Италия
Италияда нацисттер жана фашисттер тарабынан куугунтукталган Жахабанын Күбөлөрүн эскерүү үчүн эстелик ташы жасалды
Бүтүндөй Европада нацисттер тарабынан куугунтукка алынган Жахабанын Күбөлөрүнүн урматына уюштурулган азем Италиянын Триест шаарындагы «Рисьера-ди-Сан-Сабба» аттуу музейинде өттү.
Италиянын Жогорку соту Жахабанын Күбөлөрүнүн дарылоо ыкмаларын тандоо укугун коргоду
Жакында эл чыккан сот чечими ишенимдештерибиздин дарылоо ыкмаларын тандоого болгон укугун коргоду.
Италиядагы медициналык эки чоң конференцияга катышкан доктурлар кансыз дарылоо ыкмаларына кызыгышты
Медициналык адистердин эки конференциясында аларга кансыз дарылоого байланыштуу заманбап маалыматтар берилген. Андан тышкары, анестезиологдор менен хирургдар Жахабанын Күбөлөрүн дарылоодо топтогон тажрыйбасы менен бөлүшүшкөн.
Сицилиядагы сот Жахабанын Күбөсү болгон бейтаптардын укугу сыйланышы керектигин баса белгилеген чечим чыгарды
Сот бейтаптын негизги укуктарынын бирин, диний көз карашынан улам өз денесине байланыштуу чечимди өзү чыгарууга болгон укугун, бузганы үчүн доктурду күнөөлүү деп таап, Италиядагы сот системасында биринчи жолу кездешкен чечим чыгарды.
Падуя университетинде кансыз дарылоо ыкмасынын жетишкендиктери талкууланган өзгөчө конференция өттү
Мурда кан куюу зыянсыз деп эсептелип, оор операция жасала тургандардын же катуу ооругандардын өмүрүн сактап кала турган жалгыз дарылоо ыкмасы катары саналып келген. Бирок конференцияда чыгып сүйлөгөндөрдүн көбү бул көз карашка макул эместигин билдирди.

