Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 9-ОКТЯБРЬ
ЖАҢЫ САЛЫНГАНДАР

JW телеберүүсү менен JW.ORG сайты бириктирилди

JW телеберүүсү менен JW.ORG сайты бириктирилди

JW телеберүүсү салынган сайт (tv.jw.org) менен jw.org веб-сайты бириктирилди.

jw.org сайтындагы «Адабияттар» деген куржун «Китепкана» деп өзгөртүлдү. Себеби бул куржунда эми көптөгөн аудиолор, видеолор камтылат. Видеотасмалардын баары, анын ичинде tv.jw.org сайтына гана чыгарылган видеолор да мындан кийин jw.org сайтындагы КИТЕПКАНА > ВИДЕОТАСМАЛАР дегендин ичине салынат.

Мындан ары tv.jw.org сайтында «Эфирде» деген куржун болбойт. Анын ордуна, видеолор камтылган ар бир бөлүктө (каналда) «Бул каналды үзбөй көрүү» деген функция болот. Видеолордун баарын аралаш ойнотуу үчүн ушул функцияны тандасаңар болот.

jw.org/ky сайтындагы «Видеотасмалар» деген бөлүктү карагыла.