Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

JW ТЕЛЕБЕРҮҮСҮ

JW телеберүүсү. Roku плейеринен эфирдегини көрүү

JW телеберүүсү. Roku плейеринен эфирдегини көрүү

JW телеберүүсүнүн Эфирде деген куржунундагы телеберүүлөр программасы бар бир нече каналдан турган кадимки телевизордон көрсөтүлүүчү телеберүүлөргө окшош. Эгер программанын белгилүү бир бөлүгүн көргүңүз келсе, тактап айтканда, кайсы бир тасманы башынан көрүүнү, токтотууну, артка же алдыга түрдүрүүнү кааласаңыз, Видеоархив деген куржунга барыңыз.

(Эске алчу нерсе: Ушул бөлүктө камтылган көрсөтмөлөр Roku 3тү колдонууга да тиешелүү. Плейериңиз кичине айырмаланышы мүмкүн.)

JW телеберүүсүн Roku плейери аркылуу көрүүдөн пайда алыш үчүн төмөндөгү көрсөтмөлөрдү колдонуңуз.

 Эфирди көрүү

Каналдардын тизмеси ачылышы үчүн, JW телеберүүсүнүн башкы бетинен Эфирде дегенди тандаңыз.

Roku плейериңиздин пультунан Оңго кеткен жебечени же Солго кеткен жебечени басып, каалаган каналыңызды тандаңыз. Жебече көрсөткөн каналдын сүрөтү экрандын ортосуна туруп калат. Жанына аталышы жана кыскача маалыматы жазылат. Белгиленген каналды көрүш үчүн OK дегенди басыңыз.

Тасма ачылганча, менюдан каналдын аталышын, тасманын аталышын жана андан кийинки үч тасманын аталышын көрсөңүз болот.

Жардам. Тасма ачылгандан кийин каналдын менюсун жапкыңыз келсе, пульттун Солго кеткен жебечесин басыңыз.

 Каналды тандоо

Эфирди көрүп жатканда башка каналга коюунун эки жолу бар.

  • Каналдар топтомуна барыңыз.

    Ан үчүн Солго кеткен жебечени же Артка дегенди басыңыз. Солго кеткен жебечени же Оңго кеткен жебечени басып, каалаган каналыңызды тандаңыз. Анан OK дегенди басыңыз.

  • Башка каналга которуу

    Телеберүүнү көрүп жатканда кийинки же мурунку каналга которуу үчүн Өйдө кеткен жебечени же Ылдый кеткен жебечени басыңыз. Тасма ачылганча, менюдан каналдын аталышын, тасманын аталышын көрсөңүз болот. Башка каналга которуш үчүн Өйдө кеткен жебечени же Ылдый кеткен жебечени басыңыз же тасма ачылганча күтө туруңуз.

 Каналдын менюсун колдонуу

Телеберүүнү көрүп жатканда каналдын менюсуна барыш үчүн Оңго кеткен жебечени басыңыз.

Менюда каналдын, учурда көрсөтүлүп жаткан тасманын жана алдыда боло турган тасмалардын аталыштарынан тышкары, Башынан ойнотуу жана Субтитр менен ойнотуу деген эки функция бар. Өйдө кеткен жебечени же Ылдый кеткен жебечелерди колдонуп, каалаган функцияны тандаңыз. Анан OK дегенди басыңыз.

  • Башынан ойнотуу. Ушул баскычты басып, Видеоархивден кайсы бир тасманы көрүңүз. Ал жерден тасманы башынан көрө аласыз, токтото аласыз, артка же алдыга түрдүрө аласыз.

  • Субтитр менен ойнотуу. Ушул баскычты басып, тандаган тасмаңызды субтитр менен көрүңүз. Эфирдеги же Видеоархивдеги бардык тасмалардын субтитрлерин (эгер бар болсо) көрүш үчүн да Субтитр менен ойнотуу дегенди басыңыз. Субтитрлерди алып салыш үчүн кайра менюга барып, Субтитри жок ойнотуу дегенди басыңыз. (Эске алчу нерсе: Бул функция тасманын субтитри болгондо гана иштейт.)

Каналдын менюсун жабыш үчүн Солго кеткен жебечени же Оңго кеткен жебечени же Артка дегенди басыңыз.