Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

JW ТЕЛЕБЕРҮҮСҮ

TV.JW.ORG видеоархивин көрүңүз

TV.JW.ORG видеоархивин көрүңүз

Видеоархивдеги тасмаларды каалаган учурда көрө аласыз. Аларды токтотуп, артка же алдыга түрдүрө аласыз. Ошондой эле бир эле тасманы же бардыгын биринин артынан бирин көрсө болот. Видеоархив деген куржунду бассаңыз, ичинде ар кандай бөлүктөр бар экенин көрөсүз. Тасмаларды көрүш үчүн эки бөлүктөн турган төмөндөгү көрсөтмөгө карманыңыз.

 Тасманы табуу жана көрүү

Видеоархив деген куржунга киргенде тасмаларды камтыган бөлүктөр чыгат. Ар бөлүктүн өзүнүн сүрөтү, аталышы бар. Айрым тасмалар бир нече бөлүктөргө салынган. Мисалы, «Адашкан уулдун кайтып келиши» деген тасманы «Үй-бүлө», «Өспүрүмдөр», «Тасмалар» деген бөлүктөрдөн табууга болот.

Бөлүктөрдүн баарын көрүш үчүн экранды ылдый жылдырыңыз.

Бөлүктү тандаш үчүн сүрөтүн же аталышын басыңыз. Ошондо бөлүктүн сүрөтү чоң болуп чыгып, аталышы жана бөлүк тууралуу кыскача маалымат жазылат. Чоң сүрөттүн астына тасмалардын топтому чыгат.

Компьютер же планшет. Топтомдо кандай тасмалар бар экенин көрүш үчүн Солго кеткен жебечени же Оңго кеткен жебечени басыңыз.

Смартфон. Бөлүккө киргенде кезектеги биринчи турган тасма көрүнөт. Башкаларын көрүш үчүн Башкаларын да ойнотуу дегенди басыңыз.

Тасманы тандаш үчүн анын сүрөтүн же аталышын басыңыз. Экранга чыккан сүрөттүн алдында тасманын аталышы, ал тууралуу кыскача маалымат жана канча убакытка созулары жазылат.

Тасманы көрүү үчүн Ойнотуу дегенди басыңыз. (Эске алчу нерсе: iOS жана Android мобилдик каражаттарында тасманы көрүү үчүн Ойнотуу деген белгини да басыңыз.)

Тасманы компьютериңизге же мобилдик каражатыңызга жүктөп алууну кааласаңыз, Жүктөп алуу дегенди басыңыз. (Эске алчу нерсе: Кээ бир мобилдик каражаттарда тасманы жүктөө үчүн кошумча программалар орнотулушу керек.) Өзүңүз каалаган ажыраткычты басып, тандаган тасманы жүктөп алыңыз.

Эгер кайсы бир тасманы көрүп жатып, бир жеринен токтосоңуз, токтогон жерден улантыш үчүн Улантуу деген белгини басыңыз. Тасманы башынан көргүңүз келсе, Башынан ойнотуу дегенди басыңыз.

Жардам. Бөлүктөгү тасмаларды бир-бирден басып отурбай, катары менен көргүңүз келсе, тасмалардын топтомунун аталышынын астындагы Баарын ойнотуу дегенди басыңыз.

  • Эске алчу нерсе: Бөлүктөгү тасмалардын баары көрсөтүлүп бүткөндөн кийин өзү эле токтоп калат.

  • Баарын ойнотуу дегенди басып, көрүп жаткан учурда мурунку тасманы көрүш үчүн Артка секиртүү деген белгини басыңыз.

  • Баарын ойнотуу дегенди басып, көрүп жаткан учурда кийинки тасманы көрүш үчүн Алдыга секиртүү деген белгини басыңыз.

 Тасманы көрүүдө баскычтарды жөндөө

Видеоархив деген куржундагы тасмаларды төмөндөгүдөй жөндөп алсаңыз болот.

  • Компьютер. Экранды чоңойтуш үчүн чычкандын көрсөткүчүн тасмага коюп, Толук экран деген белгини басыңыз.

    Планшет же смартфон. Экранды чоңойтуш үчүн тасманы бир жолу басып, Толук экран деген белгини басыңыз.

  • Компьютер. Экранды кичирейтиш үчүн компьютердин клавиатурасындагы Esc деген баскычты басыңыз же чычкандын көрсөткүчүн тасмага коюп, Баштапкы экран деген белгини басыңыз.

    iOS. Экранды кичирейтиш үчүн тасманы бир жолу басып, Баштапкы экран деген белгини басыңыз.

    Android. Экранды кичирейтиш үчүн тасманы бир жолу басып, Баштапкы экран деген белгини басыңыз. Androidдин айрым эски версияларында тасмалар толук экрандан эле көрсөтүлөт.

    Windows Mobile. Экранды кичирейтиш үчүн каражатыңыздын Артка деген белгини басыңыз.

  • Тасманы токтотуу үчүн Тыным деген белгини басыңыз.

  • Кайра улантыш үчүн Ойнотуу дегенди басыңыз.

  • Тасманын ар кайсы жерин көрүш үчүн артка же алдыга түрдүрө турган белгини жылдырыңыз.

  • Компьютер. Тасманын сапатын жөндөш үчүн ажыраткычтардын бирин тандаңыз. Ан үчүн чычкандын көрсөткүчүн адегенде тасмага коюңуз, анан Тасманы жөндөө деген белгиге коюп, каалаган ажыраткычыңызды тандаңыз. (Эске алчу нерсе: Бул өзгөчөлүк бардык эле браузерлерде боло бербейт.)

    Эске алчу нерсе: Ажыраткычтын саны канчалык жогору болсо, тасманын сапаты ошончолук жакшы болот. Тасманы жакшыраак сапатта көрүү Интернеттин тезирээк иштешин талап кылат. Андыктан ажыраткычты Интернеттин ылдамдыгына жана электрондук каражатыңыздын экранына жараша тандаңыз. (Көбүрөөк маалымат алуу үчүн «Компьютердин, планшеттин, смартфондун жөндөөлөрүн өзгөртүү» дегенди караңыз.)

    Планшет же смартфон. Тасманын сапатын жөндөш үчүн ажыраткычтардын бирин тандаңыз. Ан үчүн чычкандын көрсөткүчүн адегенде тасмага коюңуз, анан Тасманы жөндөө деген белгиге коюп, каалаган ажыраткычыңызды тандаңыз. (Эске алчу нерсе: Бул өзгөчөлүк бардык эле мобилдик видеоплейерлерде боло бербейт.)

  • Компьютер. Үндү кичирейтиш же чоңойтуш үчүн чычкандын көрсөткүчүн адегенде тасмага коюңуз, анан Үн деген белгини басыңыз. Сызыкчасын өйдө же ылдый жылдырып, каалагандай коюп алыңыз.

    Планшет же смартфон. Үндү кичирейтиш же чоңойтуш үчүн мобилдик каражатыңыздагы үндү жөндөгөн белгини колдонуңуз.