кыргыз
Баш кошконго чейин чогуу жашасак болобу?
https://cms-imgp.jw-cdn.org/img/p/500300124/univ/art/500300124_univ_sqr_xl.jpg
ijwhf 34-макала

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | НИКЕ

Баш кошконго чейин чогуу жашасак болобу?

Баш кошконго чейин чогуу жашасак болобу?

 Көптөр баш кошконго чейин эле чогуу жашай беришет. Айрымдар бири бирине канчалык төп келерин билиш үчүн, кийин баш кошкондо бактылуураак болуш үчүн ошентишет. Бирок чын эле баш кошконго чейин чогуу жашаган туурабы?

Бул макалада:

 Ыйык Китепте эмне делет?

  •   Ыйык Китепте никеден тышкаркы жыныстык мамилеге тыюу салынат. Алсак, анда: «Жыныстык адеп-ахлаксыздыктан алыс болгула»,— деп айтылат (Тесалоникалыктарга 1-кат 4:3; Корунттуктарга 1-кат 6:18). Буга «кийин ​баары бир үйлөнөбүз да» деп чогуу жашап жаткан аял менен эркектин ортосундагы жыныстык мамиле да кирет. a Ыйык Китептеги мыйзам-принциптер баш кошпой эле чогуу жашагандар туш болушу мүмкүн болгон кыйынчылыктардан, мисалы, кош бойлуу болуп калгандан же дагы башка кесепеттерден сактайт.

  •   Никени Кудай негиздеген. Ал аны негиздеп жатканда: «Эркек ата-энесин калтырып, аялы менен биригет да, экөө бир бүтүн болот»,— деп айткан (Башталыш 2:24). Жубайлардын бири бирине берилгендик сактаганы сүйүү өкүм сүргөн бекем үй-бүлөлөрдөн болгонго жакшы пайдубал болот.

 Үй-бүлө курганга даярдайбы?

 Айрымдар «ооба» дешет. Алар чогуу жашап жатканда үйдөгү иштерди чогуу кылсак, бири-бирибиздин сапаттарыбызды, кулк-мүнөзүбүздү байкасак, үй-бүлө курганга жакшы даярдана алабыз деп ойлошот. Бирок үй-бүлө бактылуу болушу үчүн, баарынан да жубайлардын бири бирине берилгендик сактаганы маанилүү.

 Алар турмуштун ысык-суугуна карабай «бир бүтүн» болуш үчүн эмне кылса болот? «Болсо болду, болбосо эки башка жолго түшөбүз да» деп чогуу жашоо никени бактылуу кылбайт. Ал эми бири бирине берилгендик сактаган, көйгөйлөрдү чогуу чечкенге умтулган түгөйлөрдүн мамилеси бекем болот.

 Жыйынтык: Баш кошконго чейин эле чогуу жашаган аял-эркек үй-бүлө курганга эмес, ажырашканга даярданган болот.

 Ыйык Китептеги принцип: «Адам эмнени сепсе, ошону орот» (Галатиялыктарга 6:7).

 Акчаңар үнөмдөлөбү?

 Айрымдар «ооба» дешет. «Пю» изилдөө борборунда жүргүзүлгөн сурамжылоодон Кошмо Штаттарда болжол менен он кишинин төртөөнүн акчаны үнөмдөш үчүн чогу жашаары айкын болгон. Бирок ошол сурамжылоого катышкандардын көбү баш кошпой жүргөнүнүн негизги себеби акчанын тартыштыгы экенин айтышкан.

 Никени каттатпай чогуу жашоонун дагы башка кесепеттери болушу мүмкүн. Аларды көбүнчө аялдар тартат. Алсак, экөө эки бөлөк кеткенден кийин, эгер ортодо балдар бар болсо, аларды багуу милдети көбүнчө энелерге артылып калат.

 Жыйынтык: Никеге чейин чогуу жашоонун пайдасынан зыяны көп болушу мүмкүн.

 Ыйык Китептеги принцип: «Мен, Жахаба, сенин Кудайыңмын, сени өзүңө эле пайдалуу боло турган нерсеге үйрөтөм» (Ышая 48:17).

 Ылайыксыз бирөө менен баш кошуп алгандан сактайбы?

 Айрымдар «ооба» дешет. Бирок, бир китепте айтылгандай, никеге турбай эле чогуу жашагандар кийин мамилесин үзүү канчалык оор болорун көп учурда толугу менен түшүнбөшү мүмкүн. Эмне үчүн? Анткени чогуу жашап жаткандардын айрымдары бири бирине төп келбей турганын түшүнүшү ыктымал. Бирок экөө чогуу багып алган ит-мышыгы болсо, ижараны чогуу төлөшсө же кыздын боюна бүтүп калса, «айла жок, эми эмне кылабыз» деп, андан ары чогуу жашай беришет. b «Жогоруда саналган себептер болбогондо айрымдар баш кошконго чейин эле мамилесин үзмөк. Бирок аларга андан ары чогуу жашай берген жеңилирээктей сезилгендиктен баш кошууну чечишет»,— делет жогоруда сөз кылынган китепте («Fighting for Your Marriage»).

 Жыйынтык: Чогуу жашоо туура чечим чыгарганга жардам бергендин ордуна, сага төп келбеген киши менен болгон мамилеңди үзүүнү ого бетер оордотот.

 Ыйык Китептеги принцип: «Кыраакы киши коркунучту көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз эле кете берип, кесепетин тартат» (Накыл сөздөр 22:3).

 Кандай кылсаң туура болот?

 Сенде бактылуу үй-бүлө курганга мүмкүнчүлүктөр бар. Ал эми никеге чейин чогуу жашоонун кесепеттеринен кача аласың. Муну кантип кылсаң болот? Ан үчүн Ыйык Китептеги никеге байланыштуу мыйзам-принциптерге бекем карман. Жактырып жүргөн кишиңди жакшыраак таанып-бил. Буга үйлөнгөнгө чейин жетиштүү убакыт бөл. Ким менен баш кошсом деп ойлонуп жүргөндө жыныстык муктаждыктарыңды канааттандырууну эле ойлобой, ишенген, баалаган нерселериңер төп келген кишини тапканга аракет кыл. Бул баарынан маанилүү.

 Ыйык Китепте бактылуу, бекем нике курганга жардам берген сонун кеңештер бар. c Алсак, анда төмөнкүлөрдү кылганга көмөк кылган принциптер камтылган:

 Ушул тема тууралуу көбүрөөк билгиңер келсе, jw.org сайтындагы «Нике жана үй-бүлө» деген бөлүккө кирип көргүлө.

 Ыйык Китептеги принцип: «Ыйык Жазманын баары Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен жазылган жана пайдалуу: ал окутуп-үйрөтөт» (Тиметейге 2-кат 3:16).

b «Үй-бүлөдөгү мамилелер» деген журналдагы «Агым менен эле кете бериш керекпи же чечим чыгарыш керекпи? „Айла жок, чогуу жашай берели“ деген көз караштын жана үйлөнгөнгө чейин чогуу жашагандын кесепети» деген макаладан алынды (Scott M. Stanley, Galena Kline Rhoades, and Howard J. Markman, «Family Relations»).

c Айрым маданияттарда уулуна же кызына өмүрлүк жарды ата-энелери таап берет. Андайда ата-энелер болочок келининин же күйөө баласынын кандай сапаттарына көңүл бурушу керек? Ыйык Китепте буга тиешелүү да жакшы кеңештер бар.