Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

JW ТЕЛЕБЕРҮҮСҮ

TV.JW.ORGдогу аудиожаздырууларды угуңуз

TV.JW.ORGдогу аудиожаздырууларды угуңуз

Аудио куржунунда бир нече аудиотоптом бар. Аудиотоптомдогу жаздыруулардын бирөөсүн же баарын уксаңыз болот.

Топтомдо кандай жаздыруулар бар экенин көрүш үчүн Аудио деген куржунду басыңыз. Жаздырууларды тандаш үчүн жана угуш үчүн төмөнкү эки көрсөтмөгө карманыңыз.

 Аудиожаздырууну же топтомдогу аудиожаздырууларды угуу

Ар бир топтомдун ичинде аудиожаздыруулар тизмеленген. Топтомдордун баарын көрүш үчүн экранды ылдый жылдырыңыз.

Компьютер же планшет. Топтомдо кандай аудиожаздыруулар бар экенин көрүш үчүн Солго кеткен жебечени же Оңго кеткен жебечени басыңыз.

Смартфон. Топтомго киргенде биринчи турган аудиожаздыруу көрүнөт. Башкаларын көрүш үчүн Башкаларын да ойнотуу дегенди басыңыз.

Уккуңуз келген аудиожаздыруунун сүрөтүн же аталышын басыңыз. Тандаган аудиожаздыруунун сүрөтү менен аталышы экрандын жогору жагына туруп калат.

Аудиожаздырууну угуш үчүн Ойнотуу дегенди басыңыз. (Эске алчу нерсе: iOS жана Android мобилдик каражаттарында аудиожаздырууну угуу үчүн Ойнотуу дегенди да басыңыз.)

  • Жардам. Топтомдогу аудиожаздырууларды бир-бирден басып отурбай, катары менен уккуңуз келсе, Баарын ойнотуу дегенди басыңыз.

  • Аудиожаздырууларды ирети менен уккуңуз келбесе, Аралаш ойнотуу дегенди басыңыз.

    Эске алчу нерсе: Топтомдогу аудиожаздыруулар аягына чыкканда өзү эле токтоп калат.

 Аудиожаздырууну угууда баскычтарды жөндөө

  • Аудиожаздырууну токтотуу үчүн Тыным дегенди басыңыз.

  • Кайра улантуу үчүн Ойнотуу дегенди басыңыз.

  • Аудиожаздыруунун ар кайсы жерин угуш үчүн артка же алдыга түрдүрө турган белгини жылдырыңыз.

  • Баарын ойнотуу же Аралаш ойнотуу дегенди басып угуп жаткан болсоңуз, топтомдогу мурунку жаздырууну угуш үчүн Артка секиртүү деген белгини басыңыз.

  • Баарын ойнотуу же Аралаш ойнотуу дегенди басып угуп жаткан болсоңуз, топтомдогу кийинки жаздырууну угуш үчүн Алдыга секиртүү деген белгини басыңыз.

  • Үндү кичирейтиш же чоңойтуш үчүн компьютериңиздеги же мобилдик каражатыңыздагы үндү жөндөгөн белгини колдонуңуз.