Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Кудай бойдон алдырууга кандай карайт?

Кудай бойдон алдырууга кандай карайт?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Адамдын өмүрү Кудайдын көз алдында абдан баалуу, ыйык. Ал ал тургай жарык дүйнөгө келе элек түйүлдүктү да тирүү адам катары санайт. Мисалы, Дөөтү пайгамбар Кудай жөнүндө: «Көздөрүң мени түйүлдүк кезимде эле көргөн»,— деп жазган (Забур 139:16). Кудайдын мыйзамы боюнча, курсакта жаткан балага зыян келтирген киши жоопко тартылышы керек болчу. Демек, төрөлө элек ымыркайдын өмүрүн кыюу Кудайдын көз алдында киши өлтүрүү болуп эсептелет (Чыгуу 20:13; 21:22, 23).

Ал эми төрөт учурунда күтүлбөгөн жерден жагдай оорлоп, ымыркайдын өмүрүн же энесинин өмүрүн сактап калууну чечиш керек болуп калсачы? Андай учурда жубайлар кимисинин өмүрүн сактап калыш керектигин өздөрү чечиши керек.