Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

JW ТЕЛЕБЕРҮҮСҮ

JW телеберүүсүн Roku плейеринен Видеоархивди көрүңүз

JW телеберүүсүн Roku плейеринен Видеоархивди көрүңүз

Видеоархив деген куржундан JW телеберүүсүндөгү кайсы бир тасманы башынан көрө аласыз, токтото аласыз, артка же алдыга түрдүрө аласыз. Ал жерден бир эле тасманы же бөлүктөгү тасмалардын баарын көрсөңүз болот.

(Эске алчу нерсе: Ушул бөлүктө камтылган көрсөтмөлөр Roku 3тү колдонууга да тиешелүү. Плейериңиз кичине айырмаланышы мүмкүн.)

Тасма бөлүктөрүн көрүү үчүн JW телеберүүсүнүн башкы бетиндеги Видеоархив дегенди басыңыз. Тасманы тандоо жана көрүү үчүн төмөнкү көрсөтмөлөргө карманыңыз.

 Тасманы табуу

Roku плейериңиздин пультунан Оңго кеткен жебечени же Солго кеткен жебечени басып, каалаган бөлүктү тандаңыз. Жебече көрсөткөн бөлүктүн сүрөтү экрандын ортосуна туруп калат. Жанына аталышы жана кыскача маалыматы жазылат. Белгиленген бөлүктү көрүш үчүн OK дегенди басыңыз.

Айрым тасмалар бир нече бөлүктөргө салынган. Мисалы, «Адашкан уулдун кайтып келиши» деген тасманы «Үй-бүлө», «Өспүрүмдөр», «Тасмалар» деген бөлүктөрдөн табууга болот.

Тасма бөлүктөрдүн ичинде тасмалардын топтому бар. Roku плейериңиздин пульту менен кайсы бир бөлүктү бассаңыз, Кошумча маалымат ачылып, тандаган тасманын аталышы менен канча убакытка созулары көрсөтүлөт.

  • Өйдө кеткен жебечени же Ылдый кеткен жебечени басып, каалаган бөлүктү тандасаңыз болот. Топтомдун аталышы тасмалардын жогору жагына жазылат.

  • Оңго кеткен жебечени же Солго кеткен жебечени басып, топтомдун ичиндеги каалаган тасманы тандасаңыз болот.

    Жардам. Оң тараптын жогору жагында топтомдо канча тасма бар экени жана учурда кайсынысы тандалып турганы көрсөтүлөт.

Тасманы тандаш үчүн жана ал тууралуу кошумча маалыматты көрүш үчүн OK дегенди басыңыз. Анан ушул эле жерден төмөнкүлөрдү кылсаңыз болот:

  • Ойнотуу. Тасманы башынан коюу үчүн ушул баскычты басыңыз.

  • Субтитр менен ойнотуу. Бул функция тасманын субтитри болгондо гана иштейт. Бул функцияны иштетсеңиз, Эфирдеги же Видеоархивдеги бардык тасмалардын субтитрлери (эгер бар болсо) көрсөтүлөт. Субтитрлерди алып салыш үчүн Субтитри жок ойнотуу дегенди басыңыз.

  • Топтомдогу тасмалардын баарын ойнотуу. Бул баскычты басып, белгиленип турган тасмадан баштап топтомдогу тасмалардын баарын көрсөңүз болот.

    Эске алчу нерсе: Топтомдогу тасмалар баары көрсөтүлүп бүткөндөн кийин токтойт.

 Тасманы көрүүдө баскычтарды жөндөө

Видеоархивдеги тасмалар көрсөтүлүп жатканда баскычтарды плейериңиздин пультунун жардамы менен төмөндөгүдөй башкарсаңыз болот:

  • Тыным. Тасманы токтотуу үчүн ушул баскычты басыңыз. Улантуу үчүн ошол эле баскычты кайра басыңыз.

  • Батыраак көрүү. Тасманы токтотуп, алдыга түрдүрсөңүз болот. Тасманын кайсы жерине келгенин көрсөткөн белги сиз каалаган жерге жеткенде Ойнотуу дегенди басыңыз.

    Жардам. Алдыга түрдүрүүнүн ылдамдыгын тездетиш үчүн Батыраак көрүү дегенди бир нече жолу басыңыз.

  • Артка түрдүрүү. Тасманы токтотуп, артка түрдүрсөңүз болот. Тасманын кайсы жерине келгенин көрсөткөн белги сиз каалаган жерге жеткенде Ойнотуу дегенди басыңыз.

    Жардам. Артка түрдүрүүнүн ылдамдыгын тездетиш үчүн Батыраак көрүү дегенди бир нече жолу басыңыз.

  • Оңго кеткен жебече. Тасманы токтотуп, алдыга 10 секундага жылдырсаңыз болот. Тасманын кайсы жерине келгенин көрсөткөн белги сиз каалаган жерге жеткенде Ойнотуу дегенди басыңыз.

  • Солго кеткен жебече. Тасманы токтотуп, артка10 секундага жылдырсаңыз болот. Тасманын кайсы жерине келгенин көрсөткөн белги сиз каалаган жерге жеткенде Ойнотуу дегенди басыңыз.

  • Ылдый кеткен жебече. Муну басканда бир нече секундага тасма жөнүндө маалымат чыгат. Ошол баскычты кайра бассаңыз, экрандагы маалымат жок болуп кетет.

  • Өйдө же артка кеткен жебечелер. Буларды басканда тасма жөнүндө маалымат жазылган жерге барасыз.

 Акыркы же тандамал тасмаларды көрүү

JW телеберүүсүнүн башкы бетиндеги Видеоархив деген куржундун ичиндеги тасмалар эки бөлүккө бөлүнгөн.

  1. Тандамал тасмалар. Бул топтомго өзгөчө тасмалар, мисалы, жума сайынкы жолугушууларыбызга жана үй-бүлө менен сыйынуу кечине байланышы бар тасмалар кирет.

  2. Акыркы тасмалар. Бул топтомго акыркы мезгилде кошулган алты тасма кирет.

Ушул эки топтомдогу тасмаларды көрүү үчүн төмөнкүлөрдү кылыңыз.

  • Ылдый же өйдө кеткен жебечени басып топтомду тандаңыз.

  • Тандаган топтомуңуздагы тасманы көрүү үчүн OK дегенди басыңыз.

  • Ылдый же өйдө кеткен жебечелерди басып, топтомдогу тасмаларды көрө аласыз.

  • Тасманы тандаш үчүн жана ал тууралуу кошумча маалыматты көрүү үчүн OK дегенди басыңыз.

    Эске алчу нерсе: Ушул эки топтомдогу тасмалардын баарын көрүү үчүн Топтомдогу тасмалардын баарын ойнотуу дегенди басыңыз.