Мазмунун көрсөтүү

Cookie файлдарын жана ушу сыяктуу программаларды колдонуу боюнча бүткүл дүйнөлүк саясат

Cookie файлдарын жана ушу сыяктуу программаларды колдонуу боюнча бүткүл дүйнөлүк саясат

Башка көптөгөн сайттарга киргендей эле, бул веб-сайтка телефонуңуз, планшетиңиз же компьютериңиз аркылуу киргенде cookies, веб-маяктар жана башка ушу сыяктуу программалар аркылуу чакан маалымат кору сакталып калат. Бул Колдонуу саясатында «cookies» деген термин кеңири мааниде, анын ичинде localStorage деген сыяктуу башка программаларга карата да колдонулат. Cookie файлдары бул веб-сайттын иштеши жана колдонуучулардын веб-сайтыбызды кантип колдонуп жатканы тууралуу маалымат алганга өбөлгө түзөт. Биз ал маалыматты веб-сайтыбызды жакшыртуу үчүн колдонобуз. Эгер сайтыбызга кирген киши өз каалоосу менен веб-сайт аркылуу өтүнмө же арыз жөнөтүп, байланыш маалыматын бербесе, сайтка кирген ар бир кишини аныктоого аракет кылбайбыз.

Cookies. Cookie файлдарынын түрлүү функцияларды аткарган жана веб-сайтты жакшыраак колдонгонго өбөлгө түзгөн ар кандай түрлөрү бар. Биз веб-сайтка мурун кирген-кирбегениңизди аныкташ үчүн жана сиз тандаган жөндөөлөр сакталып калышы үчүн, cookie файлдарын колдонобуз. Мисалы, cookie файлдары тандаган тилиңизди эстеп калат. Кийин кайра киргениңизде сайт ошол тилде ачылышы үчүн, ошол маалыматты колдонобуз. Биз cookie файлдарын жарнамалоо үчүн колдонбойбуз.

Бул веб-сайтта колдонулган cookie файлдарын төмөнкү үч категорияга бөлсөк болот:

  1. Абдан зарыл болгон cookie файлдары. Сайттын айрым функцияларын колдонуш үчүн, мисалы, сайтка кириш үчүн же өтүнмө жөнөтүш үчүн бул файлдар абдан зарыл. Cookie файлдары жок болсо, колдонгуңуз келген, мисалы, тартуу кылуу сыяктуу онлайн кызматтарды колдоно албайсыз. Ошондой эле бул файлдар сиз браузерге кирген маалда сураган кызматтарды аткарышыбызга мүмкүндүк берет. Cookie файлдары сиз жөнүндөгү маалыматты соода-сатык максатында колдонуш үчүн чогултпайт жана Интернеттин кайсы жагында жүргөнүңүздү эстеп калбайт.

  2. Функцияларды иштете турган cookie файлдары. Бул файлдар веб-сайтка сиз тандаган нерселерди (мисалы, аты-жөнүңүздү, тандаган тилиңизди, кайсы жерден кирсеңиз, ошол жерди) эстеп калганга шарт түзөт жана веб-сайтты жакшыраак колдонууга өбөлгө түзгөн функцияларды сунуш кылат.

  3. Анализ жүргүзгөн cookie файлдары. Бул файлдар веб-сайтка киргендердин аны кантип колдонуп жатканы жөнүндө маалымат топтойт. Мисалы, канча киши киргенин, орто эсеп менен канчалык узак убакытка колдонгонун аныктайт. Мындай маалымат веб-сайттын иштешин жакшыртыш үчүн гана колдонулат.

Айрым cookie файлдары биринчи жактын файлдары болуп эсептелет. Алар биздин веб-сайт тарабынан орнотулат. Башкалары үчүнчү жактыкы. Алар башка домендер тарабынан орнотулат. Google reCAPTCHA менен байланышы бар үчүнчү жактын cookie файлдарын эске албаганда, биз биринчи жактын файлдарын гана колдонобуз. Google reCAPTCHA спамдар колдонуучулардан келип жатабы же робот-компьютерденби, аныктаганга жардам берет. Google сайтынын купуялуулук саясатын бул шилтемеден карап көрүңүз: https://www.google.com/intl/ru/policies/privacy/.

Веб-маяктар. Веб-сайтыбыздын барактары веб-маяктар деп белгилүү болгон кичинекей электрондук файлдарды камтышы мүмкүн. Алардын жардамы менен кылынган иш-аракеттер, мисалы, веб-сайттын кайсы бир барагына качан киргениңиз жазылып калат. Веб-маяктар бул сайттын кандай колдонулуп жана кандай иштеп жатканын аныктап, баа берип турганга шарт түзөт.

IP даректерди колдонуу. IP дарек — бул Интернеттен компьютериңизди аныктаганга жардам берген сан түрүндөгү код. Сайттын кантип колдонулуп жатканын анализдеш үчүн, сайттагы көйгөйлөрдү аныкташ үчүн жана сизге сунуштаган кызматтын сапатын жогорулатыш үчүн IP дарегиңизди жана сиз колдонгон браузерди колдонобуз. Бирок кошумча маалымат болбосо, IP дарегиңиз сизди аныктай албайт.

Тандооңуз. Сиз бул сайтка киргенде веб-браузериңизге cookie файлдарыбыз жөнөтүлөт жана компьютериңизге топтоло берет. Биздин веб-сайтты колдонгонуңуз cookie файлдарын жана башка ушу сыяктуу программаларды колдонууга макул экениңизди билдирет. Эгер аларды өчүргүңүз келсе, аны браузериңиздин жөндөөлөрүнөн кылсаңыз болот. Бирок cookie файлдарысыз веб-сайтыбыздын бардык мүмкүнчүлүктөрүн толук колдоно албай каларыңызды эсиңизге салгыбыз келет. Cookie файлдарын өчүрүү ар кайсы браузерде ар кандай болот. Буга байланыштуу көрсөтмөлөрдү веб-браузериңиздин «Жардам» деген жеринен көрсөңүз болот.