7-СЕНТЯБРЬ, 2023
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР
Кубанын батышын жана АКШнын түштүк-чыгышын бүлгүнгө учураткан «Идалия» куюну
2023-жылы 29-августта «Идалия» деп аталган тропикалык куюн Кубанын батышындагы Пинар-дель-Рио провинциясына катуу сокку урду. Тагыраак айтканда, катуу шамал болуп, жаан нөшөрлөп төктү. Шамал 3-категориядагы куюнга айланып, саатына 200 километрден ашуун ылдамдык менен сокту. 2023-жылы 30-августта «Идалия» куюну АКШнын Флорида штатындагы Мексика булуңунун түндүк жээгин, Китон-Бичти, бүлүндүрдү. Кийинчерээк «Идалия» куюну бир аз басаңдап, тропикалык шамалга айланды. Катуу соккон ал шамалга, чакалап төккөн жаанга куйрук улаш сел жүрдү. Кесепетинде Флориданын, Жоржиянын, Түндүк Каролинанын жана Түштүк Каролинанын басымдуу бөлүгү электр жарыгысыз калды.
Бир туугандарыбызга тийгизген таасири
Куба
Ишенимдештерибизден эч ким каза болгон жок
1 жарчы коопсуз жакка кетүүгө аргасыз болду
1 үй талкаланып калды
12 үй бир аз жабыркады
Кошмо Штаттар
Ишенимдештерибиздин баары аман-эсен
1 жарчы жеңил жаракат алды
1 297 жарчы коопсуз жакка көчүрүлдү
4 үй талкаланды
12 үйдүн бир топ жери талкаланды
61 үй бир аз жабыркады
1 Падышалык залынын бир топ жери бузулду
3 Падышалык залынын анча-мынча жери зыянга учурады
Жардам берүү иштери
Кубада да, Кошмо Штаттарда да жергиликтүү аксакалдар менен райондук көзөмөлчүлөр кырсык кыя өтпөгөн ишенимдештерине зарыл жардам көрсөтүп, Кудайга болгон ишенимин бекемдеп жатышат
Жахабанын «Идалия» куюнунан жабыркаган кызматчыларын мындан ары да колдой береринен кенедей да күмөн санабайбыз (Ышая 63:9).

