Ольга Панюта Орусиянын түрмөсүндө 2023-жылдын февралынан бери отурат
Жахабанын Күбөлөрү ишеними үчүн түрмөдө отурган өлкөлөр
2026-жылдын январь айына чейинки маалыматка ылайык, дүйнө жүзү боюнча 269 Жахабанын Күбөсү ишеними үчүн түрмөдө отурат.
Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттын 18-беренесинде ар бир кишинин оюн билдиргенге, абийирине жараша иш кылганга жана каалаган динин тутканга укугу бар экени айтылат. Анткен менен айрым өлкөлөрдө Жахабанын Күбөлөрүнүн ушул укугу тебеленип келет. Ошол өлкөлөрдүн өкмөтү ишенген нерселерине ылайык иш кылган же абийири жол бербегендиктен аскер кызматын өтөөдөн баш тарткан Жахабанын Күбөлөрүнө катаал мамиле кылат. Атүгүл адилетсиз түрдө кесип да жиберет.
«Түрмөдө отурган боордошторуңарды, өзүңөр да алар менен түрмөдө отургандай, эсиңерден чыгарбагыла» (Еврейлерге 13:3).

