Мазмунун көрсөтүү

Бойдон алдыруу жөнүндө Ыйык Китепте айтылабы?

Бойдон алдыруу жөнүндө Ыйык Китепте айтылабы?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте «бойдон алдыруу» деген сөздөр жатындагы түйүлдүктү атайылап алып салуу деген мааниде колдонулган эмес. Бирок Ыйык Китептеги көптөгөн аяттардан Кудайдын адамдын өмүрүнө, анын ичинде төрөлө элек баланын өмүрүнө карата кандай көз карашта экенин билүүгө болот.

 Өмүр — Кудайдын белеги (Башталыш 9:6; Забур 36:9). Ал бардык тирүү жандын, ал тургай жатында жаткан баланын өмүрүн да баалайт. Ошо себептен төрөлө элек баланын өмүрүн атайылап кыюу киши өлтүргөндүккө жатат.

 Кудайдын ысрайылдыктарга берген Мыйзамында мындай деп жазылган: «Эркектер мушташа кетип, кош бойлуу аялды уруп жиберишсе жана ал ай-күнүнө жетпей төрөп койсо, бирок эч кандай өлүм болбосо, анда күнөөлүү тарап аялдын күйөөсү салган салыкты төлөп берсин. Ал салыкты соттордун чечимине ылайык төлөп берсин. Ал эми кимдир бирөө өлүп калса, анда жанга жан беришиң керек» (Чыгуу 21:22, 23) a.

 Адамдын өмүрү качан башталат?

 Кудайдын көз карашына ылайык, адамдын өмүрү бойго бүткөндөн тартып эле башталат. Ыйык Китепте Кудайдын төрөлө элек баланы тирүү адам деп эсептээри көп жолу айтылат. Кудайдын көз алдында жатында жаткан бала менен төрөлгөн бала бирдей экенин көрсөткөн мисалдардын айрымдарын карап көрөлү.

  •   Дөөтү падыша ыйык рухтун жетеги менен Кудайга: «Көздөрүң мени түйүлдүк кезимде эле көргөн»,— деп айткан (Забур 139:16). Ооба, Дөөтү төрөлө элек кезинде эле Кудай аны тирүү адам деп эсептеген.

  •   Жеремия пайгамбар төрөлө электе эле Кудай анын өзгөчө тапшырманы аткарарын билген. Ал ага: «Мен сени энеңдин ичинде калыптай элегимде эле билчүмүн. Сени жатындан чыга элегиңде эле ыйыктап, элдерге пайгамбар кылып койгом»,— деген (Жеремия 1:5).

  •   Ыйык Китепти жазууга катышкан жана доктур болгон Лука төрөлө элек балага да, жаңы төрөлгөн ымыркайга да бир эле грек сөзүн колдонгон (Лука 1:41; 2:12, 16).

 Кудай бойдон алдыргандарды кечиреби?

 Бойдон алдыргандар Кудайдын кечиримине ээ боло алышат. Эгерде алар Кудайдын өмүргө карата болгон көз карашын кабыл алган болушса, өздөрүн өтө эле күнөөлүү сезе бербеши керек. Ыйык Китепте: «Жахаба b кайрымдуу жана ырайымдуу... Батыштан чыгыш канчалык алыс болсо, ал бизден кылмыштарыбызды ошончолук алыстатты»,— деп жазылган (Забур 103:8—12). Жахаба мурун кылган күнөөлөрү, анын ичинде бойдон алдырганы үчүн чындап өкүнгөндөрдүн баарын кечирет (Забур 86:5).

 Эненин же баланын өмүрүнө коркунуч туулса, бойдон алдыруу туурабы?

 Төрөлө элек баланын өмүрүнө карата Ыйык Китепте айтылгандарды эске алганда, эненин же баланын өмүрүнө коркунуч туулушу мүмкүн болгондуктан эле бойдон алдырууну актоого болбойт.

 Ал эми эненин же баланын өмүрүнө чындап коркунуч туулган өзгөчө кырдаалдар жөнүндө эмне айтууга болот? Андай учурда буга тиешеси бар адамдар кимди сактап калууну өздөрү чечиши керек болот.

a Айрым котормолордо Ысрайыл элине берилген бул мыйзамда айтылгандар түйүлдүккө эмес, энеге карата айтылгандай кылып берилген. Бирок еврей тилиндеги текстте «кимдир бирөө өлүп калса» деген сөздөр энеге да, түйүлдүккө да карата айтылганы көрсөтүлгөн.

b Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат (Забур 83:18).