Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Кайсы белги «акыркы күндөрдө» же «акыркы убакта» жашап жатканыбызды көрсөтүп турат?

Кайсы белги «акыркы күндөрдө» же «акыркы убакта» жашап жатканыбызды көрсөтүп турат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте «бул дүйнө түзүлүшүнүн» аягында кандай окуялардын болору айтылган (Матай 24:3). Ал мезгил «акыркы күндөр» же «акыркы убак» деп аталат (2 Тиметей 3:1; Даниел 8:19). Акыркы күндөрдө аткарыла турган пайгамбарлыктардын айрымдары булар:

  • Жер-жерлерде согуш болот (Матай 24:7; Аян 6:4).

  • Ачарчылык (Матай 24:7; Аян 6:5, 6).

  • Жер титирөө (Лука 21:11).

  • Жугуштуу оорулар (Лука 21:11).

  • Мыйзамсыздыктын күч алышы (Матай 24:12).

  • Адамдардын жерди кыйратышы (Аян 11:18).

  • Адамдардын көбү туура эмес маанай чагылдырат, тактап айтканда, «жакшылыкты билбеген, ишенимсиз,.. эпке-сөзгө келбеген, жалаа жапкан, өзүн өзү кармай албаган, ырайымсыз, жакшылык кылгысы келбеген, чыккынчы, өз дегенин бербеген, текебер» болот (2 Тиметей 3:1—4).

  • «Жакындарын сүйбөгөндүктөн» үй-бүлө бузулат, балдар «ата-энесинин тилин албай» калат (2 Тиметей 3:2, 3).

  • Көптөрдө Кудайга болгон сүйүүнүн илеби кайтат (Матай 24:12).

  • Кудайга ишенем дегендер эки жүздүүлүк кылышат (2 Тиметей 3:5).

  • Ыйык Китепте жазылгандардын, анын ичинде акыркы күндөргө байланыштуу пайгамбарлыктардын мааниси көбүрөөк ачылат (Даниел 12:4).

  • Падышалык жөнүндөгү жакшы кабар дүйнө жүзүнө таратылат (Матай 24:14).

  • Дүйнөнүн акырына жакын калганын көрсөткөн далилдер айкын көрүнүп турса да, көптөр буга маани бербейт, атүгүл кабар айткандарды шылдыңдашат (Матай 24:37—39; 2 Петир 3:3, 4).

  • Бул пайгамбарлыктардын бир нечеси же көбү эмес, баары бир учурда аткарылат (Матай 24:33).

Акыркы күндөрдө жашап жатабызбы?

Ооба. Дүйнө жүзүндө болуп жаткан окуялар жана убакыт-саатка байланыштуу Ыйык Китепте жазылгандар 1914-жылы акыркы күндөрдүн башталганын көрсөтүп турат. Ошол жылы Кудайдын Падышалыгы асмандан бийлик жүргүзө баштаган. Ал чу дегенде эле Шайтан менен жиндерди асмандан жерге кууп түшүрүп, алардын иш-аракетин чектеген. Тагыраак айтканда, алар мурдагыдай асманга бара алышпайт (Аян 12:7—12). Шайтандын адамдарды бузуп жатканы «акыркы күндөрдө» алардын терс маанай чагылдырганынан, жаман иштеринен көрүнүүдө (2 Тиметей 3:1).

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Азыр акыркы күндөр экенин кайдан билебиз?

Айланабыздагылардын кылган иштери, сапаттары Ыйык Китепте алдын ала айтылган акыркы күндөрдө жашап жатканыбызды кандайча тастыктап турары жөнүндө окуп көргүлө.

Акыр замандан коркуш керекпи?

Акыр заман жөнүндө Ыйык Китепте жазылгандар силерди таң калтырышы мүмкүн.

Армагедон согушу деген эмне?

«Армагедон» деген сөз Ыйык Китепте бир эле жолу кездешет. Бирок ал согуштун өзү жөнүндө Ыйык Китепте көп айтылат.