Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 9-СЕНТЯБРЬ
ЖАҢЫ САЛЫНГАНДАР

«Жаңы дүйнө котормосу» алты тилде жарык көрдү

«Жаңы дүйнө котормосу» алты тилде жарык көрдү

2019-жылдын 6-сентябрында Түштүк Африканын Йоханнесбург шаарында Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» венда тилинде, ал эми «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышы африкаанс жана коса тилдеринде жарык көрдү. Кийинки күнү Чех Республикасынын Острава шаарында «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышы чех жана словак тилдеринде чыкты. Ошондой эле «Жаңы дүйнө котормосу» түркмөн тилинде да жарык көрдү.

«Жаңы дүйнө котормосу» толугу менен же жарым-жартылай которулган тилдердин саны 184кө, анын ичинде 2013-жылдагы кайра каралган басылышы толугу менен которулган тилдердин саны 29га жетти.