Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 19-АВГУСТ
ЖАҢЫ САЛЫНГАНДАР

«Жаңы дүйнө котормосу» гуарани, кваньяма жана лаос тилдеринде жарык көрдү

«Жаңы дүйнө котормосу» гуарани, кваньяма жана лаос тилдеринде жарык көрдү

2019-жылдын 16-августунда Парагвайдын Асунсьон шаарында Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» гуарани тилинде жарык көрдү. Ошол эле күнү Намибиядагы Онгуэдива шаарында кваньяма жана Таиланддын Нонгкхай шаарында лаос тилдеринде Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» чыкты. «Жаңы дүйнө котормосу» толугу менен же жарым-жартылай которулган тилдердин саны 184кө жетти.