Жогорку соттун имараты, Сантьяго, Чили

31-ДЕКАБРЬ, 2019
ЧИЛИ

Чилинин Жогорку соту бейтаптын укугун коргогон маанилүү чечим чыгарды

Чилинин Жогорку соту бейтаптын укугун коргогон маанилүү чечим чыгарды

2019-жылдын 13-декабрында Чилинин Жогорку соту диний көз карашынан улам кан куйдуруудан баш тарткан Жахабанын Күбөсүнүн укугун коргоп, төмөнкү баскычтагы соттун чечимин жокко чыгарды.

Бул сот ишине тиешеси бар ишенимдешибиздин аты-жөнү — Полония Риос. Ал кан куйдурбай турганын айткандыктан, доктурлар ага операция жасоодон бир нече жолу баш тартышкан. Ошол себептен Полония аны дарылоодон баш тарткан мамлекеттик ооруканага каршы доо-арыз менен тийиштүү сотко кайрылган. 2019-жылдын 6-августунда Сан-Мигелдеги аппеляциялык сот мамлекеттик оорукананы колдоп, ишенимдешибизге каршы чечим чыгарган.

Полония Риос соттун чечимин кармап турат, 13-декабрь, 2019

Бирок Полония Чилинин Жогорку сотуна кайрылууну чечкен. Бактыга жараша, ал Сот ишенимдешибиздин пайдасына чечим чыгарган. Жогорку соттун бул чечими диний көз карашынан улам дарылоонун айрым ыкмаларынан баш тарткан бейтаптардын укугун коргогон биринчи чечим болду. 25 жылдан ашуун убакыт бою ал Сот, эгер доктурлар бейтаптын өмүрүнө коркунуч тууларын айтса, бейтап алардын дарылоо ыкмасынан баш тарта албай турганын баса белгилеп келген.

Соттун чечиминде Полониянын «жашагысы келгендиктен жана ден соолугунун чың болушун каалагандыктан үч жылдан бери операцияны күтүп келатканы» айтылган. Ошондой эле мындай деп жазылган: «[Анын кан куйдуруудан баш тартканы] өзүм билемдикке жатпайт жана доктурлардын өз милдетин аткаруудан баш тартышына да себеп болбошу керек. Тескерисинче, бул анын диний көз карашын чагылдырып турат. Анын абийир эркиндиги, кадыр-баркы тебеленбеши керек. Анын үстүнө, кансыз дарылоо ийгиликтүү ишке ашырылары жөнүндөгү отчёттор бар болгондуктан, анын чечимин ого бетер сыйлашыбыз зарыл».

Биз Чилидеги сот майданында ушундай жеңишке жеткенибиз үчүн кубанып жатабыз (1 Корунттуктар 12:26).