Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Юридикалык эскертүүлөр

Юридикалык эскертүүлөр

Автордук укук

© 2015 Watch Tower Bible and Tract Society of Pennsylvania, Inc. Бардык укуктар корголгон.

Бул веб-сайтты чыгарган жана тейлеп турган уюм — Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Watchtower Bible and Tract Society of New York, Inc.). Башка булактан алынганы көрсөтүлбөсө, сайттагы тексттер жана башка маалымат ушул коомдун интеллект менчиги болуп эсептелет.

Соода маркалары

Adobe, Adobe логотиби, Acrobat жана Acrobat логотиби Adobe Systems Incorporated компаниясынын соода маркалары болуп эсептелет. Ал эми iTunes жана iPod — Apple Inc. компаниясынын соода маркалары. Булардан башка катталган соода маркалардын баары кайсы компанияга таандык болсо, ошонун менчиги болуп саналат.

«Колдонуу шарттары» жана сайтты колдонуу боюнча укук

Бул жердеги «Колдонуу шарттары» сизди бул веб-сайтты колдонууга байланыштуу эрежелерге карманууга милдеттендирет. Веб-сайтты колдонуп жатканыңыз «Колдонуу шарттарына» макул экениңизди билдирет. Эгер «Колдонуу шарттарына» же анын кайсы бир талабына макул болбосоңуз, анда бул сайтты колдонбошуңуз керек.

Веб-сайтты тийиштүү түрдө колдонуу өзүнө эмнелерди камтыйт? Бул веб-сайттагы укуктары корголгон электрондук адабияттарды, музыканы, сүрөттөрдү, тексттерди жана видеолорду (мындан ары «Материалдар» делет) көрсөңүз, уксаңыз, жүктөп алсаңыз жана кагазга чыгарып алсаңыз болот. Ал Материалдарды коммерциялык максатта эмес, өзүңүз үчүн гана колдонушуңуз керек. Сизден төмөндөгү жана «Колдонуу шарттарында» жазылган дагы башка талаптарды аткаруу күтүлөт. Буларды кылууга тыюу салынат:

  • Бул веб-сайттагы Материалдарды Интернетке (башка сайттарга, файл алмашуу кызматтарына же социалдык тармактарга) салууга;

  • Бул веб-сайттагы Материалдарды кайсы бир програмдык жабдыктын өзүн же кайсы бир бөлүгүн колдонуп кайрадан жарыя кылууга;

  • Бул веб-сайттагы Материалдарды коммерциялык максатта же акча табуу максатында (атүгүл эч кандай пайда түшпөсө да) кайрадан чыгарууга, көбөйтүүгө, көчүрүүгө же дагы башка ушу сыяктуу нерселерди кылууга, ошондой эле ушул веб-сайтка негизделген, туташтырылган же дареги шилтеме кылынган (активдүү же активдүү эмес) компьютердик колдонмолорду таратууга;

  • Бул сайтка баштапкы кодду, жөндөөлөрдү жаратуу жана таратуу максатында же ушул сайттагы же ага тиешелүү системалаштырылган же автоматташтырылган маалымат жыйындысын тейлеген кандайдыр бир ыкмаларды колдонууга (анын ичинде маалыматты изилдөөгө, алууга, чогултууга, анализдөөгө);

  • Сайтты же андагы кызматтарды туура эмес колдонууга, мисалы, сайттын иштешине тоскоолдук кылууга же сайтка «Колдонуу шарттарына» каршы келген башка ыкмаларды колдонуп кирүүгө;

  • Сайтты анын иштешин бузгудай же бузушу мүмкүн болгудай, ага кирүүгө бөгөт коё тургандай кылып колдонууга, мыйзамга каршы келе тургандай, укукту бузгудай, алдоо жолу менен же кара ниеттик менен же атайылап зыян келтирүү максатында колдонууга;

  • Сайтты коммерциялык максатта колдонууга.

«Колдонуу шарттарынын» бузулушу

Күзөт мунарасы коомунун башка укуктары бузулбаса да, бул жердеги «Колдонуу шарттарынын» кайсы бирин кандайдыр бир жол менен бузсаңыз, Күзөт мунарасы коому сизди жоопко тартууга, мисалы, сизди сайтка кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууга, сайтка кирүүгө тыюу салууга, IP-дарегиңизди колдонуп, компьютериңиз аркылуу сайтка кирүүгө бөгөт коюуга, Интернет провайдериңиз менен байланышып, сизди сайтка кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратышын талап кылууга жана/же сизге каршы сот ишин козгоого укуктуу.

«Колдонуу шарттарынын» өзгөрүп турушу

Күзөт мунарасы коому мезгил-мезгили менен «Колдонуу шарттарын» жаңыртып турушу мүмкүн. Жаңыртылган «Колдонуу шарттары» сайтыбызга чыккан күндөн тартып күчүнө кирет. Алар тууралуу кабардар болуп туруш үчүн ушул бетке кирип, текшерип туруңуз.

Укукту колдонуу жана юрисдикция

Бул «Колдонуу шарттары» коллизиялык укук жөнүндөгү жоболор эске алынбастан, Нью-Йорк штатынын (АКШ) мыйзамдары менен жөнгө салынып, чечмеленүүгө тийиш. Бул «Колдонуу шарттарына» байланыштуу кандай доо болбосун, Нью-Йорк штатында юрисдикцияга ээ болгон штаттык же федералдык сотторго кайрылууга болот.

«Колдонуу шарттарынын» юридикалык күчү

Бул «Колдонуу шарттарынын» кайсы бири сот тарабынан юридикалык күчкө ээ эмес, жараксыз, мыйзамга ылайык келбейт же аткарылууга тийиш эмес деп табылса да, анын башка шарттары күчүн жоготпойт. Күзөт мунарасы коомунун «Колдонуу шарттарынын» кайсы бирин аткарууну талап кылбаганы андан баш тартканын же аны аткарууну талап кылуу укугунан баш тартканын билдирбейт.

Макулдашуулардын бардыгы

Бул «Колдонуу шарттары» сиздин бул сайтты колдонушуңузга байланыштуу Күзөт мунарасы коому менен сиздин ортоңуздагы бардык макулдашууларды камтыйт жана сиздин сайтыбызды колдонууга байланыштуу мурунку макулдашууларыңыздын баарын алмаштырат.