Мазмунун көрсөтүү

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Дельфиндин «гидролокатору»

Дельфиндин «гидролокатору»

 Дельфиндер каякка багыт алса болорун жана айлана-чөйрөсүн аныкташ үчүн шакылдаган, ышкырган сыяктуу үндөрдү чыгарат да, алардын жаңырыгына кулак төшөйт. Афалиналар (Tursiops truncatus) деп белгилүү болгон дельфиндердин табигый «гидролокаторуна» суктанган окумуштуулар учурдагы технологияларды жакшыртуу максатында суу астындагы акустикалык системалардын үстүнөн иштөөдө.

 Көңүл бурсаңар: Дельфиндин «гидролокатору» деңиздин түбүндөгү кумга жашынып алган балыкты табууга жана аны таштардан айырмалоого жардам берет. Ошондой эле Эдинбургдагы (Шотландия) Хериот жана Уатт атындагы университетинин адъюнкт-профессору Кит Браундун айтымында, бул дельфиндер «10 метр алыстыктагы тузсуз суу, туздуу суу, сироп, май куюлган идиштердин айырмасын так ажырата алат». Окумуштуулар ушундай мүмкүнчүлүктөрү бар технологияларды ойлоп чыгарууга аракет кылууда.

Дельфиндер 10 метр алыстыктагы идиштерде эмне бар экенин так ажырата алат

 Алар дельфиндин үн чыгаруу жана угуу жөндөмүн изилдеп, ушундай функцияларды аткара турган шайман ойлоп табышкан. Татаал түзүлүштөгү ал электрондук шайманды 1 метрге жетпеген цилиндрдин ичине салып, суу астында жүргөн торпедого окшогон автоматтык түрдө башкарылган аппаратка бекитишкен. Ал шайман деңизге түшпөй эле деңиздин түбүн изилдөөгө жана кабелдер же түтүктөр сыяктуу жашырылган объектерди таап, алардын абалын текшерүүгө шарт түзөт. Анын үстүнөн иштеп жаткандар ал шаймандын нефть жана газ өндүрүшүндө байма-бай колдонуларына ишенишет. Дельфиндин «гидролокаторуна» окшоштурулуп жасалган шайман учурдагы гидролокатордук шаймандарга караганда көбүрөөк маалымат чогулта алат. Адистер мунун аркасында суу астындагы шаймандарды ылайыктуу жерге жайгаштырып, анын абалын текшерип, нефть платформасынын түркүктөрүндөгү жоондугу адамдын чачындай болгон жаракаларды, атүгүл түтүктөрдөгү тыгылып калган нерселерди да таба алышат.

 Кандай деп ойлойсуңар? Афалиналар деп белгилүү болгон дельфиндердин «гидролокатору» эволюциянын аркасында пайда болгонбу? Же Жараткандын колунан бүткөнбү?