Мазмунун көрсөтүү

АЛАРДАН ҮЛГҮ АЛГЫЛА | АЮП

«Кынтыксыздыгыман жазбаймын!»

«Кынтыксыздыгыман жазбаймын!»

Ал сыз жерде отурат. Бүт денесин, башынан таманына чейин, жара баскан. Башы шылкыйып, ызылдаган чымын-чиркейди кууганга да дарманы келбей, шалдайып, жалгыз отурат. Жарасын кырыш үчүн карапанын сыныгын алып, күлгө отурганынан кайгысы жанына батканын көрүүгө болот. Бир кездерде кадырлап-сыйлагандар эми аны киши катары көрбөйт! Тууган-туушкандарынын, досторунун, коңшу-колоңдорунун арасынан ага жан тарткан эч ким жок. Элдин баарынын, ал тургай кичинекей балдардын шылдыңына алынууда. Ал өзүнүн Кудайы Жахаба да ага кастарын тикти деген жаңылыш ойдо (Аюп 2:8; 19:18, 22).

Бул Аюп пайгамбар эле. Кудай ал жөнүндө: «Жер жүзүндө андай адам жок»,— деп айткан (Аюп 1:8). Нечендеген кылымдар өткөндөн кийин да Жахаба Аюп пайгамбарды адилдигинен жазбаган адамдардын бири катары санап өткөн (Жезекиел 14:14, 20).

Силер да кырсык-каргашанын, кыйынчылыктын азабын тартып жатасыңарбы? Ошондой болсо Аюп пайгамбардын башынан өткөндөрү силерди жубатары күмөнсүз. Андан сырткары, Кудайдан корккон ар бир киши өрчүтүшү керек болгон кынтыксыздык деген сапатты тереңирээк түшүнгөнгө өбөлгө түзөт. Адам оор мүшкүл түшкөндө да Кудайга толук берилгендик сактап, анын эркин аткара бергени менен кынтыксыз экенин далилдей алат. Келгиле, Аюп пайгамбардан кандай үлгү алсак болоруна токтололу.

Аюп пайгамбар эмнени билген эмес?

Аюптун окуясын, кыязы, Муса пайгамбар ал көз жумгандан бир нече убакыт өткөндөн кийин жазган. Ал Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен Аюптун жашоосуна таасир эткен жерде болгон окуяларды эле эмес, асманда болгон окуяларды да баяндаган.

Ал билдирүүнүн башында Аюп пайгамбардын бактылуу болуп, маңыздуу жашоо өткөрүп жатканы айтылат. Байлыгы мол болгон, атагы алыска кеткен жана элдин урмат-сыйына татыган ал киши Ус деген жерде жашаган. Ус, сыягы, Арабиянын түндүк жагынан орун алган. Аюп муктаж болгондордон колундагысын аябай, ар дайым алсыздардын таламын талашкан. Жубайы экөөнүн он баласы болгон. Эң негизгиси, ал Жахаба Кудайы менен болгон ынак мамилесин жогору баалаган. Ал, алыскы туугандары болгон Ыбрайым, Ыскак, Жакып жана Жусуп пайгамбарлар сыяктуу эле, Жахабага жагууга бүт күчүн жумшаган. Ошол уруу башчыларына окшоп, Аюп үй-бүлөсүндө дин кызматчынын милдетин аткарып, балдары үчүн курмандык чалып турган (Аюп 1:1—5; 31:16—22).

Ыйык Китепте Аюп жөнүндө айтылып келатып эле окуя такыр башка нукка бурулат. Тагыраак айтканда, Аюп пайгамбар эч нерсе билбеген, асманда болгон окуя баяндала баштайт: Жахаба Кудайдын ишенимдүү периштелери анын алдына чогулат. Анан ал жерге Кудайга каршы чыккан Шайтан да барат. Жахаба Шайтандын Аюп аттуу адил кишини жек көрөрүн билчү. Ошондуктан Кудай Шайтандын көңүлүн Аюпка буруп, анын кынтыксыздыгынан жазбай келатканын айтат. Шайтан жазганбай туруп: «Аюп Кудайдан бекеринен коркуп жүрүптүрбү?.. Сен аны да, үйүн да, колундагысынын баарын туш тарабынан коргоп жаткан жоксуңбу?» — дейт. Ооба, Шайтан кынтыксыздыгын сактаган адамдарды жек көрөт. Андай адамдар Жахаба Кудайга бүт жүрөгү менен берилип, ишенимдүүлүгүн сактаганда Шайтандын эч кимди сүйбөгөн жалганчы экени далилденет. Ошентип, Шайтан Аюп өз пайдасын көздөгөнү үчүн Кудайга кызмат кылат деп көшөрө айтат. Анан Жахабага, эгер Аюп колунда болгондун баарынан айрылса, ачык эле тил тийгизет дейт (Аюп 1:6—11).

Жахаба ага толук ишенгендиктен, Шайтандын жалганчы экенин далилдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Аюп пайгамбар бул тууралуу эч нерсе билбейт. Кудай Шайтанга Аюпту колунда болгондун баарынан ажыратууга уруксат берет, бирок анын өзүнө тийүүгө тыюу салат. Ошондо Шайтан ырайымсыздык менен ишке киришет. Бир эле күндө Аюпту биринин артынан бири келген кырсык-каргаша басат. Ал малынын барынан айрылат. Ага өгүздөрү менен эшектерин чаап кетишкени, анан койлорунун кырылып калганы тууралуу кабар келет. Бир аз убакыт өткөндөн кийин төөлөрүн айдап кетишкенин айтып келишет. Баарынан жаманы, малчылары да жан таслим болгонун угат. Кабар жеткирип келгендердин бири «асмандан Кудайдын оту» түшкөнүн айтат. Калыбы, ал чагылган болсо керек. Аюп пайгамбар эсин жыя албай, дендароо болуп туруп калат. Адамдардын өмүрүнөн айрылганы, мал-мүлкүнөн эч нерсе калбай, жакырчылыктын сазына батканы жөнүндө ойлонгуча эле, эт-бөйрөгүн солкулдатып, кабыргасын майыштырган эң суук кабар келет. Анын он баласы улуу агасынын үйүндө чогулуп отурганда, катуу шамал үйдү кыйратып, балдарынын баары өлүптүр! (Аюп 1:12—19)

Аюптун күйүттөн мүңкүрөп, эт жүрөгү сыздаганын сүрөттөөгө сөз кудурети жетпес. Ал сырт кийимин айрып, чачын алып, чөгөлөп, жерге жыгылат. Аюп Кудай ага бергенин кайра алды деген жыйынтыкка келген. Анткени куу Шайтан ошол кырсык-каргашанын баарын Кудай жибергендей кылып көрсөтүп койгон. Ошентсе да Аюп Кудайына тил тийгизбестен, Шайтандын айтканын төгүнгө чыгарган. Ал: «Жахабанын ысмы ар убак даңкталсын»,— дейт (Аюп 1:20—22).

Аюп пайгамбар Шайтандын аны Жахабанын алдында каралаганын билген эмес

«Сага тил тийгизет»

Жини кашайган Шайтан ошону менен эле токтоп калбайт. Ал Жахаба периштелери менен чогулган жерге кайра барат. Жахаба Шайтандын соккуларына туруштук берип, кынтыксыздыгынан жазбаган Аюпту кайрадан мактайт. Шайтан болсо: «Адам өз өмүрүн сактап калыш үчүн башкалардын өмүрүн аябайт! Жаны үчүн ал колунда болгондун баарын берет. Эми колуңду сунуп, денеси менен сөөгүнө тийип көрчү, сага тил тийгизбей коёт бекен, ачык эле тил тийгизет»,— дейт. Ал, эгер Аюп катуу ооруп калса, Кудайына сөзсүз тил тийгизет деп ойлогон. Аюпка толук ишенгендиктен Жахаба Шайтанга аны катуу ооруга чалдыктырууга жол берет. Бирок өлтүрбөшү керектигин айтат (Аюп 2:1—6).

Ошентип, Аюп пайгамбар, макаланын башында сүрөттөлгөндөй, зээн кейитерлик абалга туш болгон. Эми анын байкуш зайыбын элестетип көрөлү. Кара чечекей он баласынан бир заматта айрылып, кан жутуп отурганы аз келгенсип, абышкасына да мындай жаман дарт жармашты. Колунан эч нерсе келбей, анын жаны кыйналып жатканын карап тургандан башка аргасы жок. Анан кайгынын оор салмагын көтөрө албай кетип, Аюпка: «Дагы эле кынтыксыздыгыңан жаза элексиңби? Кудайды карга да, өл!» — деп айтат. Аюп сүйгөн жарынан мындайды такыр күткөн эмес эле. Ал: «Сен акылсыз аялдай сүйлөп жатасың»,— деп айткандан башка эч нерсе дей албайт. Бирок ошондо да Кудайына тил тийгизбейт. Тили менен бир да күнөө кетирбейт (Аюп 2:7—10).

Тарыхта чындап эле болгон бул кайгылуу окуя жеке сага да тиешелүү деп ойлойсуңбу? Шайтандын Аюпту эле эмес, бүт адамзатты каралаганын байкасаң. Ал: «Адам өз өмүрүн сактап калыш үчүн башкалардын өмүрүн аябайт»,— деген. Шайтан, мындайча айтканда, бир да адам Кудайга берилгендик сактай албайт деген. Ал сенин да Кудайды чындап сүйбөй турганыңды, жаныңды сакташ үчүн андан оңой эле баш тартып кетериңди айтат. Чынында, ал сенин, өзүнө окшоп, өзүмчүл экениңди далилдегиси келет. Анын айткандарын төгүнгө чыгаргың келеби? Мындай мүмкүнчүлүк ар бирибизде бар (Накыл сөздөр 27:11). Эмесе, Аюптун андан ары кандай кыйынчылыкка туш болгонун билели.

Жубатымыш болгон мерез достор

Аюптун башына мүшкүл түшкөнүн угуп, аны жубатыш үчүн үч киши, Ыйык Китепте айтылгандай, үч досу келет. Алар Аюпту алыстан көргөндө тааныбай коюшат. Анткени анын денесин жара басып, өңү кара-көк тартып, кейпи кетип калган эле. Ал үч киши: Элипаз, Билдат жана Сопар өкүрүп ыйлап, ар бири кийимин айрып, башына топурак чачып, кошо кайгырып жатканын көрсөтүшөт. Анан Аюптун жанына отурушат, бири да лам деп ооз ачпайт. Бир жума бою, күнү да, түнү да, бир ооз сөз айтышпайт. Анткен менен алар Аюпту жубатыш үчүн унчукпай отурушкан эмес. Ага бир да суроо бербегенинен анын акыбалын кымындай да ойлоп койбогонун биле алабыз. Алар Аюптун жаны сыздап кыйналып жатканын гана билишкен. Бирок бул айтпаса деле айкын көрүнүп турган (Аюп 2:11—13; 30:30).

Акырында Аюп өзү сөз баштайт. Ал төрөлгөн күнүн каргап, канчалык жаны сыздап жатканын билдирет. Анан баарынан да аны эмне азапка салып турганын айтат. Ал мунун баарын Кудай кылып жатат деп ойлогон (Аюп 3:1, 2, 23). Аюп Кудайга ишенбей калган эмес, болгону, жубатууга ушунчалык муктаж болчу. Бирок үч досу сүйлөй баштаганда, алардын унчукпай отурганы жакшы болгонуна ынанат (Аюп 13:5).

Анан Элипаз сөз баштайт. Сыягы, ал экөөнөн жана Аюп пайгамбардан бир топ эле улуураак болсо керек. Бир аздан кийин берки экөө да анын сөзүн коштойт. Алар, Элипаздай болуп, акылсыздыкка жаткан сөздөрдү айткан. Бир караганда, алардын айткандарынын айрымдары туурадай сезилиши мүмкүн. Себеби алар Кудай жөнүндө көптөр билген, акылга сыярлыктай, туурадай сезилген нерселерди айтышкан болчу. Мисалы, Кудайдын улуулугу жана анын жаман адамдарды жазалай турганы, жакшыларга болсо батасын берери жөнүндө сөз кылышкан. Бирок сүйлөп баштаганда эле алардын Аюпка такыр боору оорубаганы айкын көрүнгөн. Элипаз мындай жөнөкөй логиканы колдонгон: Кудай адилеттүү болсо жана ыймансыздарды жазаласа, демек, Аюп тийиштүү жазасын алып жаткан жокпу? Жаман иш кылып, күнөөгө баткан эмеспи? (Аюп 4:1, 7, 8; 5:3—6).

Аюптун бул айтылгандарды четке какканы таң калыштуу эмес. Ал мындай ойду жанына жуутпайт (Аюп 6:25). Ошондо алар Аюпту ого бетер күнөөлөп, жаман ишин жашырып жатат деп айыптап, башына түшкөн кырсык-каргашаларга өзү да себепкер деп айтышат. Элипаз аны текебер, ыймансыз, Кудайдан коркпогон адам деп күнөөлөйт (Аюп 15:4, 7—9, 20—24; 22:6—11). Ал эми Сопар Аюпка күнөө кылганын токтотушу, андан ыракат албашы керектигин айтат (Аюп 11:2, 3, 14; 20:5, 12, 13). Билдат болсо алардан ашып түшөт. Ал Аюптун балдары да күнөө кылып, ошон үчүн өлсө керек деген ойду айтат! (Аюп 8:4, 13)

Аюптун үч досу аны жубатпай эле, жанын кейиткен

Кынтыксыздыкка каршы чабуул

Жаңылыш ойдо болгон ал кишилер аша чаап, андан өткөн суук сөздөрдү айтууга батынышат. Алар Аюптун кынтыксыз экенине шек санап эле койбостон, кынтыксыздык деген түшүнүктүн өзүн бурмалашат! Элипаз сөзүнүн башында үрөйдү учурган, табияттан тыш бир рухту көргөнүн айтат. Ошол жиндин таасиринен улам ал Кудай «өз кызматчыларына да ишенбейт, өз кабарчыларынан да кемчилик табат» деген ууландыра турган ойду айтат. Ал жоромолго ылайык, адамдар эч качан Кудайга жага алмак эмес! Андан соң Билдат Аюптун кынтыксыздыгын сактаганы Кудайга баары бир экенин, анын алдында, болгону, курт экенин айтат (Аюп 4:12—18; 15:15; 22:2, 3; 25:4—6).

Кайгыга малынып, мүңкүрөп калган кишини жубатууга аракет кылып көрдүңөр беле? Бул оңой эмес. Аюптун туура эмес ойдо болгон досторунан андайда эмнелерди айтпашыбыз керектигине байланыштуу чоң сабак алсак болот. Алар даанышмандык, акыл-эстүүлүк менен сүйлөп жаткандай көрүнсө да, чынында, Аюпка таш боордук кылышкан. Атүгүл аны атынан атаган эмес. Аюптун жүрөгү жараланып турганын жана анын жылуу сөзгө муктаж экенин ойлоп да коюшкан эмес *. Ошон үчүн силер жардам берип жаткан адам кайгырып турса, камкордук, боорукердик менен мамиле кылып, жылуу-жумшак сүйлөгүлө. Анын Кудайга болгон ишенимин бекемдеп, кайраттандырууга аракет кылгыла. Ошондой эле кайрымдуу, ырайымдуу жана адилеттүү Кудайга таянууга көмөк кылгыла. Эгерде ошол үч досу анын ордунда болсо, Аюп сөзсүз ушундай кылмак (Аюп 16:4, 5). Алардын анын кынтыксыздыгына койгон чабуулуна Аюп кандай жооп кайтарган?

Аюп багынган эмес

Шордуу Аюп узакка созулган бул талкуу башталганга чейин эле өзү араң турган. Сөзүнүн башында эле ал «ойлонбой сүйлөп жатканын» жана «үмүтү үзүлгөндүн сөздөрүн» айтып жатканын мойнуна алган (Аюп 6:3, 26). Биз анын эмне үчүн ушинтип айтканын жакшы түшүнөбүз. Анын сөздөрү күйүттөн өзөгү өрттөнүп турганын көрсөтүп турат. Ошондой эле жагдайды толук билбегенинен кабар берет. Өзү жана үй-бүлөсү туш болгон кайгы-касырет күтүүсүз жерден болгондуктан жана табияттан тыш нерседей сезилгендиктен, Аюп ошонун баарын Жахаба жиберип жатат деп ойлогон. Бирок ал абдан маанилүү окуялар тууралуу билген эмес. Ошондуктан анын ой жүгүртүүсү жаңылыш түшүнүктөргө негизделген.

Анткен менен Аюп ишеними күчтүү киши болчу. Анын Кудайга болгон ишеними узакка созулган жогорудагы талкуудан айкын көрүнүп турат. Ал туура, бизди бекемдей турган, көркөм сөздөрдү айткан. Сулуулугу менен таңдандырган табият тууралуу сөз кылганда, Кудай ачып бербесе, бир да адам биле албай турган нерселерди кеп кылган. Алсак, Жахаба «Жерди жок нерсеге илип койгонун» айтып өткөн. Бул чындыкты ал илимий ачылыштар болгонго чейин канчалаган кылымдар мурун эле айткан * (Аюп 26:7). Аюп пайгамбар, ишеними күчтүү болгон башка адамдардай эле, келечекке үмүт артарын билдирген. Ал көзү өтүп кетсе, Кудай аны унутпасына, сагынып, куса болоруна жана кайрадан өмүр берерине ишенген (Аюп 14:13—15; Еврейлер 11:17—19, 35).

Кынтыксыздыкка тийиштүү маселе тууралуу эмне айтууга болот? Элипаз менен анын шериктери адамдын кынтыксыздыгын сактаар-сактабасы Кудай үчүн маанилүү эмес деп айтышкан. Аюп пайгамбар муну туура көрдү беле? Жок! Ал адамдын кынтыксыздыгын сактаганы Кудай үчүн абдан маанилүү деген ойду жактаган. Ал Жахаба тууралуу: «Кынтыксыз жүргөнүмдү көрөт»,— деп ишенимдүү түрдө айткан (Аюп 31:6). Андан тышкары, ал аны жубатымыш болгон досторунун жалган ой-пикирлери чындыгында анын кынтыксыздыгына коюлган чабуул экенине көзү жеткен. Ошондон улам узакка чейин сүйлөп, оюн айткан. Үч досу болсо ошондон кийин сөз кайтара албай калган.

Аюп күн сайын кынтыксыздыгын сактап жашашы керектигин түшүнгөн. Ошондуктан ар бир нерседе кынтыксыздыгын кантип сактаганын санап өткөн. Алсак, буркандарга сыйынуудан баш тарткан; башкаларга боорукердик жана урмат-сый менен мамиле кылган; никесин жогору баалап, ыпылас ишке барган эмес; эң негизгиси, Жахаба Кудайына берилгендик сактаган. Ошо себептен ал бүт жүрөгү менен: «Өлөр-өлгөнчө кынтыксыздыгыман жазбаймын!» — деп айта алган (Аюп 27:5; 31:1, 2, 9—11, 16—18, 26—28).

Аюп кынтыксыздыгынан жазбоого чечкиндүү болгон

Ишеними күчтүү Аюптан үлгү алгыла

Кынтыксыздыкка карата Аюптукундай көз караштасыңарбы? «Ооба» деп айтыш оңой болушу мүмкүн. Бирок Аюп пайгамбар түшүнгөндөй, кынтыксыздыгыбызды сактайбыз деп айтып койгонубуз жетишсиз, аны иш жүзүндө көрсөтүшүбүз керек. Кудайга баш ийип, күндөлүк жашообузда, атүгүл оор учурда да ал туура деп эсептеген иштерди кылсак, ага бүт жүрөгүбүз менен берилгендик сактаарыбызды көрсөтөбүз. Ошентсек, Аюп пайгамбардай болуп, Жахабаны кубантабыз жана анын душманы болгон Шайтанды уяткарабыз. Туура иш кылыш үчүн ишеними күчтүү Аюптан үлгү алышыбыз керек.

Аюп пайгамбардын окуясы ушуну менен эле бүтүп калбайт. Ал эң маанилүү нерсени эсинен чыгарып койгон. Өзүнүн адил экенин далилдегенге көңүл топтоп алгандыктан, Кудай тарапты жактабай калган. Ал ой жүгүртүүсүн оңдошу жана бардык нерсеге карата Кудайдыкындай көз карашта болгонго үйрөнүшү керек болчу. Андан сырткары, ал дагы деле жанын жеген оору менен жүрөгүн сыздаткан кайгыдан баш көтөрө албай отурган жана чын ниеттен чыккан жубата турган сөздөргө муктаж эле. Ишеними күчтүү болгон жана кынтыксыздыгынан жазбаган пайгамбары үчүн Жахаба эмне кылган? Бул суроолорго ушул катар макалалардын кийинкисинен жооп ала аласыңар.

^ 23-абз. Таң калыштуусу, Элипаз өзү да, берки шериктери да Аюпка жылуу-жумшак сүйлөп жатабыз деген ойдо болгон. Анткени алар, кыязы, үнүн көтөрүп сүйлөшкөн эмес (Аюп 15:11). Бирок жумшактык менен акырын айтылган сөз да катуу тийиши жана жүрөктү жаралашы мүмкүн.

^ 26-абз. Ошондон 3 000 жылдай өткөндөн кийин гана окумуштуулар Жерге кандайдыр бир нерсеге таянуунун зарылдыгы жок деген теорияны кабыл ала башташкан. Жердин сүрөтү космостон тартылып алынгандан кийин жалпы адамзат Аюптун айткандарынын тууралыгын тастыктаган далилди көрө алышкан.