Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык Китепте 1914-жыл жөнүндө эмне делет?

Ыйык Китепте 1914-жыл жөнүндө эмне делет?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепке ылайык, 1914-жылы асманда Кудайдын Падышалыгы орногон. Муну Даниел китебинин 4-бөлүмүндө жазылган пайгамбарлык тастыктап турат.

Пайгамбарлыкта эмне делген? Кудай Бабыл падышасы Небухаданасарга пайгамбарлык мааниси бар аян берген. Ал аянда падыша абдан бийик даракты жана анын кыйылып, «жети мезгил» өтмөйүнчө, дүмүрүнө темир менен жез алкак кийгизилгенин көргөн (Даниел 4:1, 10—16).

Пайгамбарлыктын алгачкы аткарылышы. Бийиктиги асманга жеткен дарак Небухаданасар падышаны билдирген (Даниел 4:20—22). Ал жети жылга акыл-эсинен жана бийлигинен ажыратылып, каймана мааниде кыйылган (Даниел 4:25). Кудай Небухаданасар падышаны акыл-эсине кайра келтиргенден кийин, ал кайрадан падышалык бийликке ээ болуп, баарынын үстүнөн бир гана Кудайдын башкарууга укуктуу экенин мойнуна алган (Даниел 4:34—36).

Пайгамбарлыктын дагы бир жолу аткарылмактыгынын далили. Ал пайгамбарлык жер жүзүндөгү адамдардын баары «Эң Жогорку Кудайдын адамзат падышалыгынын Башкаруучусу экенин, аны кимге бергиси келсе, ошого берерин жана тактыга адамдардын арасынан эң төмөн турганын отургузарын түшүнүшү үчүн» айтылган (Даниел 4:17). Кудай падышалыкты бере турган киши текебер Небухаданасар падыша беле? Жок. Кудай андан мурунураак ага пайгамбарлык мааниси бар башка түш аркылуу анын да, андан башка башкаруучунун да андай бийликти алууга татыктуу эмес экенин көрсөткөн. Анткени «эч качан кыйратылбай турган Падышалыкты» ал өзү орнотмок (Даниел 2:31—44).

Бирок ага чейин эле жерде Кудай башкарган бир падышалык бар болчу. Ал байыркы ысрайыл элин тандап алып, ошол элден падышалык түзгөн. Тилекке каршы, ал падышалыктын падышалары Кудайдын алдында күнөөгө баткандыктан, Кудай анын «кыйратылышына» жол берген. Бирок Кудай бийликти «укугу бар бирөөгө» берерин алдын ала айткан (Жезекиел 21:25—27). Ыйык Китептен айкын көрүнгөндөй, түбөлүк тура турган ал Падышалыкта башкарууга бир гана Иса Машаяк укуктуу болгон (Лука 1:30—33). Пайгамбарлыкта айтылгандай, текебер Небухаданасар падышадан айырмаланып, анын «жүрөгү момун» болгон (Матай 11:29).

Даниел китебинин 4-бөлүмүндө айтылган дарак эмнени билдирет? Ыйык Китепте дарак кээде бийликти билдирет (Жезекиел 17:22—24; 31:2—5). Андыктан Даниел китебинин 4-бөлүмүндө айтылган бийик дарак ал пайгамбарлыктын негизги аткарылышында Кудайдын бийлигин билдирет.

Дарактын кыйылышы эмнени билдирет? Дарактын кыйылышы Небухаданасар падышанын убактылуу бийлик жүргүзбөй калганын билдиргендей эле, Кудайдын жердеги падышалыгы аркылуу жүргүзгөн бийлиги да убактылуу токтомоктугун билдирген. Ал убак Небухаданасар Иерусалимди — Ысрайыл падышалары «Жахабанын тактысына» отуруп, анын өкүлдөрү катары бийлик кылган шаарды — талкалаганда башталган (1 Жылнаама 29:23).

«Жети мезгил» эмнени билдирет? «Жети мезгил» Кудайдын жердеги падышалыгы аркылуу жүргүзгөн бийлигин токтотуп, башка элдерге жер жүзүн өз алдынча башкарууга жол берип келген убакыт аралыгын билдирет. «Жети мезгил», Ыйык Китептеги эсептөөлөргө ылайык, Иерусалим б.з.ч. 607-жылдын октябрь айында бабылдыктар тарабынан талкаланганда башталган * (2 Падышалар 25:1, 8—10).

«Жети мезгил» канча убакытка созулмак? Ал мезгил, пайгамбарлыктын алгачкы аткарылышындагыдай болуп, кадимки жети жылга созулмак эмес. Муну Иса Машаяктын: «Башка элдерге белгиленген убакыт аяктаганга чейин, Иерусалим [Кудайдын бийлигинин символу] алардын таман астында калат»,— деген сөздөрүнөн билүүгө болот (Лука 21:24). «Белгиленген убакыт», тагыраак айтканда, Кудай өзүнүн бийлигинин башка элдердин «таман астында калышына» жол берген убакыт менен Даниел китебинин 4-бөлүмүндө айтылган «жети мезгил» бир эле убакытты билдирет. Демек, Иса Машаяк жогорудагы сөздөрдү айткан учурда «жети мезгил» бүтө элек болчу.

Ыйык Китеп «жети мезгилдин» канча убакытка созуларын аныктаганга жардам берет. Андан үч жарым мезгилдин 1 260 күнгө барабар экенин көрүүгө болот. Демек, «жети мезгил» андан эки эсе көп болгондуктан 2 520 күнгө барабар (Аян 12:6, 14). Ыйык Китептеги: «Бир күн үчүн бир жыл»,— деген принципти эске алганда, 2 520 күн 2 520 жылды билдирип калат. Андыктан «жети мезгил» же 2 520 жыл 1914-жылдын октябрында аяктаган (Сандар 14:34; Жезекиел 4:6).

^ 10-абз. Ал мезгилдин эмне үчүн б.з.ч. 607-жылдан тартып эсептелери жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн төмөнкү макалаларды карагыла: «Күзөт мунарасы» (ор.), 2011-жыл, 1-октябрь, 26—31-беттер, «Байыркы Иерусалим качан талкаланган?», (1-бөлүк); «Күзөт мунарасы» (ор.), 2011-жыл, 1-ноябрь, 22—28-беттер, «Байыркы Иерусалим качан талкаланган?» (2-бөлүк).