20-СЕНТЯБРЬ, 2022 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 24-НОЯБРЬ, 2025
ОРУСИЯ
ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ. БООРДОШТОРУБУЗ КЕСИЛИП КЕТТИ | Туруктуулуктун үзүрү
2025-жылы 21-ноябрда Воронеж шаарынын Левобережный райондук соту Алексей Антюхинди, Сергей Ваевди, Юрий Галканы, Валерий Гурскийди, Игорь Поповду, Виталий Нерушту, Степан Панкратовду a Евгений Соколовду, Михаил Веселовду жана Анатолий Ягуповду айыптуу деп тапты. Сергей менен Игорь 6 жылга шарттуу соттолушту. Алар азыр түрмөгө камалбайт. Евгенийден башкасы 6 жылга түрмөгө кесилди. Евгений болсо 7 жылга эркинен ажыратылды. Аларды сот залынан түз эле абакка алып кетишти.
Жагдайдын өрчүшү
2020-жыл, 13-июль
Воронеждеги жана анын тегерегиндеги аймактагы 100дөн ашык Жахабанын Күбөсүнүн үйү тинтилген. 40тан ашык ишенимдешибиз суракка алынган. Жогоруда аталган 10 бир тууганыбыз убактылуу кармоо жайына камалган
2020-жыл, 14, 15-июль
Он ишенимдешибиз тең тергөө камак жайына жөнөтүлгөн
2020-жыл, 3-август—18-сентябрь
Сергей Ваев, Игорь Попов жана Анатолий Ягупов тергөө камак жайынан бошотулуп, үй камагына алынышкан
2020-жыл, 1—3-декабрь
Алексей Антюхин, Юрий Галка, Валерий Гурский, Виталий Неруш, Евгений Соколов жана Михаил Веселов тергөө камак жайынан бошотулушкан. Сергей Ваев, Степан Панкратов, Игорь Попов жана Анатолий Ягупов үй камагынан бошотулушкан
2021-жыл, 13-декабрь
Сот отуруму башталган
Жеке маалымат
Орусиядагы ишенимдештерибиздин Жахабага таянып, туруктуулугунан жазбай келатканы бизге дем-күч берет (Жакып 1:4).

