Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Купуялуулук жана “Cookies” файлдарын колдонуу

Купуялуулук жана “Cookies” файлдарын колдонуу

Жахабанын Күбөлөрүнүн уюму ар бир адамдын купуя маалыматынын сакталышына болгон укугун сыйлайт. Уюмдун купуя маалыматты кантип коргоору жөнүндө билгиңиз келсе, муну басыңыз.

Купуя маалыматтын корголушу Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмунун жеке маалыматты кантип колдонорун көрсөтүп турат. Мындан тышкары, бул сайтка тиешелүү атайын көрсөтмөлөр бар. Алар төмөндө көрсөтүлдү.

Бул веб-сайт бул бирикмеге таандык: Watchtower Bible and Tract Society of New York, Inc. (“Watchtower”). Коммерциялык максатты көздөбөгөн бул бирикме Жахабанын Күбөлөрүнүн Ыйык Китептин негизинде билим берүү ишин колдойт. Бул веб-сайтты тейлеген айрым серверлер Америка Кошмо Штаттарында жайгашкан.

Жеке маалымат

Сиз жиберген жеке маалымат сизге кандай максатта колдонулары айтылса, так ошол максатта эле колдонулат.

Биз сиздин жеке маалыматыңызды, кайсы бир кызматты аткарып берүү максатында сурабасаңыз эле, сизден башка эч кимге бербейбиз. Же кайсы бир мыйзамдын же эреженин негизинде же бийликтегилердин талабы боюнча же алдамчылыкка бөгөт коюу, коопсуздук чараларын көрүү же башка себептерден улам берүү зарыл болгон учурларда эле ал маалыматты сизге бере алабыз. Бул веб-сайтты колдонгонуңуз бизге жеке маалыматыңызды жогоруда айтылган максаттарда кимдир бирөөгө берүүгө бизге укук бергениңизди билдирет. Сиз жиберген ар бир жеке маалымат, кандай жагдай болбосун, сатылбайт, пайда көрүү максатында колдонулбайт, эч кимге берилбейт.

“Үчүнчү жак”. Кээде бул веб-сайтта үчүнчү жактын веб-сайттарына шилтемелер болот. Анткени биз алардын кызматын колдонобуз (мисалы, онлайн бланкаларды толтуруу). Үчүнчү жактын веб-сайтында жүргөнүңүздү веб-сайттын көрүнүшүнүн жана браузериңиздин дарек жазылган жеринин өзгөргөнүнөн билесиз. Үчүнчү жактын веб-сайтын тандаганда жана андан кийин да алардын купуялуулугун жана маалыматты коргоо чараларын текшеребиз. Анткени алардын купуялуулукка байланыштуу талаптары биздин талаптарыбызга жооп берер-бербесине ынангыбыз келет. Эгер үчүнчү жактын купуялуулукту сактаарына байланыштуу суроолоруңар болсо, алардын “Купуялуук” деген жерине кирип окуп көргүлө.

Коопсуздук

Биз сиздин жеке маалыматыңыздын коопсуздугуна олуттуу карайбыз. Жеке маалыматыңызды жөнөтүп жатканда аны атайын TLS деген сыяктуу код менен коргойбуз. Бизге жөнөтүлгөн маалыматтын коопсуздугун, купуялуулугун сакташ үчүн көптөр кире албаган компьютердик системаларды колдонубуз. Ал системалар түзмө-түз да, электрондук жолдор менен да корголот.

Аккаунттар

Бул веб-сайтка кириш үчүн аккаунт жаратып жатканда жазган электрондук почтаңыздын дарегин сиз менен байланышканда колдонобуз. Мисалы, колдонгон атыңызды же сыр белгиңизди унутуп койгондуктан аккаунтуңузга кире албай, жардам сурасаңыз, электрондук почтаңызга кат жөнөтүлөт.

Тартуулар

Биз акчаны онлайн тартуу кылгандардын аты-жөнүн, байланыш маалыматтарын чогултуп коёбуз. Тартууларды кредиттик карта аркылуу алыш үчүн дүйнөлүк коопсуздук стандарттарга жана купуялуулукту сактоого байланыштуу талаптарга жооп берген онлайн кызматтарын колдонобуз. Биз сиздин кредиттик картаңыздагы маалыматты, банк эсебиңиздин номурун жана онлайн кызматтарына жөнөткөн жеке маалыматыңызды сактабайбыз жана аларга кире албайбыз. Тартууну кабыл алган тарап акча которулганы жөнүндөгү маалыматты бери дегенде 10 жыл сактайт. Бул өз ичине тартуу кылынган күндү, акчанын суммасын, кандай жолдор менен тартуу кылынганын камтыйт. Бул бизге эсеп-кысап стандарттарына жооп берүүгө жана сиздин ошол убакыттын ичинде пайда болгон суроолоруңузга жооп бергенге шарт түзөт. Сизден дагы тартуу кылышыңызды суранып, байланышпайбыз.

Башка маалымат

Сиз жеке маалыматыңызды (мисалы, аты-жөнүңүздү, почтаңыздын дарегин жана телефон номуруңузду) тартуу кылуу же аккаунт ачуу максатында эле эмес, Ыйык Китепти изилдегиңиз келерин билдириш үчүн да жиберсеңиз болот. Биз аны чогултуп, сактап, өзүңүз суранган максатта эле колдонобуз. Зарылдыгы болбой калганда өчүрүп салабыз.

“Cookies” жана башка ушу сыяктуу технологиялар

Биздин веб-сайтыбызга киргениңизди программа автоматтык түрдө эстеп калат. Биз мындай маалыматты “cookies”, “web beacons” жана башка ушу сыяктуу файлдардын жардамы менен чогултабыз. Бул купуялуулуктагы мындай файлдар кеңири колдонулат жана “local storage” сыяктуу технологияларды өз ичине камтыйт.

Cookies. Башка көптөгөн сайтарга киргендей эле, бул веб-сайтка киргенде телефонуңузда, планшетиңизде же компьютериңизде “cookie” деп аталган чакан маалымат кору сакталып калат. “Cookies” файлынын ар кандай түрлөрү бар. Алар ар кандай функцияларды аткарат жана веб-сайтты жакшыраак колдонгонго өбөлгө түзөт. Веб-сайтты колдонгондо мурун кирген-кирбегениңизди жана өзүңүз тандаган жөндөөлөрдү эстеп калганын “cookies” аркылуу биле алабыз. Мисалы, “cookies” тандаган тилиңизди эстеп калат. Кийин кайра киргенде сайт ошол тилде ачылат. Бул “cookies” файлын жарнамалаганга жатпайт.

Бул веб-сайтта колдонулган “cookies” файлы төмөнкү үч категорияга бөлүнөт:

  1. Абдан зарыл “cookies”. Бул сайттын айрым өзгөчөлүктөрүн колдонгонго, мисалы, сайтка киргенге же маалымат жөнөткөнгө шарт түзөт. “Cookies” жок болсо, тартуу кылуу сыяктуу онлайн кызматын колдоно албайсыз. Ошондой эле бул бизге тармактык байланыш аркылуу сиз сураган кызматтарды аткарууга мүмкүндүк берет. Бул “cookies” файлдары сиз жөнүндөгү маалыматты соода-сатык максатында колдонуш үчүн чогултпайт жана Интернеттин кайсы жагында жүргөнүңүздү эстеп калбайт.

  2. Функционалдык “cookies”. Бул “cookies” файлдары веб-сайтка сиз тандаган нерселерди (мисалы, колдонгон атыңызды, тандаган тилиңизди, жайгашкан жериңизди) эстеп калганга шарт түзөт жана веб-сайтты жакшыраак колдонууга жардам берет.

  3. Аналитикалык “cookies”. Бул “cookies” файлдары кардарлардын веб-сайтты кантип колдонуп жатканы жөнүндө маалымат топтойт. Мисалы, канча кардар киргенин, сайтты орто эсеп менен канчалык узак убакытка колдонгонун аныктайт. Мындай маалымат веб-сайтты жакшыртканга жардам берет.

Айрым “cookies” файлдары биз тараптан орнотулат. Башкаларын башкалар орнотот. Биз өзүбүз орноткон “cookies” файлдарын гана колдонобуз. Кээде “Google reCAPTCHA” менен байланышы бар үчүнчү тараптын “cookies” файлдарын да колдонобуз. “Google reCAPTCHA” автоматтык түрдө келе берген каттардын колдонуучуларданбы же компьютерденби аныктаганга жардам берет. Google сайтынын купуялуулук жөнүндөгү маалыматын карап көрүңүз: http://https://www.google.com/intl/en/policies/privacy/.

Web Beacons. Веб-сайтыбыздын барактары “web beacons” деп белгилүү болгон кичинекей электрондук файлдарды камтышы мүмкүн. Алардын жардамы менен кылынган иш-аракеттер, мисалы, сайттын кайсы барагына киргениңер жазылып калат. “Web beacons” файлы бул сайттын канчалык колдонуларын, анын кандай иштеп жатканын текшерип турат.

IP даректерди колдонуу. IP дарек – бул Интернеттен компьютериңиздин атын көргөнгө жардам берген, сандардан турган код. Ушул сайтта пайда болгон көйгөйлөрдү аныкташ үчүн жана биз сизге сунуштаган кызматтын сапатын жогорулатыш үчүн сиздин IP дарегиңизди жана браузерлерди колдонобуз.

Тандооңуз. Браузерлердин көбү “cookies” файлдарын өчүрүп коюуга же алар электрондук каражатыңызга топуп калганга чейин берилген эскертүүлөрдү кабыл алууга өбөлгө түзөт. Муну кантип кылса болорун билиш үчүн браузердин көрсөтмөсүн карап көрүңүз. Эске алчу нерсе, “cookies” файлдары жок болсо, биздин веб-сайтыбыздын бардык мүмкүнчүлүктөрүн толук колдоно албай каласыз.

Активдүү сценарий же “JavaScript”

Сценарий сайттын иштешин жакшыртат. Мындай технологияны колдонуунун аркасында сайт маалымат издеген кардарга тез жооп берет. Сайт муну колдонуп, компьютериңизге эч кандай программа орнотпойт же сиз уруксат бербеген маалыматтарды чогултпайт.

Активдүү сценарий же “JavaScript” браузерде сайттын айрым бөлүктөрүн туура иштетиши керек. Браузерлердин көбү атайын бир сайттарда ушул өзгөчөлүктү же иштетет, же иштетпейт. Активдүү сценарийдин тандалган сайттардын өзгөчөлүктөрүн кантип иштетерин билиш үчүн барузердин “Жардам” деген жерин окуп көргүлө.

Укуктарыңыз

Бул сайтты колдонгонуңар үчүн, андан каалаган адабияттарыңарды, тасмаларды, аудиожаздырууларды жүктөп алганыңар үчүн акча алынбайт. Бул веб-сайтты колдонуу үчүн аккаунт ачуу, тартуу кылуу же жеке маалыматыңызды сураган кандайдыр бир иш-аракеттер талап кылынбайт. Анткен менен өз каалооңуз менен аккаунт ачууну, тартуу кылууну, Ыйык Китепти акысыз изилегиңиз келерин билдирүүнү же жеке маалыматыңызды талап кылган ушу сыяктуу иштерди кылгыңыз келсе, бул купуялуулукка жана “Cookies” файлдарына жеке маалыматыңызды колдонууга уруксат берген болосуз. Бул сиз суранган кызматты ишке ашыруу үчүн Америка Кошмо Штаттарында жайгашкан серверлерде маалыматыңыздын сакталышына, ар кайсы өлкөлөрдө иш алпарган Жахабанын Күбөлөрүн колдогон уюмдарга жана “Watchtower” бирикмесине маалыматыңызды топтоого, иштетүүгө, жөнөтүүгө макулдугуңузду бергениңизди билдирет. Маалыматыңыздын топтолушу бул веб-сайт менен болгон байланышыңызга жараша болот. Мисалы, Жахабанын Күбөлөрү колдонгон кайсы бир юридикалык жакка тартуу кылгыңыз келсе, сиз жөнүндөгү маалымат ошол юридикалык жакка берилет. Дагы бир мисал, эгер Ыйык Китепти изилдегиңиз келерин билдирсеңиз, өтүнүчүңүз орундалышы үчүн, аты-жөнүңүз, сиз менен кантип байланышса болору Жахабанын Күбөлөрүнүн тийиштүү филиалына жөнөтүлөт.

Аккаунт ачуу, тартуу кылуу, веб-сайтты колдонуудан пайда алуу үчүн талап кылынган жеке маалыматыңызды бербесеңиз, сиздин өтүнүчүңүздү аткара албай калабыз.

Эгер купуялуулукка жана “Cookies” файлдарын колдонууга байланыштуу өзгөрүүлөр болуп калса, кандай маалымат чогултуп жатканыбызды, аларды кантип колдонуп жатканыбызды билишиңиз үчүн, бул баракка ал өзгөрүүлөрдү жазып турабыз.

Жеке маалыматыңызды колдонууга байланыштуу мыйзам чегиндеги кошумча укуктарыңыз бар. Бул өз ичине ушул сайт аркылуу жөнөткөн жеке маалыматыңызга кирүүнү, аны оңдоону, өчүрүүнү камтыйт. Эгер ушундай тартип сиз жашаган өлкөдө бар болсо, байланыштуу маалыматын ушул жерден таба аласыз. here Тартуу кылууга байланыштуу жеке маалыматыңызды сурагыңыз келсе, тартууну кабыл алган тарап менен байланышыңыз.