2017-ЖЫЛ, 2-ФЕВРАЛЬ
ЧИЛИ
Чилиде токой өрттөнүп жатат
Жахабанын Күбөлөрү Чилинин борборундагы жана түштүгүндөгү жарым миллион гектардан көп жерди жалмап кеткен чоң өрттөн жапа чеккен ишенимдештерине жана башкаларга жардам көрсөтүп жатышат. Жергиликтүү бийлик бул өлкөнүн тарыхында болгон эң чоң өрттөрдүн бири деп катталганын билдирди. Айрым жерлерде өрт эки жумадан ашык убакыттан бери уланууда.
Чилидеги Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалы билдиргендей, өрттүн айынан бир да Жахабанын Күбөсү каза болгон эмес жана жабыр тарткан эмес. Алардын айрымдарын өрт күчөп жаткан аймактан көчүрүп кетүү зарыл болгон. Алар ишенимдештериникине жайгаштырылган.
Жахабанын Күбөлөрүнүн беш үйү өрттөн жабыркаган. Филиал дагы кандай жардам көрсөтүү керектигин аныкташ үчүн Кырсык болгондо жардам берүү комитетин уюштурган.
Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы башкармалыгындагы Жетектөөчү Кеңеш бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишине тартуу кылынган каражаттан колдонуп, кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү ишин жетектейт.
Байланышуу:
Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000
Чили, Жейсон Рид, тел: +56-2-2428-2600

