кыргыз
Клеткалардын укмуштуудай жөндөмү. Өзү жаралганбы?
https://cms-imgp.jw-cdn.org/img/p/502200144/univ/art/502200144_univ_sqr_xl.jpg
ijwwd 41-макала

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Клеткалардын укмуштуудай жөндөмү

Клеткалардын укмуштуудай жөндөмү

 Силер жаңыдан түйүлдүк болуп жаралганда зигота деген кичинекей бир эле клеткадан тургансыңар. Зиготаны микроскоп менен гана көргөнгө болот. Бирок тогуз айдын ичинде силер толугу менен өрчүп, ымыркай болуп төрөлгөнсүңөр. Ошол бир эле клетка улам бөлүнүп отуруп, формасы, көлөмү жана функциясы ар кандай болгон 200дөн ашык клеткалардын түрүнө айланган.

 Көңүл бурсаңар: зигота өзүнүн ДНКсынын көчүрмөсүн жаратып, экиге бөлүнөт. Ал эми пайда болгон клеткалар ушул процессти дагы сансыз жолу кайталайт. Башында жаңы жаралган клеткалардын баары жалпы жонунан окшош болот. Бирок алардын ДНКсында бардык клеткалардын түрүн жарата турган көрсөтмөлөр камтылган болот.

 Түйүлдүк пайда болгондон бир жума өткөндөн кийин клеткалар эки түргө бөлүнөт. Айрымдарынан эмбрион өрчүсө, башкаларынан баланын тону жана эмбриондун өрчүшүнө керек болгон башка ткандар пайда болот.

 Үчүнчү жумага кеткенде эмбриондун клеткалары үч катмардан туруп калат. Сырткы катмардан нерв системасынын, мээнин, ооз көңдөйүнүн, теринин клеткалары жана башка клеткалар пайда болот. Ортоңку катмардан болсо кандын, сөөктүн, бөйрөктүн, булчуңдардын ткандары жана башка ткандар жаралат. Ал эми ички катмардан өпкө, табарсык, тамак сиңирүү органдары сыяктуу ички органдардын клеткалары түзүлөт.

Түйүлдүк өрчүп жатканда, клеткалар бөлүнүп отуруп, алардын 200дөн ашуун түрү пайда болот

 Тогуз ай бою айрым клеткалар — жалгыз же тобу менен — эмбриондун бир жеринен башка жерине жылып жүрө берет. Кээ бир клеткалар топтошуп пластинкаларды, жипчелерди же көңдөйлөрдү пайда кылышат. Бул процесс өз ара аракеттешүүнүн аркасында укмуштуудай жол менен ишке ашат. Алсак, бир учурда клеткалардын пластинкалары бири-бири менен оролушуп, ичке түтүктөрдү пайда кылышат. Мындай процесс эмбриондун ар кайсы жеринде бир учурда жүрөт. Түтүкчөлөр узарып, бутак сымал жайылып отуруп, кан айлануу системасы пайда болот.

 Ошентип, тогуз ай болуп калганда баланын организминдеги жүз миллиарддаган клеткалар керектүү түргө айланып бүткөн болот. Белгилей кетчү нерсе, алардын баары эң туура убакта керектүү жерге жайгашып калат.

 Кандай деп ойлойсуңар? Клеткалардын ушундай укмуштуудай жөндөмү эволюция жолу менен пайда болгонбу? Же Жараткандын колунан бүткөнбү?