Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

JW ТЕЛЕБЕРҮҮСҮ

TV.JW.ORG эфирин көрүңүз

TV.JW.ORG эфирин көрүңүз

tv.jw.org телеберүүсүндөгү Эфирде деген куржун кадимки телеберүүлөргө окшош. Анын ичиндеги берүүлөр алдын ала белгиленген убакытта көрсөтүлөт. Учурда болуп жаткан телеберүүнү көрүү үчүн кайсы бир каналды тандаңыз. Эгер программанын белгилүү бир бөлүгүн көргүңүз келсе, тактап айтканда, кайсы бир тасманы башынан көрүүнү, токтотууну, алдыга же артка түрдүрүүнү кааласаңыз, Видеоархив деген куржунга кириңиз.

Эфирдеги берүүлөрдү көрүш үчүн төмөндөгү бир нече бөлүктөн турган көрсөтмөлөргө карманыңыз.

 Каналды компьютерден көрүү

Эфирде деген куржунга кирсеңиз, жөндөлүп коюлган канал тарта баштайт да, кезектеги тасма көрсөтүлө баштайт.

  • Тасманы бүт экранга чоңойтуп көргүңүз келсе, чычкандын көрсөткүчүн тасмага коюп, Толук экран деген белгини басыңыз.

  • Ал эми экранды кайра кичирейткиңиз келсе, компьютердин клавиатурасындагы Esc деген баскычты басыңыз же чычкандын көрсөткүчүн тасмага коюп, Баштапкы экран деген белгини басыңыз.

  • Тасманын сапатын жөндөш үчүн ажыраткычтардын бирин тандаңыз. Ан үчүн чычкандын көрсөткүчүн адегенде тасмага коюңуз, анан Тасманы жөндөө деген белгиге коюп, каалаган ажыраткычыңызды тандаңыз. (Эске алчу нерсе: Бул өзгөчөлүк бардык эле браузерлерде боло бербейт.)

    Эске алчу нерсе: Ажыраткычтын саны канчалык жогору болсо, тасманын сапаты ошончолук жакшы болот. Тасманы жакшыраак сапатта көрүү Интернеттин тезирээк иштешин талап кылат. Андыктан ажыраткычты Интернеттин ылдамдыгына жана электрондук каражатыңыздын экранына жараша тандаңыз. (Көбүрөөк маалымат алуу үчүн «Компьютердин же электрондук каражаттын жөндөөлөрүн өзгөртүү» дегенди караңыз.)

  • Үндү кичирейтиш же чоңойтуш үчүн чычкандын көрсөткүчүн адегенде тасмага коюңуз, анан Үн деген белгини басыңыз. Сызыкчасын өйдө же ылдый жылдырып, каалагандай коюп алыңыз.

Көрсөтүлүп жаткан тасманы башынан көрүү үчүн Эфирде деген куржундагы Башынан ойнотуу деген жерин басыңыз. Ошондо аны Видеоархив деген куржундан таба аласыз.

Жардам. Эфирде деген куржунга киргенде өзүңүзгө жаккан канал дайыма биринчи турушун кааласаңыз, Жеке жөндөө деген белгини басып, ошол каналды тандап алыңыз.

Кайсы бир каналды башкага которбой бир топ убакыттан бери көрүп жатсаңыз, телеберүү токтоп: «Дагы эле көрүп жатасызбы?» — деген суроо чыгат. Себеби ар бир тасманы онлайн көргөнгө акча кетет. Андыктан телеберүүнү эч ким көрбөсө, аны көрсөтө берүүнүн зарылдыгы жок. Ал эми дагы эле көрүп жатсаңыз, телеберүү улантылышы үчүн, ОК дегенди басыңыз.

 Каналды мобилдик каражаттан көрүү

Эске алчу нерсе: Мобилдик каражаттардын жөндөөлөрү алардын экранынын чоң-кичинесине, иштетүү системине жараша болот. Ошол айырмачылыктар төмөндөгү көрсөтмөлөрдө камтылат.

Планшет сыяктуу чоңураак мобилдик каражаттарда Эфирде дегенди бассаңыз, жөндөлүп коюлган канал көрсөтөт.

Смартфон сыяктуу кичирээк мобилдик каражаттарда Меню дегенге кириңиз. Анан жөндөлүп коюлган каналды көрүш үчүн Эфирде дегенге кириңиз же Эфирде дегендин оң жагындагы Ылдый кеткен жебечени басып, каалаган каналды тандаңыз.

Тасманы көрүш үчүн Ойнотуу дегенди басыңыз.

  • Тасманы толук экранда көрүш үчүн экранды эки жолу басыңыз же бир жолу басып, Толук экран деген белгини басыңыз.

    Эске алчу нерсе: Толук экран коюлганда тасманы жөндөгөн баскычтар (тыным, ойнотуу, алдыга же артка түрдүрүү) көрүнүшү мүмкүн, бирок иштебейт.

  • iOS. Толук экранды кичирейтиш үчүн экранды басып, Баштапкы экран деген белгини же Done дегенди басыңыз.

    Android. Толук экранды кичирейтиш үчүн экранды, анан Артка дегенди басыңыз.

    Windows Mobile. Толук экранды кичирейтиш үчүн Артка дегенди басыңыз.

  • Тасманын сапатын жөндөш үчүн экранды басып, Тасманы жөндөө деген белгини басыңыз. Анан каалаган ажыраткычыңызды тандаңыз. (Эске алчу нерсе: бул өзгөчөлүк бардык эле мобилдик каражаттарда боло бербейт.)

    Эске алчу нерсе: Ажыраткычтын саны канчалык жогору болсо, тасманын сапаты ошончолук жакшы болот. Тасманы жакшыраак сапатта көрүү Интернеттин тезирээк иштешин талап кылат. Андыктан ажыраткычты Интернеттин ылдамдыгына жана электрондук каражатыңыздын экранына жараша тандаңыз. (Көбүрөөк маалымат алуу үчүн «Компьютердин же электрондук каражаттын жөндөөлөрүн өзгөртүү» дегенди караңыз.)

Көрүп жаткан тасмадан кийин эмне болорун билиш үчүн Каналдын программасы дегенди басыңыз. Кичирээк мобилдик каражаттарда экранды өйдө көздөй жылдыруу керек.

Көрсөтүлүп жаткан тасманы башынан көрүү үчүн Эфирде деген куржундагы Башынан ойнотуу деген жерин басыңыз. Ошондо аны Видеоархив деген куржундан таба аласыз.

Жардам. Эфирде деген куржунга киргенде өзүңүзгө жаккан канал дайыма биринчи турушун кааласаңыз, Жөндөө деген белгини басып, ошол каналды тандап алыңыз.

 Компьютерден же планшеттен каналды тандоо

Тасманы баштапкы экрандан көргөндө алды жагында бүт каналдардын тизмеси көрүнүп турат. Каналды тандаш үчүн ошол каналдын аталышы жазылган жерди басыңыз.

Компьютерде же планшетте каналдар экрандын астында узатасынан жайгашкан. Көрсөтүлүп жаткан каналдын үстү жагы көк сызык менен белгиленип турат.

Дагы башка каналдарды көрүш үчүн Солго кеткен жебечени же Оңго кеткен жебечени басыңыз. Анан каалаган каналыңызды тандап, аталышы жазылган жерди басыңыз.

Компьютерден тандаган каналыңыздагы тасма дароо көрсөтүлө баштайт. Ал эми iOS жана Android каражаттарында тасманы көрүш үчүн Ойнотуу деген баскычты басышыңыз керек.

 Смартфондон каналды тандоо

Тасманы баштапкы экрандан көргөндө алды жагында бүт каналдардын тизмеси көрүнүп турат. Каналды тандаш үчүн ошол каналдын аталышы жазылган жерди басыңыз.

Смартфон сыяктуу экраны тик мобилдик каражаттарда каналдар тигинен тизилип турат. Көрсөтүлүп жаткан каналдын үстү жагы көк сызык менен белгиленип турат. Кайсы канал көрсөтүлүп жатканын көрүш үчүн оң жактагы Ылдый кеткен жебечени басыңыз. Андан кийин эмне болорун, канча убакытка созуларын жана качан башталарын көрүш үчүн экранды өйдө көздөй жылдырыңыз.

Каналдагы берүүлөрдүн тизмесин жабыш үчүн Өйдө кеткен жебечени басыңыз.

Каналды тандаш үчүн аталышы жазылган жерин басыңыз. Анан ошол каналдан көрсөтүлүп жаткан тасманы көрүш үчүн Ойнотуу дегенди басыңыз.

 Каналдын программасын кароо

Компьютерден же планшеттен каналдын программасын баштапкы экрандан эле көрүүгө болот. Ал эми смартфон сыяктуу кичирээк мобилдик каражатты колдонсоңуз, «Смартфондон каналды тандоо» деген бөлүмчөнү караңыз.

Каналдын программасын басып, каналдардын тизмесин жана аларда эмнелер көрсөтүлөрүн карасаңыз болот.

Каналдар тилке-тилке болуп бөлүнгөн. Көрсөтүлүп жаткан тасма тилкенин эң үстү жагында жайгашкан. Андан кийин эмне болору, канча убакытка созулары жана качан башталары төмөн жагында көрсөтүлөт.

Каналдардын тизмесин көрүш үчүн Солго кеткен жебечени же Оңго кеткен жебечени басыңыз. Каналдын программасынан чыгыш үчүн тандаган каналыңызды басыңыз.

Эске алчу нерсе: Каналдын программасында берүүнүн башталар убактысы көрсөтүлгөн. Ал убакыт сиз жашаган убакыт алкагына ылайык, тактап айтканда, сиз колдонгон компьютердеги же электрондук каражаттагы жөндөлгөн убакыт алкагына ылайык коюлган. Бул телеберүүнү көргөндөрдүн бир эле каналдагы тасманы ар кайсы маалда көрөрүн билдирет. Мисалы, сиз кайсы бир каналдагы тасманы 19:00дө көрсөңүз, сиз жашаган жердин чыгышындагы убакыт алкагында жашаган киши ошол эле тасманы өзү жашаган жердеги саат боюнча 19:00дө көрөт. Бирок сизден бир саат мурунураак көргөн болот. Ал эми сиз жашаган жердин батышындагы убакыт алкагында жашаган киши ошол эле тасманы өзү жашаган жердеги саат боюнча 19:00дө сизден бир саат кечирээк көргөн болот.

Каналдын программасынан чыгып, көрсөтүлүп жаткан тасманы кайра көрүш үчүн Каналдын программасы дегенди басыңыз.