Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Азап-кайгынын баарына Шайтан себепкерби?

Азап-кайгынын баарына Шайтан себепкерби?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте Шайтан Ибилистин чынында эле бар экени жана кылмышкерлердин ана башчысы сыңары өзүнүн максатына жетиш үчүн «жалган керемет-жышаандарды», «ар кандай калпты» колдонору айтылат. Ыйык Китепте атүгүл анын «өзүн жарыктын периштеси кылып көрсөтөрү» айтылган (2 Тесалоникалыктар 2:9, 10; 2 Корунттуктар 11:14). Шайтандын чындыгында эле бар экенин дүйнөгө тийгизип жаткан зыяндуу таасиринен билүүгө болот.

Анткен менен азап-кайгынын баарына жалгыз эле Шайтан себепкер эмес. Себеби Кудай адамды жакшы менен жаманды айырмалай алгыдай кылып жараткан (Жашыя 24:15). Ошондуктан жаман ишке барып, анын кесепетин тартканыбызда ага Шайтан эмес, өзүбүз күнөөлүү болобуз (Галатиялыктар 6:7, 8).