Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

JW ТЕЛЕБЕРҮҮСҮ

Roku плейеринен аудиожаздырууларды угуу

Roku плейеринен аудиожаздырууларды угуу

Аудио деген куржунда бир нече аудио топтом (музыка, драма, Ыйык Китептен үзүндүлөр) камтылат.

(Эске алчу нерсе: Ушул бөлүктө камтылган көрсөтмөлөр Roku 3түн пультун колдонууга да тиешелүү. Пультуңуз кичине айырмаланышы мүмкүн.)

Кандай аудиожаздыруулар бар экенин көрүү үчүн JW телеберүүсүнүн башкы бетиндеги Аудио дегенди басыңыз. Аларды тандоо жана угуу үчүн төмөнкү көрсөтмөлөргө карманыңыз.

 Аудиожаздырууну угуу

Roku плейериңиздин пультундагы жебечелерди басып, каалаган аудиожаздырууну тандаңыз. Кошумча маалымат дегенди бассаңыз, тандаган жаздыруунун аталышын жана анын канча убакытка созуларын көрө аласыз.

  • Өйдө же Ылдый кеткен жебечелерди басып, каалаган топтомду тандасаңыз болот. Топтомдун аталышы аудиожаздыруулардын жогору жагына жазылат.

  • Оңго же Солго кеткен жебечелерди басып, топтомдун ичиндеги каалаган аудиожаздырууну тандасаңыз болот.

Жардам. Оң тараптын жогору жагында томтомдо канча аудиожаздыруу бар экени жана учурда кайсынысы тандалып турганы көрсөтүлөт.

Аудиожаздырууну тандаш үчүн жана Аудиожаздыруу жөнүндө кошумча маалымат алыш үчүн OK дегенди басыңыз. Анан төмөнкүлөрдү кылыңыз:

  • Ойнотуу. Аудиожаздырууну башынан угуу үчүн ушул баскычты басыңыз.

  • Тыным .Аудиожаздырууну токтотуу үчүн ушул баскычты басыңыз.

  • Улантуу. Аудиожаздырууну кайра улантуу ушул баскычты басыңыз.

    Эске алчу нерсе: Аудиожаздыруу жөнүндө кошумча маалымат дегендин ичинде жүргөнүңүздө система сиздин аудиожаздыруунун кайсы жерин угуп жатканыңызды эстеп турат. Ал жерден чыкканыңыздан кийин маалымат сакталбай калат.

  • Топтомдогу аудиожаздыруулардын баарын ойнотуу. Экранда көрсөтүлгөн аудиожаздыруудан тартып тандалган топтомдогу аудиожаздыруулардын баарын уксаңыз болот.

    Эске алчу нерсе: Топтомдогу аудиожаздыруулардын баары коюлуп бүткөндөн кийин токтойт.

 Аудиожаздыруулардын топтомун угуу

Бир аудиожаздырууну же топтомдогу аудиожаздыруулардын баарын уксаңыз болот. Муну кылуунун ар кандай жолдору төмөндө көрсөтүлдү.

  • Топтомдогу аудиожаздыруулардын баарын ойнотуу. Аудио куржунунан уккуңуз келген топтомго барып, Топтомдогу аудиожаздыруулардын баарын ойнотуу дегенди басыңыз.

  • Биринчи топтомдон баштап баарын угуу үчүн Баарын ойнотуу дегенди басыңыз.

  • Аралаш ойнотуу. Аралаштырып угуунун кааласаңыз, ушул баскычты басыңыз.

Эске алчу нерсе: Топтомдогу аудиожаздыруулардын баары коюлуп бүткөндөн кийин токтойт.

 Аудиожаздырууну угууда баскычтарды жөндөө

Аудиожаздыруулар уктурулуп жатканда Roku плейериңиздин пультун төмөндөгүдөй колдонсоңуз болот:

  • Тыным. Аудиожаздырууну токтотуу үчүн ушул баскычты басыңыз. Улантуу үчүн ошол эле баскычты кайра басыңыз.

  • Батыраак угуу. Аудиожаздырууну бир нече секундага алдыга түрдүрсөңүз болот.

  • Артка түрдүрүү. Аудиожаздырууну бир нече секундага артка түрдүрсөңүз болот.

    Жардам. Аудиожаздырууну канчалык түрдүргөнүңүздү сүрөттүн алдындагы көрсөткүчтү карап билсеңиз болот.

  • Оңго кеткен жебече. Топтомдогу кийинки аудиого же Аралаш ойнотуу деген басылып турса, кийинки аудиого койсоңуз болот.

  • Солго кеткен жебече. Топтомдогу мурунку аудиого же Аралаш ойнотуу деген басылып турса, мурунку аудиого койсоңуз болот.

  • Артка. Ушуну бассаңыз, Аудио куржун көрүнгөн жерге барасыз.