Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

JW телеберүүсү

JW телеберүүсү — Кудай менен болгон мамилени бекемдегенге жардам берген, үй-бүлө менен чогуу көрүүгө арналган онлайн телеберүү. Андан JW телеберүүсүнүн студиясында даярдалган программаларды жана jw.org сайтынан тандалып алынган тасмаларды көрө аласыз. Ан үчүн 24 саат бою иштеген Эфирдеги каналдардын бирин тандаңыз же каалаган маалда Видеоархивдеги топтомго кирип, өзүңүзгө жаккан тасманы көрүңүз. Ал эми ар кандай аудиожаздырууларды, музыкаларды, драмаларды, Ыйык Китептен үзүндүлөрдү уккуңуз келсе, Аудио деген бөлүккө кириңиз.

tv.jw.org дегенге кирип, телеберүүнү компьютериңизден, планшетиңизден же смартфонуңуздан онлайн көрө аласыз. Ал эми телевизордон көргүңүз келсе, Roku санарип плейерин колдонуңуз.

 

Эфирде

  • Ар бир каналдагы тасмалар 24 саат бою көрсөтүлөт. Алардын башталар убактысын программанын тизмесинен таба аласыз.

  • Каалаган каналыңызды, анын ичинде «Тандалган программалар», «Тасмалар», «Балдар», «Өспүрүмдөр», «Программалар жана окуялар» деген бөлүктөрдү көрүңүз.

  • Эмнелер болорун каналдын программасынан көрсөңүз болот.

 

Видеоархив

  • Ар бир бөлүктүн ичинде же бир тасма, же тасмалардын топтому камтылат.

  • Бөлүктөгү ар бир тасманы өзүнчө көрө аласыз же Баарын ойнотуу дегенди басып, тасмаларды биринин артынан бирин көрсөңүз болот.

  • Тасманы көрүп жатканда (тыным, ойнотуу, алдыга же артка түрдүрүү) деген жөндөөлөрдү колдонсоңуз болот.

Аудио

  • Бул куржунда бир нече аудио топтом (музыка, Ыйык Китептен үзүндүлөр жана башкалар) камтылат.

  • Ар бир аудиожаздырууну бөлүп уксаңыз болот. Ал эми топтомдогу аудиолордун баарын уккуңуз келсе, Баарын ойнотуу дегенди басыңыз.

  • Аралаштырып угуунун кааласаңыз, Аралаш ойнотуу дегенди басыңыз.

JW телеберүүсүнүн програмдык жабдыгы кайсы каражаттарда иштейт?

  • TV.JW.ORG. Интернетке туташкан компьютерлердин, планшеттердин, JavaScript бар смартфондордун көпчүлүгү бул телеберүүнү көрсөтөт. Эгер компьютериңиз же башка электрондук каражатыңыз jw.org сайтындагы тасмаларды көрсөтсө, tv.jw.org телеберүүсүн да көрсөтүшү керек.

  • Roku. Roku LT, Roku 1, Roku 2, Roku 3, флешка түрүндөгү Roku.

  • Google Chromecast. Тасманы Chrome браузерден телевизорго Chromecast каражаты аркылуу жиберсеңиз болот.