Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

JW.ORG САЙТЫ

Адабияттарды издөө

Адабияттарды издөө

Сайттагы «АДАБИЯТТАР» деген бөлүктө көптөгөн санарип түрүндөгү материалдар, аудиожаздыруулар жана видеолор бар. Керектүү адабиятты же материалды табыш үчүн бул макаладагы кеңештерди колдонуп көрүңүз.

 Белгилүү бир адабиятты издөө

Эгер тапкыңыз келген адабияттын аталышын билсеңиз же жок эле дегенде, аталышындагы кайсы бир сөздөр эсиңизде болсо, төмөндөгү кадамдарды кылып көрүңүз.

АДАБИЯТТАР > КИТЕПТЕР ЖАНА КИТЕПЧЕЛЕР деген бөлүктү ачыңыз.

  • «Бардыгы» деген жерди басып, тапкыңыз келген адабияттын аталышындагы бир сөздү жазыңыз. Мисалы, «Ыйык Китеп окутат» китебин издеп жатсаңыз, «окутат» деп жазсаңыз болот. Ал сөздү жазганыңызда аталышында ошондой сөз кездешкен адабияттардын тизмеси чыгат. Өзүңүзгө керектүү аталышты белгилеңиз.

  • Андан соң «Издөө» деген жерди басыңыз.

 Белгилүү бир журналды издөө

АДАБИЯТТАР > ЖУРНАЛДАР деген бөлүктү ачыңыз.

Ал бөлүктү ачканыңызда, «Ойгонгула!» жана «Күзөт мунарасы» (жалпыга арналган чыгарылышы) журналынын акыркы төрт саны, «Күзөт мунарасы» журналынын изилдөөгө арналган чыгарылышынын акыркы сегиз саны көрсөтүлөт. Өзүңүзгө керектүү журналды табыш үчүн төмөнкү кадамдарды кылып көрүңүз.

  • Тизмеден өзүңүзгө керектүү журналды жана жылын тандаңыз.

  •   Андан соң «Издөө» деген жерди басыңыз.

Адабияттардын форматтарын көрүү

«Жайгашышы» деген жерди басып, адабияттарды эки түрдүүчө көрүүгө болот. Бири тизме түрүндө, бири таблица түрүндө.

Таблица түрүндөгүсүн бассаңыз, адабияттар катар-катар болуп көрсөтүлөт. Бул бет адабияттар дайыма ушундай көрсөтүлгүдөй кылып жөндөлгөн.

Таблица функциясын иштеткениңизде, адабияттардын мукабасы, форматтары жана аталышы чыгат. Жүктөп алууга мүмкүндүк берген баскычка чычканчанын жебесин алып барсаңыз (мобилдүү электрондук каражат болсо, ошол жерди бассаңыз), ошол адабияттын форматтары көрсөтүлөт.

Ал эми Тизме түрүндөгүсүн иштетсеңиз, адабияттар тизмеленип көрсөтүлөт.

Бул функция ар бир адабияттын форматтарын көрүүгө мүмкүндүк берет.

Кээ бир тилдерде адабияттар чоң арипте да чыгарылат. Ал адабияттардын кайсы бир форматын (PDF ж.б.у.с.) бассаңыз, кошумча терезе ачылып, алардын бүт форматтары көрсөтүлөт. Алардын арасынан жүктөп алгыңыз келгенин тандап алсаңыз болот.

 Белгилүү бир макаланы издөө

Эгер сизге керектүү макала онлайн түрүндө болсо, сайттагы «Издөө» деген функцияны колдонуңуз. Ал жерге ошол макаладагы же бөлүмдөгү сөздөрдү же сөз айкаштарын жазып издесеңиз болот.

Ан үчүн «Издөө» деген функцияны басып, сөздөрдү же сөз айкаштарын жазыңыз, андан соң «Издөө» деген баскычты басыңыз. Өзүңүзгө керектүү адабияттагы же макаладагы эсиңизде болгон негизги сөздөрдүн же сөз айкаштардын баарын жазсаңыз, сиз издеген материал тизменин жогору жагына чыгып калат.

Кайсы бир адабияттагы макаланы гана тапкыңыз келсе, кошумча тактоолорду киргизип, издесеңиз болот. Ан үчүн:

  • «Тактоолорду киргизүү» же «Кошумча функциялар» деген жерди басыңыз.

  • «Бөлүк» деген бөлүмчөнүн «Адабияттар» деген жерин белгилеңиз.

  • «Издөө» деген жерди басыңыз.