Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

JW.ORG ВЕБ-САЙТЫ

JW.ORG сайтын мобилдик каражаттан колдонуу

JW.ORG сайтын мобилдик каражаттан колдонуу

Сайттагы веб-барактарды жана функцияларды компьютерден толук экран режиминде көрө алгандай эле, смартфондон же планшеттен да көрсө болот. Бирок сайттын веб-барактары менен менюсун мобилдик каражаттын чакан экранынан колдонууга ыңгайлуу болушу үчүн, алардын көрүнүшү компьютердегиден айырмаланат. Ушул макаладагы кеңештер jw.org сайтынан керектүү материалды оңой табууга жардам берет.

 Сайттын менюсун мобилдик каражаттан колдонуу

Толук экран режиминде сайттын куржундарынын аталыштары дайыма сайттын жогору жагына чыгат. Бөлүктөрү болсо сол капталында тигинен көрсөтүлөт.

Ал эми мобилдик каражаттын экраны кичинекей болгондуктан, андай каражаттарда куржундар жана бөлүктөр сайттын сол жагында болот. Бирок экрандын бетин жаап калбашы үчүн алар колдонулбаган учурда көрүнбөйт.

  • Куржундарды жана бөлүктөрдү көрүү үчүн же жашыруу үчүн Менюну көрүү деген баскычты басыңыз. Куржундардын же бөлүктөрдүн бирин бассаңыз, ошол куржунга же бөлүккө тиешелүү веб-барагы ачылат.

  • Куржундун ичиндеги бөлүктөрдү көрүш үчүн анын оң жагындагы жебечени басыңыз. Ал бөлүктөрдүн бирин бассаңыз, ошол бөлүккө тиешелүү веб-барагы ачылат.

  • Ал эми ачылган бөлүктөрдү жабуу үчүн кайра эле жебечени басыңыз.

  • Башкы бетке баруу үчүн JW.ORG деген баскычты басыңыз.

  • Сайттагы тилдердин тизмесин көрүү үчүн сайттын тили көрсөтүлгөн баскычты басыңыз.

  • Керектүү материалды табуу үчүн сайттагы «Издөө» деген жерди басыңыз.

 Макалаларды же адабияттардагы бөлүмдөрдү издөө

Толук экран режиминде сиз окуп жаткан макаланын же бөлүмдүн мазмуну дайыма көрсөтүлүп турат. Ал эми мобилдик каражаттын экраны кичинекей болгондуктан, анын мазмуну жашырылып турат.

  • Ошондуктан мазмунун көрүү үчүн Мазмуну көрсөтүлгөн баскычты басыңыз. Ал жердеги макалалардын же бөлүмдөрдүн бирин окуу үчүн анын аталышын басыңыз.

  • Мурунку макалага же бөлүмгө өтүү үчүн «Мурункусу» деген баскычты басыңыз.

  • Ал эми кийинки макалага же бөлүмгө өтүү үчүн «Кийинкиси» деген баскычты басыңыз.

  • Мазмунду жаап, макаланы же бөлүмдү андан ары окуш үчүн Мазмуну көрсөтүлгөн баскычты басыңыз.

 Ыйык Китепти онлайн түрүндө окуу

АДАБИЯТТАР > ЫЙЫК КИТЕП деген бөлүктү ачып, «Онлайн түрүндө окуңуз» деген баскычты басыңыз. Же башкы беттеги «Ыйык Китепти онлайн түрүндө окуңуз» деген жерди басыңыз.

Ыйык Китептеги китептердин тизмеси жана бөлүмдөрү көрсөтүлгөн жерден китептердин бирин жана бөлүмдү тандап, «Табуу» дегенди басыңыз.

Бөлүмдү ылдый көздөй жылдырганда, Ыйык Китептеги китептердин тизмеси жана бөлүмдөрү көрсөтүлгөн жер, башка бөлүмгө өтүү оңой болушу үчүн, куржундардын тилкесине жылат.

  • Ыйык Китептеги китептердин тизмеси жана бөлүмдөрү көрсөтүлгөн жердин оң жагындагы белгини бассаңыз, ал кайра ордуна келет, бирок бөлүмдү ылдый жылдырганда көрүнбөй калат. Ошондо Ыйык Китептеги аяттарды окуганга экранда көбүрөөк орун болот. Башка бөлүмгө өтүү үчүн ошол баракты өйдө же ылдый жылдырыңыз.

  • Ыйык Китептеги китептердин тизмеси жана бөлүмдөрү көрсөтүлгөн жердин оң жагындагы белгини кайра бассаңыз, ал тилке куржундардын тилкесине жылат.

  • Ыйык Китептин мазмунун көрүү үчүн «Мазмуну» деген баскычты басыңыз.

  • Мурунку бөлүмгө өтүү үчүн «Мурункусу» деген баскычты басыңыз.

  • Ал эми кийинки бөлүмгө өтүү үчүн «Кийинкиси» деген баскычты басыңыз.

  • Ыйык Китептин мазмунун жашыруу үчүн кайра «Мазмуну» деген баскычты басыңыз.

 Макаланын аудиожаздыруусун угуу

Эгер сиз окуп жаткан макаланын аудиожаздыруусу бар болсо, анда аудиопанель чыгат.

  • Аудиожаздырууну угуу үчүн Ойнотуу деген баскычты басыңыз.

  • Токтотуу үчүн Токтотуу деген баскычты басыңыз. Кайрадан угуу үчүн Ойнотуу деген баскычты басыңыз.

  • Аудиожаздырууну алдыга же артка жылдыруу үчүн тегерек баскычты жылдырыңыз.

Эгер макаланын аудиожаздыруусун ойнотуп, ошол бетти ылдый жылдырсаңыз, аудиопанель куржундардын тилкесине жылат. Бул веб-барагын өйдө жылдырбай эле ошол жерден токтотуп же кайра ойнотконго мүмкүндүк берет.