2019-ЖЫЛ, 15-АВГУСТ
ПОЛЬША
Варшава, Польша. «Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган эл аралык жыйын (2019)
Күнү: 2019-жыл, 9—11-август
Өткөрүлгөн жери: «Легиа Варшава» шаардык стадиону жана «Торвар» стадиону, Варшава, Польша
Жыйын өткөн тилдер: англис, поляк
Катышкандардын жогорку саны: 32 069
Чөмүлгөндөрдүн жалпы саны: 190
Эл аралык делегаттардын саны: 6 892
Чакырылган филиалдар: Борбордук Европа, Венгрия, Грузия, Жапония, Корея, Кошмо Штаттар, Молдавия, Румыния, Украина, Финляндия, Франция, Чили, Эквадор
Жергиликтүү окуя: «Шератон Варшава Мокотув» төрт жылдыздуу мейманканасынын (жыйындын делегаттары токтогон мейманканалардын бири) башкы жетекчиси Камил Казмиркиевич мырза мындай деп жазган: «Силер менен кызматташуу абдан жеңил болду. Силерге окшогон сылык-сыпаа, жадырап-жайнап жүргөн коноктор дагы көбүрөөк келсе дейм. Силер бири-бириңерди чындап жакшы көрөт экенсиңер, чындап биримдүү да экенсиңер. Бул жыйынга ушунчалык жогорку деңгээлде даярданганыңарды көрүп, аябай таасирлендим».
«KL Team» компаниясынын — жыйындын делегаттарын ташыган автобустар компаниясынын — ээси Камил Лубанский мырза мындай деген: «Жахабанын Күбөлөрү менен иштеше баштаган күндөн тартып ортодо абдан жылуу маанай өкүм сүрүп жатканын сездим. Силер менен кызматташуу аябай жагымдуу болду. Силер иштин көзүн билген, абдан уюшулган уюм экенсиңер. Ушундай деңгээлдеги чоң жыйынды эң сонун даярдадыңар. Биздин компания өлкөбүздөгү жана башка Европа өлкөлөрүндөгү айтылуу уюмдардын, анын ичинде өкмөттүн аземдерин уюштуруу сыймыгына ээ болгон. Бирок ушунчалык уюшкандыкта иш кылган силердикиндей уюмдар чанда эле кездешет. Ток этер жерин айтканда, биздин айдоочулар менен башка кызматчылар Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө эң жакшы ойдо калышты. Келечекте силер менен дагы кызматташабыз деп үмүттөнөбүз».
Жергиликтүү бир туугандар делегаттарды жылуу тосуп жатышат
Жума күнү эртең менен жыйын өткөн имаратка кирип бараткан бир туугандар
Жыйын өткөн жайлардын бири «Легиа Варшава» шаардык стадионунун үстү жактан көрүнүшү
Жыйындын жума күнкү соңку баяндамасын айтып жаткан Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Геррит Лёш бир тууган
Ишемби күнү чөмүлгөндөрдүн үчөө
Программаны кунт коюп угуп жаткан бир туугандар
Жыйын өткөн имараттын сыртында улуттук кийимчен делегаттар сүрөткө түшүүдө
Жекшемби күнү атайын толук убакыт кызмат кылган кызматчылар жыйын өткөн жайдын аянтчасына чыгып, башкалар менен чогуу соңку ырды ырдап жатышат
Келген конокторго достук кечесинде ырдап берип жаткан кыздар
Достук кечеде поляк бийин бийлеп жаткан бир туугандар

