күнү] эч кандай иш кылба» (Чыгуу 20:8—10). Ысрайылдыктардын календары боюнча, ишемби жума күнү күн баткандан кийин башталып, ишемби күнү күн батканга чейин созулчу. Ишембиде ысрайылдыктар үйүнөн эч жакка чыкпашы, от жакпашы, отун тербеши жана жүк ташыбашы керек болчу (Чыгуу 16:29; 35:3; Сандар 15:32—36; Жеремия 17:21). Ишембиге байланыштуу мыйзамды бузган киши өлүм жазасына тартылчу (Чыгуу 31:15).

 Ысрайылдыктардын календары боюнча, кээ бир күндөр, анын ичинде жетинчи жана элүүнчү жылдар да ишемби деп эсептелчү. Ишемби жылдары жер иштетүүгө тыюу салынган жана аласасы бар киши андан карыз алган ысрайылдык кишинин карызын кечиши талап болчу (Лебилер 16:29—31; 23:6, 7, 32; 25:4, 11—14; Мыйзам 15:1—3).

Исанын курмандыгы Ишембиге байланыштуу мыйзамды жойгон

Эмне үчүн Ишембиге байланыштуу мыйзамдын Иса Машаяктын жолдоочуларына тиешеси жок?

 Ишембиге байланыштуу мыйзам Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамга карманып жашаган адамдарга гана тиешелүү болгон (Мыйзам 5:2, 3; Жезекиел 20:10—12). Кудай башка элдерден Ишембини сактоону талап кылган эмес. Андан тышкары, Иса Машаяк өз өмүрүн курмандыкка чалгандан кийин, атүгүл ысрайылдыктар да Мыйзамдын, анын ичинде Он осуяттын «бийлигинен бошонгон» (Римдиктер 7:6, 7; 10:4; Галатиялыктар 3:24, 25; Эфестиктер 2:15). Ошондуктан Иса Машаяктын жолдоочулары Мусанын мыйзамына эмес, сүйүү мыйзамына карманып жашашат (Римдиктер 13:9, 10; Еврейлер 8:13).

Ишембиге байланыштуу жаңылыш түшүнүктөр

 Жаңылыш түшүнүк: Кудай Ишембиге байланыштуу мыйзамды жетинчи күнү эс алганда киргизген.

 Факт: Ыйык китепте: «Кудай жетинчи күнгө батасын берип, аны ыйыктады, анткени ошол күнү ал ниет кылган иштеринин баарын бүтүрүп, эс ала баштады»,— деп жазылган (Башталыш 2:3). Бул аятта адамдарга берилген мыйзам жөнүндө эмес, Кудайдын жетинчи күнү эмне кылганы жөнүндө эле айтылган. Ыйык Китепте Мусага чейин жашаган адамдардын ишембиге карманганы тууралуу эч кандай билдирүү жок.

 Жаңылыш түшүнүк: Ысрайылдыктар Мусанын мыйзамы берилгенге чейин эле Ишембиге байланыштуу мыйзамга карманышчу.

 Факт: Муса пайгамбар ысрайылдыктарга: «Жахаба Кудайыбыз Хорепте [Синай тоосунун тегерегиндеги аймакта] биз менен келишим түзгөн»,— деп айткан. Ал келишимде Ишемби күнгө байланыштуу мыйзам камтылган (Мыйзам 5:2, 12). Ысрайыл элине Ишемби жөнүндө айтылгандардан анын аларга жаңы нерсе болгонун билүүгө болот. Эгер алар Мисирде жүргөн кезде эле Ишембиге карманышкан болсо, Кудай айткандай, Ишемби алардын Мисир кулчулугунан бошонгонун кандайча эске салып турмак? (Мыйзам 5:15). Кудай аларга жетинчи күнү манна чогултпашы керектигин айтат беле? (Чыгуу 16:25—30). Ошондой эле алар мурда эле ал мыйзамга карманып жашаган болсо, Ишембиге байланыштуу мыйзамды бузган кишини кантип жазалашты билбей калышат беле? (Сандар 15:32—36).

 Жаңылыш түшүнүк: Ишембиге байланыштуу мыйзам — түбөлүккө түзүлгөн келишим, ошондуктан ага азыр да карманыш керек.

 Факт: Ыйык Китепте Ишембинин «түбөлүккө түзүлгөн келишим» экени айтылат (Чыгуу 31:16). Бирок «түбөлүк» деп которулган еврей сөзү чексиз убакытты эле эмес, «узакка созулган убакытты» да билдирет. Мисалы, ысрайыл элинин леби уруусунун дин кызматчылык милдетти түбөлүккө аткарары жөнүндөгү аятта да ошол сөз колдонулган, бирок алардын кызматы 2 000 жылдай мурун эле токтогон (Чыгуу 40:15; Еврейлер 7:11, 12).

 Жаңылыш түшүнүк: Иса Машаяк Ишембиге карманган, ошон үчүн анын жолдоочулары да карманышы керек.

 Факт: Иса Мыйзамды аткарууга төрөлгөнүнөн эле милдеттүү болгон жүйүт элинен чыккандыктан Ишембиге байланыштуу мыйзамга карманган (Галатиялыктар 4:4). Бирок ал өлгөндөн кийин, Мыйзам келишими, анын ичинде Ишембиге байланыштуу мыйзам жоюлган (Колосалыктар 2:13, 14).

 Жаңылыш түшүнүк: Иса Машаяктын жолдоочусу катары элчи Пабыл Ишембиге карманган.

 Факт: Элчи Пабыл Ишембиде синагогага барчу, бирок ал жүйүттөргө кошулуп Ишембиге карманчу эмес (Элчилер 13:14; 17:1—3; 18:4). Ал, ошол учурдагы каадага ылайык, синагогада баяндама айткандардын бири катары чогулган элдин алдына чыгып сөз сүйлөчү (Элчилер 13:15, 32). Элчи Пабыл Ишемби күнү эле эмес, «күн сайын» кабар айтчу (Элчилер 17:17).

 Жаңылыш түшүнүк: Иса Машаяктын жолдоочулары карманган Ишемби жекшемби күнгө туш келет.

 Факт: Ыйык Китепте Иса Машаяктын жолдоочуларынын жекшемби күндү, жуманын биринчи күнүн, эс алууга жана Кудайга сыйынууга арнашы керектигине байланыштуу эч кандай мыйзам жок. Исанын алгачкы жолдоочулары жекшемби күндү башка жумуш күндөрүндөй эле эсептешчү. Бир энциклопедияда жекшемби күн 4-кылымдан — Константин (бутпарас элинен болгон Рим императору) жекшемби күнү эч кандай жумуш жасалбашы керектиги тууралуу буйрук чыгаргандан — тартып ишемби күн катары эсептеле баштаганы айтылат («The International Standard Bible Encyclopedia») a.

 Бирок жекшемби өзгөчө күн болгон дегендей ойго түрткөн билдирүүлөр тууралуу эмне айтууга болот? Ыйык Китепте элчи Пабылдын «жуманын биринчи күнү», тагыраак айтканда, жекшемби күнү ишенимдештери менен тамактаныш үчүн чогулганы айтылат. Бирок алар, Пабыл эртеси күнү жолго чыгышы керек болгондуктан эле, ошол күнү чогулушкан (Элчилер 20:7). Андан тышкары, Ыйык Китепте 1-кылымдагы айрым жыйналыштарга муктаж болгондорго жардам бериш үчүн акчасын «жуманын биринчи күнүндө», жекшембиде, бөлүп коюп жүрүшү керектиги айтылган. Бирок бул тек гана акча-каражатты туура бөлүштүрүүгө байланыштуу берилген кеңеш болчу, анткени муктаж болгондор үчүн бөлүп койгон акчаны жыйналышта эмес, ар ким өз үйүндө сактачу (1 Корунттуктар 16:1, 2).

 Жаңылыш түшүнүк: Жума сайын бир күндү эс алууга жана Кудайга сыйынууга арноо туура эмес.

 Факт: Ыйык Китепте муну ар ким өзү чечери айтылат (Римдиктер 14:5).

a Кара: «Жаңы католик энциклопедиясы» (англ.), экинчи басылышы, 13-том, 608-бет.