Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

JW.ORG ВЕБ-САЙТЫ

Ыйык Китептин изилдөө жүргүзүүгө арналган чыгарылышын колдонуу

Ыйык Китептин изилдөө жүргүзүүгө арналган чыгарылышын колдонуу

Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» (изилдөөгө арналган чыгарылышы) терең изилдөө жүргүзүүгө жардам берген өзгөчөлүктөрдү, анын ичинде төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Ыйык Китептеги ар бир китептин кириш сөзү, анын ичинде тасма түрүндөгү кириш сөзү

  • Ар бир китепке кыскача маалымат, ар бир китептин мазмуну

  • Аятка байланыштуу кошумча маалыматтар

  • Сөздөрдүн же сөз айкаштарынын шилтемелери

  • Байланышы бар аяттар

  • Сүрөттөр менен тасмалар

  • Ыйык Китептеги сөздөрдүн түшүндүрмөсү камтылган сөздүк

  • Карталарды, таблицаларды жана башка изилдөө жүргүзүүгө арналган материалдарды камтыган тиркемелер

  • Ар бир бөлүмдүн аудиожаздыруусу

  • Аяттын Ыйык Китептин башка котормолорунда берилиши

Англис тилиндеги Матай китебинин изилдөөгө арналган чыгарылышы 2015-жылдын октябрында чыккан. Ар бир китептин изилдөө жүргүзүүгө көмөк кылган материалдары даяр болгондо, ал китептер улам кошулуп турат.

Ыйык Китептин изилдөөгө арналган чыгарылышынын өзгөчөлүктөрүн жакшы колдонууга төмөнкү кеңештер жардам берет:

Китепти жана бөлүмдү табуу

Сайттагы АДАБИЯТТАР > ЫЙЫК КИТЕП деген жерден Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» (изилдөөгө арналган чыгарылышы) мукабасын же аталышын басыңыз.

«Ыйык Китептин мазмунунда» Ыйык Китептин жаңы өзгөчөлүктөрдү камтыган китептери бар болсо, көк түс менен белгиленген болот. Бул бетте кошумча материал, анын ичинде сөздүк, бир нече тиркеме жана сүрөттөр менен тасмалар деген бөлүктөр да көрсөтүлөт.

  • Китептерди таблица түрүндө жайгаштыруу үчүн оң жактагы таблица түрүндө көрсөтө турган баскычты басыңыз. Ачылган бет китептер дайыма таблица түрүндө көрсөтүлгүдөй болуп жөндөлгөн.

  • Китептерди тизме түрүндө жайгаштыруу үчүн оң жактагы тизме түрүндө көрсөтө турган баскычты басыңыз. Ошондо Еврей Жазмалары бир катарга, Грек Жазмалары бир катарга тизилип калат.

Ыйык Китептеги китептин аталышын бассаңыз, бөлүмдөрдүн тизмеси, китеп тууралуу кыскача маалымат жана төмөнкүдөй эки өзгөчөлүк камтылган бет ачылат.

  • Китептин кириш сөзү, анын ичинде тасма түрүндөгү кириш сөзү.

  • Китеп тууралуу кыскача маалымат. Кадимки «Жаңы дүйнө котормосунда» китептердин мазмуну бар. Ал эми Ыйык Китептин изилдөөгө арналган чыгарылышында ар бир китепте эмнелер жазылганы жөнүндөгү маалымат камтылган темалар бар.

Изилдегиңиз келген бөлүмдү тандаңыз.

 Ачылган беттин жогору жагында китептин аты жана бөлүмү көрсөтүлгөн тилке бар. Ал жерден башка китепти же бөлүмдү, изилдөө материалдарынын бирин, мисалы, китеп тууралуу кыскача маалыматты же сөздүктү тандай аласыз.

Бөлүмдү изилдөөгө жардам берген өзгөчөлүктөрдү колдонуу

Бөлүмдөгү аяттар көрсөтүлгөн тилке экрандын сол жагына, изилдөө материалдары жайгашкан тилке оң жагына чыгат (Эскертүү: Экраны кичинекей электрондук каражаттарда изилдөө материалдары жайгашкан тилке көрүнбөйт, бирок аяттын номурун, шилтеменин белгисин, байланышы бар аяттардын тамгасын же жебечени басса, ал тилке экранга чыгат).

Төмөндө изилдөөгө жардам берген өзгөчөлүктөрдү кантип колдонсо болору көрсөтүлгөн:

  • Бөлүмдү же аятты бассаңыз, изилдөө материалдары жайгашкан тилкеге аят менен байланышы бар материалдар чыгат.

  • Шилтеменин белгисин бассаңыз, сөздүн же сөз айкашынын түшүндүрмөсүн көрө аласыз.

  • Аяттардагы сөздөрдүн жанындагы тамгаларды бассаңыз, изилдөө материалдары жайгашкан тилкеге сөзгө байланышы бар аяттардын аталышы жана аяттардын тексти чыгат.

  • Тандаган бөлүмүңүздүн аудиожаздыруусун кайсы бир аяттан баштап угуу үчүн ошол аятты белгилеп, пайда болгон аудиожаздыруунун белгисин басыңыз.

  • Бөлүмдүн аудиожаздыруусун башынан баштап угуу үчүн беттин башындагы «Ойнотуу» деген баскычты басыңыз.

  • Оң тилкедеги маалыматтарда көрсөтүлгөн аяттарды бассаңыз, кичинекей терезе ачылат. Ал жерден «Ойнотуу» деген баскычты басып, ошол аяттардын аудиожаздыруусун уга аласыз.

  • Аудиожаздырууну токтотуу үчүн «Токтотуу» деген баскычты басыңыз.

  • Изилдөө материалдары жайгашкан тилкенин жогору жагындагы биринчи баскычты бассаңыз, изилдөө материалдары, шилтемелер, байланышы бар аяттар, сиз тандаган бөлүмгө тиешелүү сүрөттөр, тасмалар чыгат (Жөндөлбөсө, бөлүмдү ачканда бул бет дароо эле ушундай көрсөтүлөт).

  • Ыйык Китептеги аяттарды салыштыруу үчүн изилдөө материалдары жайгашкан тилкенин жогору жагындагы экинчи баскычты бассаңыз, Ыйык Китептин башка котормолорунда сиз тандаган аят кандайча берилгенин көрө аласыз.

  • Байланышы бар аяттарды көрсөткөн үчүнчү баскычты бассаңыз, сиз тандаган бөлүмгө тиешелүү байланышы бар аяттардын баары тизме түрүндө көрсөтүлөт.

  • Кичинекей электрондук каражаттардан изилдөө материалдарын камтыган тилкени көрүү үчүн экрандын ылдый жагында көрсөтүлгөн жебечени басыңыз.

  • Кичинекей электрондук каражаттардан изилдөө материалдарын камтыган тилкени жашыруу үчүн кайра ошол жебечени басыңыз.

Изилдөө материалдарын камтыган тилке

Изилдөө материалдарын камтыган тилкенин баш жагында тандалган бөлүмдө эмнелер жазылганы тууралуу кыскача маалымат берилет. Эгер кыскача маалыматта кошумча бөлүктөр бар болсо, жанында кошуу белгиси (+) болот. Аларды көрүү үчүн кошуу белгисин (+), жашыруу үчүн кемитүү белгисин (-) басыңыз.

Кыскача маалыматтан кийин сиз тандаган бөлүмгө байланыштуу төмөнкүлөрдү көрө аласыз:

  • Кошумча маалымат: Аятка байланышы бар, изилдөөгө арналган материал.

  • Сүрөттөр менен тасмалар: Аятка тиешеси бар сүрөттөр, тасмалар. Сүрөттүн өзүн же жанындагы жазуусун бассаңыз, сүрөттөр/тасмалар топтому ачылат. Ал жерден көбүрөөк маалымат ала аласыз.

  • Шилтемелер: Бөлүмдөгү сөздөргө же сөз айкаштарына байланыштуу кошумча маалымат.

  • Байланышы бар аяттар: Аяттагы сөздөргө же сүйлөмдөргө тиешелүү байланышы бар аяттар. Кошуу белгисин (+) басып аяттын аталышын же аяттын текстин көрө аласыз. Кемитүү белгисин (-) бассаңыз, аяттын аталышы да, аяттын тексти да көрүнбөй калат.

Бөлүм жайгашкан тилкеден аяттын номурун, шилтеменин белгисин же байланышы бар аяттын тамгасын бассаңыз, изилдөө материалдары жайгашкан тилке ачылат.

Аяттарды салыштыруу тилкеси

Аяттарды салыштыруу тилкесинде сиз тандаган аяттын башка котормолордо кандайча берилгени көрсөтүлөт. Аяттын башка котормолордо кандай берилгенин көрүү үчүн бөлүм жайгашкан тилкеден аяттын номурун басыңыз.

Байланышы бар аяттар жайгашкан тилке

Байланышы бар аяттар жайгашкан тилкеде сиз окуп жаткан бөлүмгө тиешелүү байланышы бар аяттардын баары көрсөтүлөт. Алар төмөнкүдөй үч бөлүккө бөлүнгөн:

  1. Окшош окуя: Ыйык Китептеги кайсы бир окуяга окшош болгон башка китептеги же бөлүмдөгү окуя жазылат.

  2. Цитаталар: Бөлүмдө цитата кылынган Ыйык Китептеги башка аяттар көрсөтүлөт.

  3. Башкасы: Окшош окуя жазылбаган, цитата кылынбаган байланышы бар аяттар көрсөтүлөт. Ал аяттарда бөлүмдөгү кайсы бир кишинин аты же жердин аты, окшош сөздөр, пайгамбарлыктын аткарылышы же байланышы бар принцип айтылышы мүмкүн.

Булардын ар бирин колдонгондо кошуу белгисин (+) басып, бөлүмгө тиешелүү байланышы бар аяттын аталышын жана аяттын текстин көрө аласыз. Ал эми кемитүү белгисин (-) басып, аларды көрүнбөгүдөй кылып койсоңуз болот.

 «Баарын белгилөө» дегенди бассаңыз, бөлүм жайгашкан бетте байланышы бар аяттардын тамгалары белгиленип калат. Бул Грек Жазмаларын жазган кишинин Еврей Жазмаларынан цитата кылган аяттарды тез таап алганга жардам берет.

Китепке тиешелүү сүрөттөрдү жана видеолорду көрүү

Сүрөттөр/тасмалар топтомунда Ыйык Китептеги ар бир китепке тиешелүү сүрөттөр жана тасмалар камтылат. Алар китепте кайсынысы кайсынысынан кийин айтылганына жараша жайгаштырылган.

Сүрөттөр/тасмалар топтомун колдонуу үчүн төмөнкүлөрдүн бирин кылыңыз:

  • Изилдөө материалдары жайгашкан тилкеден сүрөттү басыңыз.

  • «Ыйык Китептин мазмуну» көрсөтүлгөн беттен же ошол беттин жогору жагындагы «Тандоо» деген тилкенин ичинен «Сүрөттөр менен тасмалар» дегенди басыңыз. Анан сүрөттү же Ыйык Китептеги китептин аты жазылган аталышты басыңыз.

Сүрөттөр/тасмалар топтому үч бөлүктөн турат:

  1. Сүрөт же тасма. Кийинки же мурунку тасма/сүрөттү көрүү үчүн оң жебени же сол жебени басыңыз.

  2. Сүрөттүн түшүндүрмөсү жана изилдөө материалдары жайгашкан тилкеде түшүндүрмөсү бар, ошол эле сүрөткө байланышы бар аяттар.

    Экраны кичинекей электрондук каражаттардан сүрөттүн түшүндүрмөсүн көрүү үчүн экрандын ылдый жагындагы чарчы баскычты басыңыз.

  3. Сүрөттөрдүн тизмеси. Көбүрөөк сүрөттөрдү көрүү үчүн сол жебени же оң жебени басыңыз. Тасманы же сүрөттү бассаңыз, экрандан көрсөтүлөт.

 Сүрөттү ачкандан кийин аны кичирейтип көрүү үчүн кемитүү белгисин (-), чоңойтуп көрүү үчүн кошуу белгисин (+) басыңыз. Экраны сезгич электрондук каражаттарда манжа менен кичирейтип-чоңойтсо болот.

Эгер видеону тандасаңыз, көрүүгө, токтотууга же толук экранга чыгарууга мүмкүндүк берген функцияларын колдонуңуз.

Китеп тууралуу кыскача маалыматты, сөздүктү же тиркемени колдонуу

Аларды ачуунун эки жолу бар:

  • Изилдөө материалдары жайгашкан тилкенин жогору жагындагы биринчи баскычты басуу.

  • «Ыйык Китептин мазмуну» жайгашкан беттен же ошол беттин жогору жагындагы тилкенин ичиндеги тизмеден керектүүсүн тандоо.

Китеп тууралуу кыскача маалыматын ичинде ачып окуса боло турган кошумча бөлүктөр бар. Аларды көрүү үчүн кошуу белгисин (+) басыңыз, ал эми кайра көрүнбөй тургандай кылуу үчүн кемитүү белгисин (-) басыңыз.

Сөздүктө Ыйык Китептеги сөздөрдүн тизмеси бар жана алардын мааниси түшүндүрүлөт. Эгер изилдөө материалдары жайгашкан тилкеден сөздүктүн шилтемесин бассаңыз, дароо эле сиз тандаган сөздүн түшүндүрмөсү ачылат.

Ал эми сөздүккө «Ыйык Китептин мазмуну» жайгашкан беттен же ошол беттин жогору жагындагы тилкенин ичиндеги тизме аркылуу кире турган болсоңуз, алфавиттен керектүү сөздүн баш тамгасын белгилеп, аны ачкандан кийин ылдый жылдырып, керектүү сөздү таба аласыз.

Айрым тиркемелердин материалды эки башкача ачып берген функциясы бар: текст менен сүрөттөрү чогуу (кагаз түрүндө басылып чыккан «Жаңы дүйнө котормосунда» жайгашкандай) көрсөтүлөт же тексти өзүнчө, сүрөттөрү өзүнчө көрсөтүлөт.

  • Текст менен сүрөттөрүн чогуу көрүү. Ан үчүн лупанын сүрөтү көрсөтүлгөн баскычты басыңыз. Ачылгандан кийин аны кичирейтип көрүү үчүн кемитүү белгисин (-), чоңойтуп көрүү үчүн кошуу белгисин (+) басыңыз. Экраны сезгич электрондук каражаттарда манжа менен кичирейтип-чоңойтсо болот.

  • Текстин өзүнчө, сүрөттөрүн өзүнчө көрүү. Бул шилтеме кылынган аяттарды, башка шилтемелерди ачууга жана изилдөө материалдары жайгашкан тилкеден аларга байланыштуу кошумча маалыматты көрүүгө шарт түзөт.